ИИМ чоңдордун жаш балдарды мушташтырып жаткан видеосун иликтейт

Ички иштер министрлиги беш чакты чоң киши эки жаш баланы мушташтырып жаткан видео боюнча иликтөө иштерин жүргүзөт. Коомдук тармактарда 30-сентябрь күнү жарыяланган видеону 35 миң адам көргөн.

ИИМнин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге курган маегинде, укук коргоо органдары видеотасма кайсы өлкөдө жана кимдер тарабынан тартылганы тууралуу иликтөө жүргүзүп жатат.

«Видеодо Кыргызстандын жарандары бар-жоктугу жөнүндө азырынча так маалымат бере албаймын. Бирок, бул — мыкаачылык. Буга көңүл кош карап тура албайбыз», — деди ал.  

Видеотасма «Фэйсбук» коомдук желесиндеги «Антикоррупция KG» тобунун барагында 30-сентябрь күнү жарыяланган. Анда, эки жаш балдардын мушташуусу тартылган. Чоң кишилер аны телефонго тартып, балдарды урушууга үндөп жатышкан.

«Шок! Кыргыз балдары аталарынын сөзүнө алынып, кан талаганга чейин мушташууда», — деп анонимдүү автордун атынан жазылган.  

Төрт күндүн ичинде видеону 35 миңдей адам көрүп, 600 жолу бөлүшкөн. «Фэйсбуктун» колдонуучулары бул тасмага дароо көңүл бурушкан.  

«Фэйсбуктун» кээ бир колдонуучулары видео Кыргызстанда тартылган эмес деген пикирлерин айтышкан — себеби, видеодогу адамдардын сүйлөгөндөрү кыргыз тилине мүнөздүү эмес.