Колумбия президенти «согушту токтотууга аракет кылганы үчүн» Нобель сыйлыгына татыды

Колумбиянын азыркы президенти Хуан Мануэль Сантоско Нобелдин тынчтык сыйлыгы ыйгарылды. Ал 50 жылдан бери уланып жаткан согушту токтотууга аракет кылганы үчүн бул сыйлыкка татыктуу болгон.  

Нобель комитети 2010-жылы президенттик кызматка келген Колумбиянын өлкө башчысы Хуан Мануэль Сантоско «мамлекетте 50 жылдан бери жүрүп жаткан согушту токтотууга чечкиндүү кадам жасаганы» үчүн сыйлыкты ыйгарды.  

Колумбияда бүгүнкү күнгө чейин уланып жаткан аскердик согуш 1960-жылдын ортолорунда башталган. Аталган өлкөнүн өкмөтү жарым кылым бою ФАРК тобу менен күрөшүп келет. Согуштун жүрүшүндө 220 миң адам курман болгон жана алты миллиондой адам өз үйүн таштап кетүүгө мажбур болушкан.

Сантос Колумбиянын желегинин жана тынчтык көгүчкөнүнүн астында

Сантоско ФАРК менен болгон күрөшүүсү жакшы жыйынтык бербей жатканына карабай, Нобель сыйлыгы ыйгарылды. 26-сентябрь күнү топтун лидери Родриго Лондоньо менен тынчтык келишимине кол коюлган. Мурунку ишемби күнү Колумбиянын калкынын 50,2 пайызы өлкөдө тынчтык орнотуу планына каршы добуш беришкен. Референдум болсо, 38 пайыздык көрсөткүчтө калды.  

Нобелдик комитет белгилегендей, бул Колумбия элинин өз мамлекетинде тынчтык болбосун дегени эмес. Бул эл келишимдин шарттары менен макул эместигин билдирет.

Өлкө өкмөтүнүн жана топтун ортосундагы тынчтык келишими боюнча референдум төрт жылдык сүйлөшүүлөрдөн соң өткөрүлдү. Нобель комитети ыйгарылган сыйлык мамлекеттеги тынчтыкты орнотууга дем берет деп ишенет.

Учурда Колумбияда ок чыгарбоо боюнча келишим күчүндө, бирок 31-октябрь күнү ал өз күчүн жоготот.

АКШ аскердик чыр-чатакта активдүү таасир көрсөтүп турат. 2013-жылы The Washington Post гезити ЦРУнун колумбиялык өкмөттү чалгындоосу боюнча программалары тууралуу жазып чыккан эле. 40 жылдын ичинде америкалык өкмөт үч миллиард доллар сарптаган, анын үчтөн бири аскердик жабдууга кеткен. ФАРК тобунун башчысы Лондоньону туткундоо үчүн АКШ өкмөтү беш миллион доллар өлчөмүндөгү акчалай сыйлык сайган.

Нобелдин тынчтык сыйлыгы былтыркы жылы «демократияны куруудагы аракеттери» үчүн 2011-жылкы ыңкылаптан соң, тунистик уюмга ыйгарылган. Бул өлкө Араб жазынын ийгиликтүү мисалы боло алат — 2011-жылы араб өлкөлөрүндө нараазычылык толкундоолору орун алган. Бирок, Тунисте кырдаал курч бойдон калууда, сурамжылоодо 83 пайыз туристиктер мамлекет туура эмес багытта баратканын айтышкан. Мамлекетте бюрократизм, тууганчылык жана коррупция өркүндөп жатат.

Тема боюнча: