Кыргызстандык жана казакстандык «28 илмек» клубунун ыктыярчылары жүндөн түйүлгөн кийимдерди ара төрөлгөн наристелердин энелерине белек кылышты. Клубдун мүчөлөрүнүн айтымында, бул белек балдардын тезирээк торолуп кетишине көмөк көрсөтөт.

Бишкекте «28 илмек» кыргыз жана казак коомчулугу үчүнчү ирет жолугушуусун өткөрдү.
Бишкекте «28 илмек» кыргыз жана казак коомчулугу үчүнчү ирет жолугушуусун өткөрдү.

Кайрымдуулук клубунун мүчөлөрү 1-октябрь күнү Бишкектен жолугушту. Бул ыктыярчылардын үчүнчү ирет жолугушуусу.

Түйүлгөн кийимдерди «28 илмектин» катышуучулары Эне менен баланы коргоо улуттук борборуна алып барышып, салмагы өтө эле төмөн болгон балдарга жардам катары беришти.

3-1
Ыктыярчылар ара төрөлгөн балдарга кийимдин комплектилерин даярдашып, жаңы келип кошулгандарды да түйгөндү үйрөтүштү.

Жалпысынан 24 комплект чогулган, анын бир бөлүгү Төртүнчү төрөт үйүнүн жаңы төрөлгөн балдардын патологиясы бөлүмүнө жөнөтүлдү.

Калган кийимдер башка медициналык мекемелерге берилет.

Перинаталдык борбордогу наристе.
Перинаталдык борбордогу наристе.

Жүн байпак кийгизилген кичинекей буттар

Ыктыярчылар кыймылынын негиздөөчүсү — Карла Нур, казакстандык журналист. Кайрымдуулук кыймылын түзүү идеясы бейтапканадан репортаж жасагандан кийин пайда болгон.

Журналист ара төрөлгөн ымыркайлар жаткан реанимация бөлүмүнө барганда ымырайлардын кичинекей буттарына жүн байпак кийгизип коюшканын байкаган.

Реанимациялык бөлүмдөгү ара төрөлгөн ымыркай.
Реанимациялык бөлүмдөгү ара төрөлгөн ымыркай.

Дарыгерлердин түшүндүргөнүнө караганда, жүн булаларынын наристенин бутуна тийип турушу — бул тамандагы рефлектордук зоналарга табигый массаж кылуу.

Байпактар бутту жылытып тургандан тышкары ымыркайдын катуу уйкуга түшүп кетүүсүнүн алдын алып, баланын дем алууну унутуп калбоосун эскертип турат.

Эне баласын белекке токулган төшөнчү менен жаап койду.
Эне баласын белекке токулган төшөнчү менен жаап койду.

Кичинекей бейтаптар үчүн ооруканалардын бюджетинен түйүлгөн кийимдерди сатып алуу каралбаганын билген Карла Нур кайрымдуулук кыймылын негиздөөнү чечкен.

Клубдун аталышы «28 илмек» — ымыркайга ылайыктуу байпак түйүп берүү үчун ушунча илмек керектелет.

Түйүлгөн осьминог киндикке окшошуп наристени тынчтандырып турат
Түйүлгөн осьминог киндикке окшошуп наристени тынчтандырып турат

Түйүлгөн осьминог

Казакстандагы кайрымдуулук кыймылы кыргызстандык Бермет Токтогулованы да кызыктырып, ал ошондой эле клубду Бишкектен да ачууну чечкен.

«Бул клубдун Казакстанда пайда болгонуна төрт жыл болуптур, Украинада да бар экен. Клубдун мүчөлөрүн жалпы идея бириктирет — бул ара төрөлгөн балдарга көмөк көрсөтүүнү каалоо», — деди Бермет.

Түйүлгөн кийимдердин жылуулугу наристенин бардык күч кубатын өсүүгө жана организминин өнүгүүсүнө жумшоого шарт түзөт.
Түйүлгөн кийимдердин жылуулугу наристенин бардык күч кубатын өсүүгө жана организминин өнүгүүсүнө жумшоого шарт түзөт.

Ар бир катышуучунун клубга келүүсүнүн өз таржымалы бар.

Айрымдарынын баласы ара төрөлүп, наристенин узак убакытка созулган реабилитациясынан кийин өз тажрыйбасы менен бөлүшкүсү келген.

Башкалары жөн эле ымырайларга боор орушат, дагы кээ бири болсо билген шыгы кандайдыр бир пайда алып келүүсүн каалашат.

Ар бир катышуучунун клубга келүүсүнүн өз таржымалы бар.
Ар бир катышуучунун клубга келүүсүнүн өз таржымалы бар.

Клубга жаңыдан кошулган Барчын Мамытбекова мектеп жашынан эле түйгөндү үйрөнгөн, бирок ал шыгы унутулуп бараткан.

«Мен интернеттен ара төрөлгөн наристелер тууралуу көп эле роликтерди көргөм жана алардын көбү чарчап калаарын да билгем. Бирок, мен кантип жардам берсем болооруна көзүм жетчү эмес. Кийин "фейсбуктан" бул топко  туш болуп калып, менин билгендерим кандайдыр бир социалдык маанилүү иш жасоого пайда алып келээрин түшүндүм», — деди ал.

Ыктыярчылар колунан келген жардамын көрсөтүп жатышат. Бири кийим түйсө, башкалары финансылык жактан колдоо көрсөтүп жүн менен жиптерди сатып келип беришет.
Ыктыярчылар колунан келген жардамын көрсөтүп жатышат. Бири кийим түйсө, башкалары финансылык жактан колдоо көрсөтүп жүн менен жиптерди сатып келип беришет.

Казак клубунун ыктыярчысы Алия Муратбекова өзү дагы ара төрөлгөн баланын апасы. Анын пикири боюнча мындай кыймыл, ара төрөлгөн балдардын «энелери үчүн мыкты реабилитация».

«Биз тууралуу коомдук тармактардан билип алып, телефон чалышат, жазышат. Биз Африкага дагы кийимдердин комплектисин жөнөткөнбүз. Биздин комплект башында байпактан эле турчу. Бирок дарыгерлер бизге топу менен пледдерди түйүүнү да сунуш кылышты. Көп учурда осьминогчону түйөбүз, ал наристенин киндигине окшош. Ошондо ал өзүн жакшы сезет», — дейт ал.

Наристеге жылуулугун сактоого жардам берүү абдан зарыл.
Наристеге жылуулугун сактоого жардам берүү абдан зарыл.

Зарыл болгон жылуулук

Ара төрөлгөн балдарга жылуулугун сактоо абдан зарыл, себеби жылуулугун жоготуусунун айынан баланын организми бардык күч кубатын өсүп-өнүгүүгө эмес жылуулугун сактоого жумшайт.

Сагынбүбү Абдувалиеванын айтымында, «Ата-эне менен кайдыгер эмес адамдардын кам көрүүсүнө медициналык препараттар менен көзөмөл эч бир тең келе албайт».
Сагынбүбү Абдувалиеванын айтымында, «Ата-эне менен кайдыгер эмес адамдардын кам көрүүсүнө медициналык препараттар менен көзөмөл эч бир тең келе албайт».

Жаңы төрөлгөн ымыркайлардын патология бөлүмүнүн жетекчиси Сагынбүбү Абдувалиеванын сөзүнө ылайык, мындай балдардын торолуп кетүүсү үчүн адам факторунун болушу абдан олуттуу.

«Баланын кийимин тез-тезден которуп, киринтип, анан сөзсүз түйүлгөн кийим кийгизүү керек, анткени жүндөн жасалган кийим жылуу болот. Ал эми бала үчүн жылуулуктун болуусу эң зарыл. Мээримин төгүп кийим түйгөн адамдын энергетикасы баланын ден соолугуна оң таасирин тийгизет, анткени ал азырынча өз алдынча жылуулукту сактай албайт. Бала бардык нерсени сезип турат», — деп дарыгер ыктыярчылардын демилгесин колдоду.

Жаш келин ара төрөлгөн наристеси менен.
Жаш келин ара төрөлгөн наристеси менен.

Дарыгердин айтканына караганда, жылдан-жылга ара төрөлгөн балдардын тирденип кетүү пайызы көтөрүлүп жатат. Бирок, энелердин ден соолугунун начар болгондугуна байланыштуу, мөөнөтүнөн эрте туулган балдар өтө көп.

Медицинанын денгээли жакшы болуп кайрымдуулук уюмдардын кам көрүүсүнө карабастан, ара төрөлгөн балдардын 20 пайызы чарчап калып жатат. Анын себеби, жетишээрлик деңгээлде өнүкпөй калган органдар, балдардын жана ата-энелердин оорусу же болбосо тиешелүү кароонун болбой калышы мүмкүн.

Мырзалар да клубдун ишмердүүлүгүнө кызыгып түймө түйгөндү үйрөнүп, көпчүлүгү материалдык колдоо көрсөтүп жатышат.
Мырзалар да клубдун ишмердүүлүгүнө кызыгып түймө түйгөндү үйрөнүп, көпчүлүгү материалдык колдоо көрсөтүп жатышат.

Клубдун ыктыярчылары

Клубга каалаган адам кошула алат, түйгөндү билбегендер деле. Көпчүлүк катышуучулар жолугушуулар учурунда эле үйрөнүп алышкан.

Андан тышкары, каалаган адам «28 илмек» клубунун демөөрчүсү же болбосо жүндөн жасалган жиптерди алып келип деле ыктыярчы боло алат.

Ара төрөлгөн наристелердин энелерине белек кылынуучу кийимдердин комплектисине чакан плед, топу жана байпак кирет.

Сүрөт: Александра Титова