«Референдум жөнүндөгү» мыйзам долбоору процедуралардын бузулушунан улам экинчи окууга кайтарылды

«Референдум жөнүндөгү» мыйзам долбоору регламенттин бузулушу себеп болуп, экинчи окууга кайтарылды. Бул мыйзам долбоору жалпы элдик добуш берүү процедураларын аныктоо үчүн керек.

«Референдум жөнүндөгү» мыйзам долбоору КСДПнын депутаттары Иса Өмүркулов жана Айнуру Алтыбаева, «Республика — Ата Журт» фракциясынан Өмүрбек Бабановдун демилгеси менен экинчи окууга кайтарылды.

Бул мыйзам долбоору референдум өткөрүү процедураларын аныктайт — депутаттар аны жалпы элдик добуш берүүгө чейин кабыл алуу керектигин айтышууда. Бийлик референдумду 4-декабрга белгилеп жатат.

«Өнүгүү — Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев парламенттин 5-октябрдагы отурумунда, комитет мыйзам долбоорун эмне үчүн экинчи окууга кайтарып бергендигине кызыкты.

«Парламент бул документти экинчи окууда карап жатканда, биздин фракция парламенттик угууга коюлбаганын айткан элек. Парламент бизди уккан жок, депутаттар аны экинчи окуудан өткөрүштү. Эми комитет экинчи окуунун режимине киргизүүдө. Ким түшүндүрүп берет, профилдик комитет эмне үчүн документти экинчи окуунун режимине калтырууда?» — деп сурады ал.  

Алтыбаева болсо, мыйзам долбоору парламенттик угуулар документ кабыл алынгандан кийин гана дайындалганынан улам кайтарылып жатат деди.

«Документти экинчи окуунун режимине кайтарууга укугубуз бар, мындан кийин да угууга болот», — деди ал.  

Мыйзам долбоорун кабыл алууга «Ата Мекен» фракциясынан Өмүрбек Текебаев каршы чыккан. Бирок, анын өтүнүчү канааттандырылган эмес. «Бир бол» фракциясынын депутаты Чолпон Жакупова болсо, парламенттик угуудан өтмөйүн жана регламенттеги мыйзам бузуулар оңдолмоюн добуш берүүдөн алуу керектигин айтып чыккан.   

Жакупова депутаттар мыйзам долбоору биринчи окууда мыйзам бузуулар менен кабыл алынганын моюнга алышканын айткан эле.

Өмүркулов болсо, мыйзам долбоорун күн тартибинен алып таштоого негиз болуучу каталар кетирилбегенин билдирген.

Мыйзам долбоору кабыл алынса, референдум өткөрүү милдети парламентке жүктөлөт. Ал эми азыркы мыйзамда 300 миң кол топтогон жарандар демилгеси менен референдум жарыяласа болот.

Андан тышкары, референдумду демилгелөөнү жеңилдетүү боюнча да нормалар каралган — референдум жарыялоо үчүн болгону 10 миң кол топтоо жетиштүү.