Америкалык Коллин Вуд Ысык-Көл облусундагы орто мектепте сабак берет. Күз айынын биринчи аптасында ал өзүн жаңы чөйрөдө сынап көргөн: Дүйнөлүк оюндарга катышып, жадагалса медаль да утуп алган.

«Мен эч качан эл аралык спорттук мелдештерге катышам деп ойлогон эмесмин», — дейт прессага интервью берип көнбөгөн Коллин. Ал кыргызча жана орусча сөздөрдү кылдаттык менен сүйлөп жатты.

Миннесотанын тургуну 2015-жылдын апрелинде Кыргызстанга көчүп келип, Чолпон-Атадагы орто мектептердин биринчи англис тилинен сабак берип иштеп келет.

Өспүрүм кезден эле Коллин экзотикалык Борбордук Азия элдерин изилдөөнү көксөгөнүн айтат. Ошондуктан, жогорку окуу жайын аяктагандан кийин, Тынчтык корпусунун программасы менен Кыргызстанга көчүп келгени логикалык кадам болгон.

«Мен Бегайым Акжоловна деген мугалим менен бирге иштейм, экөөбүз отуруп план түздүк. Биз түзгөн окутуу ыкмалары менен балдар гана эмес, мугалимдер да таанышып чыгуусу керек болот, мен кеткенден кийин да бул ыкмаларды колдонуп жүрүшөт деп үмүттөнөм», — дейт америкалык мугалим.  

Коллиндин иш күнү Кыргызстандагы жөнөкөй мугалимдин иш графигинен айырмаланып турат. Ал кыргыз үй-бүлөсү менен бирге жашап, коомдук транспорт менен жүрөт.

Бирок, быйылкы окуу жылы Коллин үчүн өзгөчө башталды. Ал бир аптанын ичинде мугалимдик кесиптен, спортчуга айланды.

Стол үстүндөгү оюн

Август айында ал Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында катышууга билдирүү жөнөткөн. Аталган оюндар 3-8-сентябрь күндөрү Чолпон-Ата шаарында өткөн.

Оюндардын дисциплинасында тогуз коргоол жана мангала да киргизилген эле. Бул оюндарды Коллин убактылуу бирге жашап жаткан үй-бүлөсү менен ойноп жүргөн.

«Биз, америкалыктар, стол үстүндөгү оюндарды спорт деп билебиз — мен абдан таң калдым», — деп эстеди Коллин.  

Оюндарга эки апта калганда Коллин мангала боюнча АКШнын чемпиону болуп, Кыргызстанда өтүүчү көчмөндөр оюндарына телефондогу тиркеме аркылуу машыгып даярдана баштаган.  

«Оюндарга 12 саат калганда гана биринчи жолу чыныгы каршылашым менен ойноп көрдүм», — дейт Коллин жылмайып.  

Даярданууга убакыттын абдан аз болгону Коллиндин көңүлүн чөктүргөн. Бирок, буга карабастан ал мындай жыйынтыкты күткөн эмес.

Ал жеке беттештеги оюндарда утулуп калганына карабастан, командалык оюндарда коло медаль тагынган.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында АКШ утуп алган төрт медалдын бирөөсү Коллинде эле.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын көңүл сыртында

Коллин оюндардан 20 миң сом утуп алып, дароо аялдарга болгон зомбулукка каршы күрөшүп жаткан уюмга которуп берген.

«Биз ыктыярчы болуп иштеп жаткандан соң, коомго пайдабыз тийиши керек, ошондуктан өзүмдүн байге фондумду кайрымдуулукка өткөрүп берүү кыйын болгон жок», — дейт Коллин.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — бул Кыргызстандын Олимпиада оюндарынын альтернативасын түзүү аракети. Оюндар Ысык-Көлдүн жээгинде экинчи жолу өткөрүлүп, 2016-жылы анда 60 өлкөдөн 1000ден ашык спортчулар катышкан.

Оюндар дүйнөлүк прессанын көңүлүн бурган — ал жөнүндө Си-эн-эн, «Вашигтон пост» жана «Гардиан» басылмалары жазган.

Бирок, англис тилдүү макалалар жана видеотасмалар, негизинен, спорттон тышкаркы экзотикага байланыштуу болуп калган — өзгөчө ачылыш салтанаты, Стивен Сигал, же Кырчында өткөн боз үйлөр фестивалы чагылдырылган.

Спорттун бардык түрлөрүнүн ичинен чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын көңүлү көк бөрүгө бурулган — бул оюн полонун аналогу болуп, негизги курал катары башы алынган теке же муляж колдонулат.

Мангала оюнундагы мелдештерге көп көңүл бурулбай калган.

«Бир гана Американын элчилиги Фэйсбукта маалымат жазган», — дейт Коллин медаль жөнүндө сураганда.

Чолпон-Аталык америка кызынын жашоосу күнүмдүк нугуна түштү — ар таңда ал Алыкул Осмонов атындагы орто мектепке жумушка барат, аталган мектеп белгилүү пляждардан алыс тургна ПМК кичи районунда жайгашкан.

Оюндар анын алдыдагы пландарына өз таасирин тийгизген.

«Мен тогуз коргоол жана мангала боюнча ийрим ачууну көздөп жатам. Мен Американын кызы болуп туруп, оюндарга катышып, медаль утуп алганым кызык сезилет. Кыргызстанда алты миллион адам жашайт, алардын көпчүлүгү салттык оюнду ойногонду билишпейт».  

Авторлор: Эдиль Байызбеков, Назым Турганбек жана Нина Петрушкова

Материал Борбордук Азиядагы эл аралык билим берүү дебат ассоциациясынын (IDEA CA) «Жаштар келечектеги демократиянын негизи катары» программасынын медиа-лагериндеги катышуучулары тарабынан жазылган.