«Элдик курултайдын» катышуучулары референдум тууралуу мыйзамдын кабыл алынышына каршы чыгышты

«Элдик курултай» жыйынында активисттер, укук коргоочулар жана оппозициянын өкүлдөрү парламенттен референдумду өткөрүү тууралуу мыйзамды четке кагууну талап кылышты.

«Элдик курултай» Орус драма театрында өтүп, анда парламенттен референдумду өткөрүү тууралуу мыйзамды жокко чыгарууну талап кылган активисттер чогулган. Референдум тууралуу мыйзамга каршы чыккандардын 8-октябрдагы жолугушуусуна 300дөн ашык адам келген.

Курултайга укук коргоочулар менен коомдук ишмерлердин атынан Рита Карасартова, Адиль Турдукулов, Эльмира Ибраимова, Мавлян Аскарбеков жана Азимбек Бекназаров келишти.

Азимбек Бекназаров өзүнүн сөзүндө, башка президенттер турган кезде деле Конституцияга оңдоолор киргизилгенин, бирок анда коомдук талкуулар болгонун билдирди.

«Атамбаев талкууларды өткөргөн жок, Конституциядагы өзгөрүүлөр жөнүндө эл эч нерсе билбейт. Президенттин аппарат башчысы депутаттарды өзүнө чакыртып алып, алардан референдумду өткөрүүгө макулдугун талап кылып жатат. Парламентте Атамбаевге каршы чыккан бир нече эле депутат бар, алар куугунтукка алынган. Эгер Атамбаев мындай саясатын уланта берсе, бул кайрадан революцияга алып келет», — деди Бекназаров.

Укук коргоочу Рита Карасартова, сунушталып жаткан өзгөртүүлөр сотторду көз каранды кылып коёрун айтты.

«Өзгөртүүлөрдөн кийин соттун кызматына отурган кайсы адам болбосун президенттин, президенттин аппаратынын же өкмөттүн кишиси экени айкын болуп калат», — деди ал.

Парламенттин атынан курултайга «Ата Мекен» фракциясынан Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Наталья Никитенко, Алмамбет Шыкмаматов жана «Бир Болдон» депутат Чолпон Жакупова катышышты.

Референдумду өткөрүү үчүн макул болгон парламентарийлер курултайга келишкен жок. Азырынча алардын эч кимиси «Элдик курултайдагы» оппозициянын иш аракетине комментарий бере элек.

Чолпон Жакупова парламенттик депутаттардын 90 пайызы «бийликке сатылганын» айтып, саясаттан чарчаганын билдирди.

«Эмне себептен, бүгүн залда Конституцияга өзгөртүүлөр кереги жок экенин түшүнгөн жаш депутаттар жок? Мен бардык саясаттан жана депутаттыктан чарчадым. Эгер Мавлян Аскарбеков парламентке келсе, мен ага өз ыктыярым менен мандатымды берет элем», — деди ал.

«Ата Мекен» фракциясынан парламентарий Алмамбет Шыкмаматов курултайдын жыйынтыгын чыгарды.

«Натыйжасында, биз Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдүн киргизилишине жана 2020-жылга чейин Конституцияны өзгөртүүгө мараторийдин жокко чыгарылышына каршы болгондугубуз тууралуу жазылган резолюция кабыл алынды», — деди ал.  

Курултайдын катышуучулары кабыл алган резолюцияда үч талап коюлду. Алар парламенттен ререферендумду өткөрүү тууралуу кабыл алынган мыйзамды жокко чыгарууну талап кылышты.

Ошондой эле, алар Башкы прокуратурадан Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип жана бул мыйзамдын көтөрүп чыккан демилгечилердин иш аракетине укуктук баа берилишин талап кылышты.

Андан тышкары, курултайдын катышуучуларынын пикири боюнча, Конституциялык палата Баш мыйзамга сунушталып жаткан оңдоолор туурасында объективдүү корутунду берүүгө милдеттүү.

Конституцияга оңдоолорду киргизүүгө каршы чыккандардын айтканына караганда, өзгөртүүлөр мыйзам бузуу менен киргизилип жатат. Алардын пикири боюнча, эл аралык келишимдердин улуттук мыйзамдын алдындагы приоритетинен баш тартуу, өлкөдөгү демократиянын жоголуп кетүүсүнө алып келет.

Жакупова Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана референдум тууралуу мыйзам каралып жаткан учурда, мыйзам бузуулардын орун алып жатканын бир нече жолу айтып чыккан. Анын айтканына ылайык, мыйзамдын Конституциялык палатанын корутундусуз каралуусу мүмкүн эмес.

Ошого карабастан референдум тууралуу мыйзам үч окуунун биринчисинде кабыл алынган.

Укук коргоочу Рита Карасартова, парламентти район аралык сотко берип, Конституцияга оңдоолор тууралуу референдум мыйзам бузуулар менен кабыл алынган — депутаттар тиешелүү экспертизаларды жүргүзушкөн эмес, — деп билдирген.

Бирок сот Карасартованын доосун кабыл албай койгон, ал бул иш аракетин — комитеттин чечими нормативдик-укуктук акт болуп саналбайт, — деп негиздеген.

Парламентн 7-октябрдагы жыйынында, КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов, референдумду жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен бирге 11-декабрда өткөрүүнү сунуштады. Ал өзгөртүүлөрдү киргизүү керектигин айтып, бул «учурдагы Конституциянын кемчиликтерин жокко чыгарат» деп белгиледи.

Сүрөт: Sputnik / Табылды Кадырбеков