Кыргызстандын экс-ИИМ жетекчиси Турганбаев ардагерлер арасындагы эркин күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта колого ээ болду

Мелис Турганбаев Польшада өткөн ардагерлер арасындагы эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатынан коло байгеге татыктуу болду. Кыргызстандык Чынарбек Изабеков дүйнө чемпиону аталды. 

Ардагерлер арасындагы эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионаты, 7-октябрдан тартып 9-октябрга чейин Польшанын Вальбжих шаарында өттү. Ага Кыргызстандын үч спортчусу: Басылбек Мамытбеков, Мелис Турганбаев жана Чынарбек Изабеков катышышкан. Турганбаев менен Изабеков мелдештин байгелерине татышты.

Экс-ички иштер министри Мелис Турганбаев
Экс-ички иштер министри Мелис Турганбаев

Турнирдин коло медалын Мелис Турганбаев тагынып келди. Спорттук күрөш боюнча федерациясынын вице-президенти жана Кыргызстандын экс-ички иштер министри 51-55 жаш курактагылардын 76килограммга чейинки салмак категориясында мелдешке катышкан.

Жарым финалдык беттешти жапониялык Томацу Какефудага (1:2) эсебинде уттуруп ийип, Турганбаев коло байге үчүн поляк Сильвестр Петр менен күрөшкөн. Натыйжада 11:0 эсеби менен аны жеңип чыккан.

Чынарбек Изабеков менен Валерий Заболотный
Чынарбек Изабеков менен Валерий Заболотный

Чынарбек Изабеков 46 жаштан 50 жаш курактагылардын 97 килграммга чейинки салмак категорияда мелдешке чыгып, турнирдин алтын байгесин ишенимдүү жеңиштердин аркасы менен алды. Кыргызстандык спортчунун финалдагы атаандашы Молдованын балбаны Валерий Заболотный болду. Беттеш 8:0 эсебинде жыйынтыкталып, Изабековдун пайдасына чечилген.

Сауд Аравиялык атаандашы Питер Федерика Ду Презу менен чейрек финалда беттешип 6:1 эсебинде жеңип чыкса, турнирдин жарым финалында поляк Иренеузу Пепловскини 7:0 эсеби менен уткан.

Мурунку жылы өткөн дүйнөлүк чемпионатта Изабеков 85 килограммга чейинки салмак категорияда мелдешке чыгып анда да биринчиликти алган.

А Басылбек Мамытбеков болсо мелдештен медалсыз кайткан.