«Ата Мекен» «Вечерний Бишкекти» жалган маалыматы үчүн сотко берет

«Ата Мекен» партиясы «Вечерний Бишкек» сайтын жалган маалымат таратканы үчүн сотко берүүгө мажбур болууда. Буга «Вечерний Бишкек» басылмасы Текебаев орусиялык «Мегафонго» «Мегаком» мобилдик операторун сатууда 1 миллион доллар алган деп жазып чыкканы себеп болду.       

«Ата Мекен» берген маалыматтарга караганда, «Вечерний Бишкек» сайты жарыялаган маалымат, партиянын бардык мүчөлөрүнүн атына так түшүрөт жана далилсиз.  

«Бул басылма жарыялаган маалымат дээрлик толук бойдон чындыкка коошпойт. Журналисттер "Ата Мекен" партиясы жана анын лидеринин мүлкү тууралуу далилдерсиз божомолдоп жазган», — деп жазылат маалыматта.  

Партия билдиргендей, «Вечерний Бишкектеги» макала, «бийлик өзүнүн атаандаштарынын атына так түшүрүүдө ушак жана жалган жалаа колдонууга да даяр экендигин» түшүндүрөт.  

Партиянын нараазычылыгын пайда кылган макалада, «Ата Мекен» партиясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова Максим Бакиевдин атына катталган офшордук компанияларда үлүшү бар деп жазылган. Бул компания «Мегакомдун» орусиялык «Мегафонго» сатылышында катышкан.  

Басылма «Ата Мекен» партиясынын мурдагы мүчөсү Өмүрбек Абдырахмановго шилтеме берүү менен жазууда. Ал «Мегакомдун» сатылышында, Текебаев 1 миллион доллар алгандыгын тастыктап жатат.  

«Вечерний Бишкек» жазгандай, Текебаев 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү боло туруп, мыйзамсыз иштерди аткарууда укук коргоо органдарына таасири болгон.  

«Ата Мекен» партиясы 2012-жылы эле Өмүрбек Абдырахмановду сотко берген. Ошол убакта эле, ал «Алиби» гезитине берген интервьюсунда, «Мегакомду» сатууда Текебаев 1 миллион доллар алгандыгын айткан болчу. Партия соттон утуп алып, Абдырахманов компенсация катары 100 000 сом төлөп берген, ал эми «Алиби» гезити жабылган.