Медицина боюнча Нобель сыйлыгы «клеткалык каннибализмди» изилдөө үчүн берилди

Медицина чөйрөсүндө Нобель сыйлыгын жапониялык биолог Йосинори Осуми алды. Ал сыйлыкка аутофагия же болбосо «клеткалык каннибализмди» изилдегени үчүн татыктуу болду.   

Нобелдик комитет медицина жана физиология боюнча сыйлыкты жапониялык Йосинори Осумиге ыйгарды. Ал Токио технологиялык институтунда профессор болуп эмгектенет. Профессор бир миллион АКШ доллары өлчөмүндө акчалай сыйлык менен сыйланды.

Осуми аутофагиянын механизмин изилдөө менен алектенген (грекчеден которгондо — «өзүн-өзү жеп салуу»). Бул клеткалык деңгээлде орду бар жараян. Адамдын клеткалары деградацияланган белокторду жок кылып салат. Ошентип, протеиндин балансы бир калыпта сакталып турат.

Адамдын организми ар күнү 200-300 грамм протеин алмаштырып турууга муктаж. А биз болсо, бир күндө 70 грамм гана жейбиз. Калган бөлүктөр аутофагиянын эсебинен толукталат.

Осуминин изилдөөлөрү 1990-жылдары башталган, ал эми аутофагия процесси 50 жылдан бери белгилүү. Бирок, жапон окумуштуунун иштеп чыккан изилдөөсү гана бул механизмге негиз салды.

Йосинори Осуми өзүнүн эксперименттерин адам денесине аутофагия аналогдуу түрдө агып кирүүчү көптүргүчтөрдө сынап көргөн. Ачыткылардын мисалында, окумуштуу жараяндын молекулярдык механизмин орното алган. Андан сырткары, Осуми аутофагияга жоопкер адамдын генин да тапкан. Ансыз организм бул процессти колдонуу касиетинен ажырап калат.

Аутофагия гендеринин бузулушу, көптөгөн ооруларга алып келиши мүмкүн: экинчи типтеги диабет, рактын кээ бир түрлөрү жана Паркинсон оорулары.

Осуминин сыйлыгы — Нобель комитетинин тарыхындагы аутофагиядагы ачылышка берилип жаткан үчүнчү сыйлык. 1974-жылы медицина жана физиология тармагында бельгиялык Кристиан де Дюв аутофагиядагы белоктордун деградацияланышы жөнүндөгү эмгегине Нобель сыйлыгын алган. 2004-жылы химия боюнча сыйлыкка Авраам Гершко, Ирвин Роуз жана Аарон Цихановер цитоплазмадагы белоктордун деградацияланышын изилдегендери үчүн татыктуу болушкан.

Тема боюнча: