Футбол: Кыргызстан менен Ливан оюну тең эсепте жыйынтыкталды

Кыргызстан жана Ливан курамаларынын достук матчы нөлдүк тең чыгуу менен аяктады.

Алгачкы мүнөттөрдө эле кыргызстандыктар тепкен топ дарбазанын түркүгүнө тийип эле кайтып жатты.

Ливандыктардын да аракеттери эч кандай жыйынтык берген жок. Кыргызстан курамасынын дарбазасынын алдындагы тепкен голдор да максатка жеткен жок.

Оюндун 59-мүнөтүндө кыргызстандыктар азчылыкта калышты. Катаал оюн көрсөткөндүгү үчүн коргоочу Акрам Умаров сары кагаз алып, оюндан чыгып кетүүгө мажбур болду.

Экинчи таймдын аягында, Кыргызстандын курамасы матчтын эсебин ачууга мүмкүнчүлүгү болду, бирок ливандык дарбазачы өз чеберчилигин көрсөтүп, кыргыздарды топ киргизүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратты.

Беттештин аягында кооптуу жагдайлар көп болуп, күйөрмандарды толкундатып да алды.

Оюндун 89-мүнөтүндө чабуулчу Мирлан Мурзаев Виталий Люкс узаткан топту тепкенде, топ дарбазанын түркүгүнө чекип кетип, атаандаштарды устун гана сактап калды.

Мүмкүнчүлүгү көп болсо да, кыргызстандыктар эсепти ача албады. Оюн 0:0 эсебинде жыйынтыкталды.

ЮНИСЕФтин демилгеси менен матч дүйнөдөгү бардык үй-бүлөлөргө арналган.

Кыргызстан менен Ливандын курамасы буга чейин да эки жолу көрүшкөн — 2000-жылы кыргызстандыктар атаандаштардан 0:2 эсебинде утулуп калган, ал эми 2009-жылы 1:1 эсебинде тең чыгышкан.

Ливандын жолугушуусу расмий статуска ээ, демек анын жыйынтыгы ФИФАда каралат. Ал эми Кыргызстан ФИФАда 108-орунду ээлейт.

Сүрөт: АКИпресс