Салык кызматкери зордуктоого айыпталды

Ош облусунун Кара-Суу базарынын жумушчусу Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерин анын аялын зордуктагандыкка айыптады. Ички иштер министрлиги бул маселе боюнча иликтөө жүргүзүп жатат.

«Фейсбук» социалдык сайтынын «БеспределKG» тобунун баракчасында Эркин Алмакеев анын аялын салык кызматкери зордуктоого аракет кылганын жазып чыккан.

«Мен контейнерлер катарын тазалап жатканымда, Бишкектин таксилери турган жактан аялымдын жардамга чакырып жаткан үнүн угуп калдым. Жүгүрүп жетип барып, жубайымды зордуктоого аракет кылып жаткан эркекти көрдүм. Бул киши салык кызматында иштейт экен», — деди ал.  

Алмакеев жазгандай, салык кызматкери мас абалында болуп, «өзүнүн досторун чакырган», алар биригип, аялын коргоп жаткан кишини сабап салышкан.  

«Ооруканадан жыртылган жерлеримди тигип эле, бир көзүм жакшы көрбөй, башым айланганы токтой электе эле чыгарып салышты», — деп жазат ал.  

Эркин Алмакеев Кара-Суу районунун Ички иштер бөлүмү «ишти иликтөөнү каалабай жатат» деп жазган.  

ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев болсо, «милицияга эки тарап тең кайрылганын» айтты — салык кызматкери базар жумушчусу тескерисинче, аны уруп салганын айткан. Осмонбаев кимиси күнөөлүү экендиги тактала элек деди.  

«Бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Керектүү экспертизалар өткөрүлөт. Жыйынтыгында, чечим чыгарылат», — деди ал.  

Ал эми Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынын өкүлү болсо, алардын мекемеси иликтөөнүн жыйынтыгын күтүп жаткандыктарын айтты.

«Бул маселе боюнча иликтөө иштери башталды. Биз анын жыйынтыгын күтөбүз. Азыр эч кандай маалымат айта албайм», — деди ал.  

Фото: flickr, Pablo Fernández