Москвадагы кыргызстандык мигрант кыз-келиндер кабылган зордук-зомбулук фактылардын көпчүлүгү катталбастан кала берет. Жабыркагандар бул тууралуу үн катпай коюууну артык көрүшөт.
Материалдын түп нускасы «Настоящее время» сайтында жарыяланган, материалдын автору Жибек Бегалиева.
Гүлайым Талантбек кызынын бутундагы гипсти бир жума мурун эле чечишкен, бирок ал жумушуна чыга элек — боюнан түшүрүп алам деп чоочулап жатат. Москва шаарынын тургунун бир ай мурда полияция участогунун жанынан ИИМдин кызматкери коюп кеткен.
«Мен өзүмдү жоготуп койдум, төрт аяктап четке чыгууга аракет кылдым. Муундарым жабыркап, кан агып жатты. Алар башында кош бойлуу экенимди байкашкан жок. Айдоочу дагы дөңгөлөктүн астында калганымды дароо көргөн эмес. Астыдагы милициялар: "Коюп кеттиң! Коюп кеттиң!" деп кыйкырып калышкан».
Участоктун өзүндө Гүлайымдын жолдошу бар болчу. Аны ал жакка документин алып келгиче күткүсү келбеген полициялар алып кетишкен. Гүлайым ошол документтерди участокко алып барып жаткан эле. Гүлайымды коюп кеткен офицер муну билип, жарадар келинди участокко сүйрөп барган. Ал жактан жетекчилеринин бири чыгып, ишти жаап коюуу үчүн беш миң рубль сунуштаган.
Тез жардам чакыртып же коюп кетүү фактысы туурасында териштирүүнү жүргүзүү полициялардын оюна да келген жок. Участоктун өзүндө кош бойлуу келинди бир сааттан ашык кармашкан.
Гүлайымдын жолдошун акыры коё беришкен, анткени анын кагаздарынын бары жайында болчу, ал эми тез жардамды бир сааттан кийин гана чакыртышты.
Диагнозу — ичинен жабык жаракат алып, сол бөйрөгү жана тизелери жабыркаган. Тергөөчүлөр андан бери соттук экспертизаны жүргүзүшкөн эмес. Гүлайымдын айтканына караганда, укук коргоо органдарынын кызматкерлери биринин кылмышын бири жашырып жатышат. Азыр ал болочок наристесинин ден соолугун гана ойлоп жаткан кези.
Бирок, журналист Рахат Асангулованын айтымында, Кыргызстандын мигрант кыздары өздөрүнүн кыргыз жигиттеринин агрессиясынан көбүрөөк жабыркашат. Өздөрүн «патриот» деп атап, чет элдиктер менен сүйлөшкөн кыздарды ур-токмокко алышат, айрымдарын чогуу турган коңшулары же болбосо батирлердин ээлери бура бастырбай коркутуп турушат. Өздөрүнүн жердештери тараптан зордукталгандыгы тууралуу доо-арызы менен кайрылган кыздар чанда гана болот.
«Ал мас болчу, мен кылбаган нерсени жасадың деп күнөөлөдү. Мен ага жооп кайтарсам, мени кемсинтип, ура баштады. Орой сүйлөгөн эмесмин. Такыр үн катпай турдум», — дейт бир нече ай мурун Москва шаарына келген Айдай.
Подмосковьедеги тигүүчү цехтердин бирине ишке орношуп, шаардын четинен кирип жашай турган батир тапкан. Айтылгандардын баары так ошол жерден орун алган.
«Жатсам, жарыкты өчүрүп, аны менен жатышым керектигин айтты. Мени чыгарбай кармап турду. Мен ага жалынып кирдим. Бирөө-жарым эшикти ачып ийгенде качканга үлгүрдүм», — деп Айдай ошол учурду эскерди.
Жаш кыздын жаагы сынып, атайын кармагычтар менен карматылган. Түтүкчө аркылуу гана тамактана алат. Сүйлөгөндө да жаагын ачпай тиштенип алып сүйлөйт. Операция жасатканга каражаты жок. Эми Айдайды сабаган кишини диаспоранын активисттери тапканга аракет көрүп жатышат.
«Ал полицияга кайрылган, бирок алар Айдайдын доо-арызы боюнча эч кандай иш аракеттерди кылышкан жок. Анын ишине көңүл кош мамиле жасалды. Алар ишти териштире баштаган күнү да бардыгын каражат чечет. Шектелип жаткандар акчасын төлөсө коё беришет», - дейт Рашит.
Айдай карып калган ата-энесине эч нерсе деп айткан эмес. Ал адаттагыдай эле, Москвада иши жакшы жүрүп жатканын жана тыйынды айдын этегинде сала тургандыгын гана кабарлаган.
Иллюстративдик сүрөт: Flikr