Фототузактар Чүй облусунун Шамшы капчыгайында сейрек кездешүүчү жаныбарларды сүрөткө тартып алышкан. Илбирстер 2016-жылы коруктардын катарына киргизилген жайда жашаары белгилүү болду. Корукта аңчылыкка тыюу салынган. Мергенчиликке тыюу салына электе бул жерде илбирстерди эч ким көргөн эмес.
Камералар ак илбирстерди Шамшы капчыгайынын беш тарабынан тартып алган. Бул сүрөттөр — илбирстердин Ала-Тоо кыркаларында жашаарын тастыктаган алгачкы материалдар болуп калды. Ала-Тоо — Түндүк Тянь-Шандын бир бөлүгү эсептелип, чыгыштан батышка карай 322 чакырымга созулат. Буга чейин илбирстер Чүй облусунда кездешкен эмес.
Шамшы капчыгайы Бишкектин чыгышында, 85 чакырым аралыкта жайгашкан болуп, ортосунан дарыя агып өтөт. Капчыгай Туюк-Көлтөр көлү менен белгилүү. Бул жерде тартылып алынган илбирстерден сырткары, сүлөөсүн, эликтер, жапайы камандар, түлкү, коён, бугулар жана башка жаныбарлар да бар.
Шамшы – мышыктар түркүмүнүн жашоо образына шарты туура келбеген аймак эсептелчү. Мурда илбирстер бийик тоолордо жашап, бул аймактарда кездешчү эмес. Барстар Ысык-Көл жана Нарын облустарынын Тянь-Шань тоолорунда, Памир-Алай тоо кыркаларынын түндүгүндө — Кыргызстандын түштүгүндө жайгашкан Алай, Транс-Алай жана Түркстан тоолорунда жашаары белгилүү эле.
Илбирстерди сактап калуу иш-аракеттери Snow Leopard Trust жана «Ак илбирс фонду» тарабынан жүргүзүлүп келет. Алар бул жаныбарларды сактап калуу боюнча биргелешип план иштеп чыгышкан. Андан сырткары, жакынкы жылдар аралыгында ак илбирстерди көзөмөлдөө иштери жүргүзүлөт.
Кыргызстандагы Snow Leopard Trust уюмунун директору Кубан Жумабай уулу Шамшы жаныбарлардын ири түркүмдөрүнүн жашашы үчүн абдан тар аймак деп эсептейт. Бирок, бул аймакта жаныбарларды сактап калуу үчүн шарт түзүп берүү керек дейт Кубан Жумабай уулу.
«Эгер жаныбарларга камкордук ушундай уланып бара берсе, тоо текелердин [илбирстердин негизги тамагы] саны жакынкы 10 жыл ичинде эки же үч эсеге көбөйүшү ыктымал. Ошондуктан, бул аймак илбирстердин көбөйүүсү үчүн маанилүү», — деди ал.
Сүрөттөр мурдагы аңчылык айыл-чарбасы, жергиликтүү калк жана мамлекеттин биргеликте жүргүзгөн аракеттеринин үзүрүн көрсөттү.
Буга чейин, аңчылык айыл-чарбасында коммерциялык жол менен ири жаныбарларга мергенчиликке уруксат берилчү. Лицензиялар сатылчу. Лицензия алган мергенчилер көбүнчө тоо текелерди жана аркарларды атып кетишкен. Айрыкча, акчасы бар чет өлкөлүктөр үчүн аңчылыкка бардык шарттар түзүлүп берилген. Тоо жырткычтарынын негизги тамагы саналган тоо текелердин жана аркарлардын азайып кетиши илбирстерге да таасирин тийгизди.
Айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу департаменти тоо текеге аңчылык кылуу лицензиясын жокко чыгарган, аны буга чейин Шамшы капчыгайында сатып алуу мүмкүн эле.
«Ак илбирстин Шамшыда пайда болгонуна абдан кубанычтабыз», — деди департаменттин директору Алмаз Мусаев.
«Бул мышык биздин улуттук маданиятыбыз жана мурасыбыздын маанилүү бөлүгү саналат, биз анын келечегине кам көрүүбүз зарыл», — деди ал.
Президент Алмазбек Атамбаевдин жетекчилиги астында 2013-жылы Кыргызстанда ак илбирстерди сактап калуу боюнча Дүйнөлүк форум уюштурулган. Форумда ак илбирс жашаган 12 өлкөнүн өкүлдөрү катышкан. Бул демилгенин арты менен ак илбирстерди сактоо жана коргоо боюнча башкы план иштелип чыккан.
Алмазбек Атамбаев 2017-жылы ак илбирстерди сактап калуу боюнча өткөрүлө турган Башкы саммитине катышат. Анда бул жаныбарларды көбөйтүү пландары иштелип чыкмакчы.
Кыргызстандагы «Ак илбирстер фонду» сейрек кездешүүчү же жок болуп бараткан мышыктар түркүмүн сактап калуу боюнча иш алып барат. Алар Snow Leopard Trust сыяктуу эл аралык уюмдар менен кызматташып, биргеликте аракет көрүшүүдө.
Snow Leopard Trust уюмунун башкы кеңсеси Вашингтон штатынын Сиэтл шаарында жайгашкан. Аталган уюм илбирстерди коргоочу мекемелердин арасында лидерлик позицияда. Snow Leopard Trust ак илбирс жашаган мамлекеттер менен келишим түзүп, изилдөө жүргүзүү менен да алектенет.
Соавтору: Регина Им