Кыргыз режиссёрлору тарткан «Атанын керээзи» тасмасы «Оскар» сыйлыгына талапкер болду. Башкы ролду жараткан актёр Иман Мукул Kloop.kgге фильмдин тартуу жараяны тууралуу кеп салды.
Бакыт Мукул жана Дастан Жапардын тарткан «Атанын керээзи» фильми Монреалдагы кинофестивалда мыкты дебют наамын жеңип алган эле.
Фильм «Оскардын» лонг-листинде «Чет тилиндеги мыкты фильм» номинациясында тартууланат. «Атанын керээзи» сыйлыктын шорт-листине кирүүгө ат салышат. Жыйынтыктар 2017-жылдын 17-январында угузулат.
Кыргызстандыктардын фильми Казакстандын Улуттук киноакадемиясынын «Мыкты борбордук азиялык фильм» номинациясында «Тулпар» статуэткасына да татыган.
Фильм жөнүндө
Бул психологиялык, турмуштук драма. Фильмде миграция маселеси чагылдырылып, кыргыз улутунун, салт-санаа жана улуттук тили жоголуп баратканы жөнүндө баяндалат. Фильмдин башкы каарманы Азат атасына берген убадасынын үстүнөн чыгып, сөөгүнүн күлүн мекенине алып келет. Бирок, ал атасынын айылдаштарынын каарына учурайт. 15 жыл мурда атасы айылдаштарынан акча карыз алып кетип калганын билип, жүрөгү ооруйт.
Фильмде атасы үчүн баласы жооп берет. Эч нерсеге карабай бала атасынын сөөгү үйдө болушун каалайт. Ал бардык кемсинтүүлөргө чыдап, атасына берген сөзүндө турат. Бул ар бир эркек үчүн абдан маанилүү.
Чоро — Азаттын атасынын агасы. Ал да Азатты жөөлөй түртүп жүрөт. Чоро Азаттын атасы аны таштап кетип калганы үчүн таарынып жүргөнүн сезет. Ичиндеги бардык ызасын Азаттан чыгарууну каалайт, ал эми Азат болсо чоң агасына сөйөнгүсү келет. Фильмдин негизги мааниси да ушул жерде.
Фильмде күчтүү сезимдер берилген. Үй-бүлө чачылып, тарап кеткен, бир гана агасы бар. Бирок, Азат бир нерсе кылууга аракет кыла берет.
Режиссёр кинонун аягына чекит койгон эмес. Азат уйкудан туруп, агасынын Казакстанга кетип калганын билет. Азат кетеби же калабы көрүүчү өзү чечиши керек.
Менин оюмча, ал Кыргызстандан кетип калат, анткени агасынан башка эч кими жок болчу. Азаттын апасы жана эжеси Америкада, автоунаасын ижарага алган, менин оюмча кетет. Мен кетмекмин.
Атанын айтканын аткаруу керек — ойноого туура келди
Мен фильмге тартылгым келген жок. Питердеги Ваганова атындагы балет Академиясын бүтүрүп, травма алып келгенимден, узак убакыт бою үйдө дарыландым. Атам Бакыт Мукул жана экинчи режиссёр Дастан Жапар сценарийдин үстүнөн үйдө иштеп жатышты.
Дастан Жапар дайыма сурачу: «Мүмкүн аракет кылып көрөөрсүң? Бизге кошул». Мен болсо: «Кантип эле, мен балет бийчисимин, жок» деп айтчумун. Мен кастинг уюштурууну айттым. Кастинг болду, бирок кайра мага келишти. Атага жок деп айтууга болбойт экен, ойноого туура келди.
Биздин актёрлордун башка өлкөдө жашап көрбөгөнү кастингдеги башкы көйгөй болду. Мени болсо Питерде окуганым жана чет мамлекетте жашаганым үчүн эле тандап алышты. Режиссёрлор ушундай чечимге келишкен.
Ролго кирүү оор болду
Мен өзүм холерикмин, ордумда тынч тура албайм, а Азат болсо оор басырыктуу жана меланхолик. Бардык нерсени ичине сактаган адамдын ролун жаратуу кыйын болду. Фильмди тартуу жараянында мен Азаттын жашоо образына ушунчалык кирип кеткендиктен, эки аптанын ичинде беш килограмм салмак таштап жибердим. Фильмди тартууну токтотуп, семирүү керек болуп калды.
Эң чоң көйгөй — Азаттын аз сүйлөгөнү болду. Фильм болсо, Азаттын көз карашы менен тартылган. Ал бут тосууларга маани бербейт. Активдүү, көбүрөөк сүйлөгөн адамдын ролун аткаруу жеңил, бирок үн катпаган адамдын ролун жаратуу бир топ татаал экен. Сен сезимдериңди мимика же жүрөгүң менен түшүндүрүшүң керек.
Анын үстүнө эки режиссёр эки жактан эзип турат, кийин ролго киргенден тартып жеңилирээк болуп калды.
Фильмди кантип тартышкан
Фильм Ысык-Көлдүн Торт айылындагы Барскоон дарыясынын жээгинде тартылган. Аба-ырайы кыйынчылык жаратты, түштүктө кар жок. Фильмде октябрь айынын аягын көрсөтүп жатабыз, бирок чындыгында декабрь, январь болчу. Абдан суук, мен болсо күзгү кийим кийип аткардым.
Аба-ырайына байланыштуу тыныгуулар болуп, фильмди тартуу жараяны үч айга созулду. Сценарийде жазылгандай, 13-январда Ысык-Көлдө чөмүлүүгө туура келди — абдан суук болду.
Биз 30 метрге чейин кайык менен барып, мен сууга секирдим: камера салынган кайык узакка кеткенче күтүп туруп, андан соң сүзө баштадым.
Менин тарамышым тартышып калды, суунун астынан сүзүп баратып, бутумду түз созгондо оору өтүп кетти. Балеттик билим фильмге түшүүдө жардамга келди. Себеби, чөгүп кетишим да мүмкүн эле.
Эң кыйыны — бул ыйлоо болду. Мен жашоодо да көп ыйлабайм, эмоцияларымды кармай алам.
Операторлор даяр болгондо «Кетти, тартып жатабыз!» деп кыйкырышат. Актёр болсо даяр эмес болуп калат. Жиним келип кетчү: «Токтоп тургулачы, жок дегенде даярданып алайын!» деп.
15 мүнөттөй даярданчумун, ыйлоо абдан кыйын экен, айрыкча бир планда 8 дубль менен, экинчи планды 4 дубль менен тартканда оор түшүп жатты. Акырында, көз жашым калбай көзүмө глицерин куюп жатып тартылдым.
Эки режиссёрдун тандеми
Алар жөн гана фильм тартууну пландап жатышкан. Алгач Бирназаровго (кыргыз сцеранисти, фильмдердин режиссёру жана продюсери, акыркы эмгеги «Кумар» болгон) барышып, сценарий сурашкан, бирок ал баш тартып койгон.
Режиссёрлордун жини келип, өздөрү сценарий жаза башташкан. Сценарийди кино адистерине көрсөткөндө абдан көп бут тосуулар болгон. Тартуу жараянын баштоону болушунча артка сүрүштү. Биз ноябрда баштообуз керек эле, бирок баары декабрда араң башталды.
Сценарий жазып жатканда, экөө бир да жолу сөз талашпады. Атам менен Бакыт Мукул автоунаага отуруп алып, тоого кетип калышчу. Сценарий жарым жыл аралыгында жазылды, кийин эки жолу кайрадан оңдоп чыгышты. Атам жумушун таштап, бардык күчүн фильм тартууга жумшап жаткандыктан үйдө келишпестиктер да болду. Эми мунун баары өзүн-өзү актап жаткандай.
Фильмдин бюджети
Бюджет абдан аз. Болгону төрт миллион сом — 60 миң доллардын тегерегинде. Мындай фильм үчүн бул абдан аз сумма. Каражат табуу үчүн биз автоунаабызды, көп мүлкүбүздү саттык, акчаны үч айдын ичинде топтоп бүттүк.
Демөөрчүлөр таптакыр жок болду. Фильм сыйлыктарды ала баштагандан соң гана, колдоого алабыз деген демөөрчүлөр чыга баштады.
Тема боюнча: Кыргыз тасмасы Монреаль фестивалында сыйлыкка ээ болду