Он миң адамга ылайыкташтарылып курулган ипподром жана ден соолукту чыңдоочу комплекс — бул туристтик Чолпон-Ата үчүн көптөн күтүлгөн ири инфраструктуралык долбоор болду. Көп каражат сарпталганына карабастан, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан кийин ээнсиреп калды, ал эми жергиликтүүлөрдүн бул оъекттер мындан ары кандай максатта колдонулаары тууралуу маалыматы жок.
Ат майданга жакындап келип, жолоочу ал жакта эч ким жоктугун дароо сезет. Учурда Чолпон-Атадагы эң ири инфраструктуралык долбоор ээнсиреп турат. Жыйырма чакты адам жана токтоп турган бир канча автоунаа — бул Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан (ДКО) бир айдан кийинки көрүнүш.
Эң биринчи эле, курулуштун кемтик жерлерин жамап жүргөн жумушчуларды көрүүгө болот — таманташ кынап, кире бериштеги дарбазаны тургузуп жатышат. Себеби, ат майданы оюндарга карата шашылыш бүткөрүлгөн эле.
Ат майданына кирүү акысыз, бул күндөрү объект ээнсиреп турат, ат майданында бирин-серин атчандарды көрүүгө болот. Андан сырткары, акча төлөп, ат минип жана жаа атууга мүмкүнчүлүк берилет.
Бир жарым миллиарддык ат майдан
Чолпон-Атадагы ат майданынын курулушу 2016-жылдын февраль айынан август айына чейин жүргөн. Ал 10 миң адамга ылайыкташтырылып, Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигинин билдиргенине караганда, эл аралык стандарттарга жооп берет.
Ат майданында трибуна, комментаторлор каанасы, конференция залы, бутиктер, терасса, сыйлуу коноктор үчүн төр, жүздөгөн автоунаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай — расмий эсептерге караганда, курулуш 1,58 миллиард сомго бүткөрүлгөн.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында ипподромдо: ат чабуу, ат үстүндө жаа атуу, көк-бөрү, салбуурун жана Оюндардын ачылуу салтанаты өткөрүлдү.
Ат майданынын жанында жеке ден соолукту чыңдоочу борбор бар. Анын аянты беш миң чарчы метр болуп, аны «Газпром» компаниясы куруп берген.
Бул жерде мини-футбол, баскетбол, волейбол, гандбол, чоң теннис, бокс жана күрөш боюнча мини турнирлерди өткөрүүгө болот. Трибуналар 600 көрүүчүнү батыра алат.
Ат багуу борбору жана муз аянты
«Этно-маданиятты жана ат спортун өнүктүрүү» комплекси деп аталган ат майданынын администрациясынын билдиргенине караганда, жакында ал Ысык-Көл облусунун тургундары үчүн маданий-оюн-зоок борборуна айланат.
Ат майданынын чарбасынын башчысы Асель Кадыракунова айткандай, администрациянын планында муз аянтчасы, асыл тукум аттардын борбору, стадиондун кире беришине кафе жана дүкөндөрдү куруу, ошондой эле музей ачуу пландалууда.
«Тагыраак айтканда, бул жерде маданий-оюн-зоок борбору жайгашат. Ал бүт Ысык-Көл облусун тейлейт. […] Бүт дүйнөгө дүң болуп туруп, ат майданынын кызматын кайра токтотуп койгон болбойт», — дейт Кадыракунова.
Мисалы, муз аянтчасы автоунаа токтотуучу жайга курулат, а музей — администрация имаратынын экинчи кабатында жайгашат. Ал эми асыл тукум аттарды багуу үчүн «баары бар» — ат сарайлар, допинг-тест өткөрүүчү лабораториялар жана калыстар үчүн жайлар.
Ат майданынан бир канча метр аралыкта турган ден соолукту чыңдоочу комплексте болсо, түрдүү мелдештер өтө баштады — сентябрь айынын ортосунда волейбол боюнча чемпионат өткөрүлгөн, жакында дзюдо спортчулары күч сынашат.
Ат майданынын башчысы Эламан Мамытов билдиргендей, кыргыз, казак жана орус чабандестеринин эл аралык ат-спорттук оюндарын өткөрүп туруу пландалууда.
Анын айтуусунда, эл аралык стандартка толугу менен жооп берүү үчүн мейманкана жетишпейт. Администрация жетекчилиги бизнес-план даяр болгондо мамлекет мейманкана курууга каражат бөлүп берет деп ишенишет.
Ысык-Көл облусунун администрациясынын басма сөз кызматынын өкүлү Жаныбек Кожоев билдиргендей, мейманкана курулушу боюнча сунуш каралып жатат.
«Бул азырынча долбоор бойдон турат. Курулуш тууралуу кеп боло элек, жөн гана сунуштар жана долбоор бар. Көптөгөн чет мамлекеттик фирмалар кызыкдар. Алардын арасында Ысык-Көл облусу үчүн пайдалуураагын тандап жатабыз», — деди Кожоев.
Мамытов айткандай, ат майданынын администрациясы бюджеттик каржылоого өтүүгө аракет көрүүдө, анткени бийликтин колдоосусуз «кыйын болот».
«Эгер бизге мамлекет жардам бербесе, чындыгында кыйын болот. Бизге мамлекеттин жардамы керек — социалдык төлөмдөр, салыктар, электроэнергия жана башкалар», — дейт Мамытов.
«Маданий иш-чаралар аз»
Чолпон-Аталыктардын пикиринде, ат майданынын курулушу жана анда өткөрүлгөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары алардын шаарына оң таасирин тийгизди.
Шаар тургандары Марина жана Нургүл, алардын шаарында инфраструктура курулуп калды, бирок «кечинде бара турган жер жок», Чолпон-Атада маданий-оюн-зоок иш-чаралары аз өткөрүлөт деген пикирде.
«Мына эми катаал мезгил келди — балдар эмне менен алектенишин билбейт, өзүбүз да бир жакка баралы десек, эч нерсе жок, узун кечтерде каякка барышыңды билбей каласың», — дешти алар.
Эсенгүл Алымкулованын айтуусуна караганда, ат майданы курулгандан тартып, Чолпон-Аталыктар өздөрүнө карап калышкан.
«[Көчмөндөр оюндары] абдан сонун болду — инвестициялар тартылып жатат, чет өлкөлүктөр келе баштады, Кыргызстан жаңы тепкичке көтөрүлдү. Бул чолпон-аталыктар үчүн абдан жакшы», — дейт Алымкулова.
Авторлор: Бексултан Кульмаганбетов, Ниссо Баротова жана Бегимай Исаева.
Сүрөт: worldnomadgames.com
Материал Борбордук Азиядагы эл аралык билим берүү дебат ассоциациясынын (IDEA CA) «Жаштар келечектеги демократиянын негизи катары» программасынын медиа-лагериндеги катышуучулары тарабынан жазылган.