Ким Кардашьянды Париждеги мейманканада беткапчандар тоноп кетишти

Эки кылмышкер америкалык реалити-шоу жылдызы Ким Кардашьянды Париждеги мейманканада тоноп, күрөөгө кармап турушкан.

Эки куралчан жана беткапчан кылмышкер полиция кийимин кийип алышып, Кардашьян ээлеген Париждеги мейманканасынын бөлмөсүнө кирип, аны күрөөгө кармап турушкан.

Окуя тууралуу анын жолдошу Канье Уест Нью-Йорктогу музыкалык фестивалда айткан. Сүйлөп жатып, ал көрүүчүлөрдөн кечирим сурап, тез арада кетүүсү керектигин билдирген.

Уест журналисттерге билдиргендей, жубайынын абалы жакшы, бирок психологиялык жактан кыйналып жаткандыгына кабатыр болгон.

Кылмышкерлер теле-диванын кымбат баалуу зер буюмдарын уурдап кетишкен. Ким Кардашьяндын кантип бошотулганы тууралуу да маалымат берилген эмес. Окуянын себептери такталууда.

Реалити-шоунун жылдызы эжеси жана апасы менен бирге Парижде боло турган мода жумалыгына келишкен эле.

Сентябрь айынын аягында эле, ал кол салуунун башкачараак түрүнө кабылган. Америкадагы мода жумалыгында украиналык журналист Виталий Сердюк анын жамбашын өпкөнгө аракет кылган. Эки жыл мурда ушундай эле окуя Париждеги мода жумалыгында болгон эле.

Ким Кардашьян «Кардашьяндын үй-бүлөсү» реалити-шоусу чыккандан кийин белгилүү боло баштаган.  

Бир канча жылдар аралыгында Ким Кардашьян «People» журналынын жыйынтыгы менен эң таасирдүү аялдардын жана «Forbes» журналынын жыйынтыгы менен дүйнөнүн 100 белгилүү адамдарынын катарына киргизилген. Анын жылдык кирешеси $51 миллионго бааланат.

Соавтор: Дарья Шушпанова