«Путин — тынчтыкты куруучу». Нью-Йорк көпүрөсүндө Орусия президентинин баннерин илип кетишти

Нью-Йорктун Манхэттен көпүрөсүндө Владимир Путиндин сүрөтү түшүрүлүп, «peacemaker» — «тынчтык куруучу» деген баннер пайда болду. Полиция баннерди ким илгендиги тууралуу иликтөө иштерин баштады.  

Бийиктиги тогуз метрди түзгөн орус президенти Владимир Путиндин сүрөтү түшүрүлгөн баннерди көпүрөнүн түндүк тарабына, Манхэттенди Бруклин менен бириктирген жерине илип кетишкен. Баннерде Путиндин сүрөтү Сирия жана Орусиянын желектеринин фонунда «Тынчтыкты куруучу» деген жазуусу менен тартылган.  

Баннер 6-октябрь күнү болжол менен 14:30дар чамасында пайда болгон, бир сааттан соң полиция аны чечип кеткен.  

«The New York post» гезитинин маалыматына караганда, Путиндин портретин эки киши илип кеткен.

«Биздин кеңсенин терезелери чоң, биз баннерди көтөрүп жаткандарын көрдүк. Эки жигит кыйналып жатып, илип кетишти», — деп айткан окуянын күбөсү Куина Формела.

Жергиликтүү калк баннердин пайда болуу себептерине кызыгышкан.

«Бул Путиндин сүрөтү экенин, орустардын желеги жана "тынчтыкты куруучу" деп жазылып турганын түшүндүк. Бирок, маанисин түшүнө албай турабыз», — деп билдирген күбөлөр гезит редакциясына.  

«Твиттердин» жообу

«Твиттердин» колдонуучулары Нью-Йоркто Путиндин сүрөтү бар баннердин пайда болушу — АКШнын президенттигине талапкер Дональд Трамптын шайлоо алдындагы кампаниясынын иши экендигин жазышты. Себеби, ал орус президентин колдогонун жашырбай келген.

«Трамптын кампаниясы өзүнүн досун, бизнес-өнөктөшүн жана жакшы көрүп жүргөн адамынын сүрөтүн Манхэттендеги көпүрөгө баннерди илип жатат».

«Ой, кандай сонун — Трамп өзүнүн эң жакын досунун баннерин Манхэттен көпүрөсүнө илдирип коюптур».

Путиндин сүрөтүнүн Нью-Йоркто пайда болушу твиттер колдонуучуларынын арасында көп түрдүү пикирлерди жаратты: кыжырдануу, сарказм, түшүнбөстүк жана кубанычтар да орун алган.  

«Владимир Путиндин баннеринин Манхэттен көпүрөсүндө илиниши чексиз кыжырданууну пайда кылды, ал күтүлбөгөн жайдан пайда болуп калган клоун сыяктуу көрүндү».

«Нью-Йорктогу бир канча террордук чабуулдар болгондон кийин, Манхэттен көпүрөсүндөгү коопсуздук мени абдан тынчсыздандырат. Бул тамаша эмес».

«О, кудай! Владимир Путин Манхэттен көпүрөсүндө. Акылдан азган саясат».

https://twitter.com/Muqawamist/status/784137728250306561

«Сонун! Владимир Путиндин сүрөтү түшүрүлгөн чоң баннерин [жазуусу менен] "тынчтыкты куруучу" Нью-Йорктун Манхэттен көпүрөсүнө илип кетишти».

https://twitter.com/RussiansForward/status/784206657719005184

«Америкалыктар Владимир Путинге болгон чексиз урматынан анын портретин "тынчтыкты куруучу" деген жазуусу менен илип коюшту».

https://twitter.com/MissLizzyNJ/status/784110951503106048

«Азыр гана Нью-Йоркто Манхэттен көпүрөсүндө Владимир Путиндин сүрөтүн илип кетишти. 5000-деңгээлдеги тролль».

Жалпыга маалымдоо каражаттары маалымдагандай, учурда эч ким жоопко тартыла элек. Нью-Йорк полициясы жашыруун камераларды текшерип чыгып, баннерди илип кеткен адамдардын өздүгүн аныкташат.

7-октябрь — Владимир Путиндин туулган күнү, ал 64 жашка толду.

Фото: The Guardian