Андижандагы жолугушуу: Кыргызстан менен Өзбекстан кантип достошкусу келүүдө?

Кыргыз делегациясы 1-октябрь күнү достук сапары менен Андижанга барды. Жолугушуу Өзбекстандын чакыруусу менен болду. Эки өлкөнүн мамилесинде бул жолугушуунун канчалык мааниси бар?

Өзбекстан бийлиги эки өлкөнүн достук мамилелерин калыбына келтирүү максатында кыргыз делегациясын Андижанга чакырды. Делегация Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын өкмөт өкүлдөрү, Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) жана үч облустун жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн түзүлдү.

14571926_1925598371000968_1075736166_o

Кыргызстандан барган делегацияны премьер-министрдин орун басары Адхам Икрамов жана Андижан облусунун акими Шухратбек Абдурахманов тосуп алды.

Жолугушууда эки өлкөнүн кызматташуусун жана достугун бекемдөө жөнүндө сүйлөшүлдү.

«Биздин сылык, достук, тууганчыл мамилебиз түбөлүккө жакшы болсун. […] Бүгүнкү күн Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы мамилени бекемдөөнүн башаты болуп калат деп үмүт кылам», — деген Абдурахмановдун сөзүн «Азаттык» жазды.

Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Айымкан Кулукеева Kloop.kgге курган маегинде, бул чек ара аймактары маселесине арналган Өзбекстандын президенти көз жумгандан кийинки кыргыз бийлигинин алгачкы сапары.

«Андижан шаарына мындай чоң делегация 2013-жылдын 3-апрелинде барган. Анда, азыркы премьер-министр Жээнбеков жетектеп барган», — деди ал.

Андижанга саякат

Кыргыз делегациясы Бабур атындагы эс алуу багында жана музейинде, Андижан мамлекеттик университетинде, Андижан вокзалындагы реконструкциядан өткөн «Достук үйүндө» болушту.

14522448_1925598364334302_1168445340_o

Андан сырткары, өзбек тарап General Motors Uzbekistan автозаводун көрсөтүп, Өзбекстандагы кыргыз диаспорасы менен жолугушуу уюштурду.

Фергана шаарынын тургуну Энахон Сидикова «Азаттык» радиосуна курган маегинде миңдеген адамдар ушул күндүн келишин күтүшкөнүн айткан.

«Биздин ата-бабаларыбыз бир арыктан суу ичишкен, бир асман алдында жашашкан, каада-салтыбыз, маданиятыбыз да окшош. […] Акыркы жылдары эки элдин мамилеси сууп кетти эле, эми жылуу мамиледе жашоого убакыт жетти. Келгиле, мурдагы достук мамилебизди калыбына келтирип, мамилебизди бекемдейли», — деди ал.

Кызматташтык меморандуму

Кыргызстан өкмөтүнүн басма сөз кызматы 3-октябрь күнү билдиргендей, Андижандагы эки тараптуу жолугушууда эки өлкөнүн кызматташтыгы жөнүндө меморандумга кол коюлду.

14536946_1925598344334304_955107969_o

«Эки өлкөнүн үч облустарынын ортосунда кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюлду. Меморандумга Кыргыз Республикасынын Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын жана Өзбекстан Республикасынын Андижан, Фергана жана Наманган облустарынын башчылары кол коюшту», — деп жазылат маалыматта.

Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматынын маалыматында, чек аралаш облустардын жетекчилери, чек арадагы аймактардын курч маселелери туралуу сүйлөшүү үчүн ай сайын жолугуп турууну чечишти.

Жолугушууда Кыргызстан да өзбек делегациясын Кыргызстанга чакырды.

Өзбекстан премьер-министринин орун басары Адхам Икрамов эки тараптуу келишим көптөгөн маселелерди жергиликтүү бийлик менен эле чечип алууга жол ачат деп белгиледи.

«Биздин ортобузда чечилбеген маселелер абдан көп экендигин жашырбай эле айталы. Акырындык менен биз бул көйгөйлөрдү чечебиз. Эки мамлекеттин ортосундагы мамиленин оңдолушун Кыргызстанда да, Өзбекстанда да миңдеген адамдар күтүп жатат», — деди ал.

Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Мухаметкалый Абулгазиев, кол коюлган меморандум жана достук жолугушуусу эки өлкө жарандарынын ортосундагы түшүнбөстүктөргө чекит коёт деп айтты.

«Бүгүн биз өлкөлөрдүн мындан кийинки кызматташтыгы тууралуу ачык сүйлөштүк, чек аралаш аймактардын көйгөйлөрүн чечебиз. […] Жылуу тосуп алуу — бул өзбек тараптын достукка эшигин ачкандыгын билдирет, биз буга абдан ыраазыбыз», — деди ал.

«Азаттык» радиосу билдиргендей, чек аралардагы чектөөлөр качан алынаары жөнүндө кеп болгон жок.

Чек ара кызматынын өкүлү Сажыра Чоколоева Kloop.kgге курган маегинде тактагандай, чектөө Кыргызстандын жарандарына коюлган, аларга Өзбекстанга кирүүгө тыюу салынган.

«Эки гана учурда чек арадан өтүүгө болот — Кыргызстандын жарандары Өзбекстанга тажыя же тойго баруу үчүн телеграмма менен кире алышат, же Өзбекстан аркылуу башка өлкөгө баратса чек арадан өтө алышат», — деди ал.

Эки өлкө мамилеси

Саясат таануучу Игорь Шестаков «Вечерний Бишкек» гезитине, Ислам Каримов көз жумгандан соң, эки өлкөнүн мамилеси жылыйт деп сентябрь айында эле айтканын билдирди.

14550726_1925598367667635_1755312097_o

«Бир канча убакыт өтүп, жаңы бийлик эки тараптуу кызматташтыкты жандандыруусу мүмкүн, соода-экономикалык байланыш маанилүү. Кеп чек аралаш аймактар тууралуу болуп жатат», — деди ал.

«Спутник» маалымат агенттигине колумнист Эсен Шишкараев эми кыргыз-өзбек мамилелери өнүгүү жолуна түшөт деп жазган.

«Өзбек тарап мамилени калыбына келтирүүгө аракет кылып жатканы көрүнүп турат. Жаңы бийлик аймактык жергиликтүү бийликке облустар аралык меморандумга кол коюуга уруксат берип, жаңы кадамдарды баштоодо. Буга чейин коңшулаш өлкөдөн бир гана сөздү угуп жүрдүк эле: "Баарын Ташкент чечет"», — деп жазат.

Саясат таануучу Медет Төлөгөнов Kloop.kgге билдиргендей, Өзбекстан менен Кыргызстандын кызматташтыгы ишке кирди деп айтууга али эрте. Ал жолугушууда эң негизги каралган маселе — бул чек ара маселелери болду дейт.

Саясат таануучу Өзбекстанда жакында боло турган президенттик шайлоого даярдануу учурунда, президенттин милдетин аткаруучу, саясатка жаңы өзгөртүүлөрдү киргизип жатканын көрсөтүүсү керек болууда дейт.

«Бул окуялар кандай болуп өзгөрүп кетиши түшүнүксүз. […] Өлкө саясий да, экономикалык жактан да обочолонуп калган. Азыркы президенттин милдетин аткарып турган киши да ошо топтун мүчөсү болуп жүргөн. Канчалык деңгээлде өзгөрүү болот — чоң маселе», — деди ал.

Төлөгөнов жадагалса чек аралаш аймактардын маселелери да канчалык чечилээри да табышмак деп кошумчалады.

«Себеби, чек ара маселелери саясий жактан да, техникалык жактан да абдан татаалдашып кеткен, жөнөкөй достук жолугушуу эмнени чечээри да белгисиз», — деди ал.

Чыңалган кырдаал

Акыркы жылда кыргыз-өзбек мамилеси эки жолу курчуду. Эки жолу да чыр-чатакка Орто-Токой (Касансай) суу сактагычы себеп болгон. Суу сактагыч Кыргызстандын аймагында жайгашкан, бирок анын суусун өзбек тарап колдонуп, өзбек адистери карашат.

kasansai_14__

Өзбек тарап бул суу сактагычка көз артканынын себеби, ал СССР убагында өзбектердин каражатына курулган.

Эки өлкө 2016-жылдын март айында эки БТР жана эки КамАЗ автоунааларын чек аралаш аймакка койгон. Анткени өзбек тарап суу сактагычта оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө уруксат сураганда, кыргыз тарап өтүнүчтү четке каккан. Техника жана аскерлер чек арада сегиз күн турган.

Биринчи курч кырдаалдан кийин Кыргызстан Орто-Токой суу сактагычын жана Өзбекстан тарабынан эксплуатацияланган инфраструктураларды мамлекеттик менчикке өткөргөн.

Август айында өзбек тарап МИ-8 тик учагы менен жети милиция кызматкерлерин талаш жер саналган Уңгар-Тоого койгон. Бул окуя 13-августта Ала-Бука чек арасын бузуп өткөн өзбек милициясын кармагандан кийин болгон.

Өзбек тарап эки талап койгон — кармалган милиция кызматкерин бошотуу жана Орто-Токой суу сактагычынын айланасындагы кыргыз постторун алып салуу. Кыргызстан бийлиги кармалган өзбек милициясын ошол эле күнү кечинде бошотуп берген.

Өзбек милициялары 24-августта Унгар-Тоодогу «Кербен» радиорелейлик станциясынын төрт инженерин кармап кетишкен.

Алар 9-сентябрда бошотулуп, ал эми Өзбекстан милициясынын кызматкерлери бир айдан кийин Унгар-Тоону бошоткон, бирок Кыргызстан Орто-Токой суу сактагычы боюнча талапты аткарган эмес.

Тема боюнча: Атайын репортаж: өзбек БТРлери кантип чек ара көйгөйлөрүн ашкере кылды?

Сүрөт: Азаттык, өкмөттүн басма сөз кызматы