Кипр казиносунун дилери оюн бизнесин алдамчылык жок деп эсептейт. Бирок, көпчүлүк учурда оюнчулар тарабынан амалкөйлүктөр болуп тураарын айтат. Крупье өз жумушун тажатма эскичилик деп эсептейт жана жогору айлык маянага карабастан ал жакта «калып калууну» каалабайт.

Kloop.kgнин кабарчысы Кипрдин оюн бизнесинде иштеген казакстандык кыз менен баарлашкан. Крупье кесиби менен ал окуусунун акысын төлөйт, бирок бул кесип университетти таштоого азгырат — алган айлык маянасына «дипломду сатып алууга» да болот деп ойлойт. Каарманыбыз жашоосунун көп бөлүгүн казинодо өткөрүп жиберүүдөн коркот, себеби ал жакта убакыт билинбей өтүп кетет.  

Жеке мүнөзүнө байланыштуу каарманыбыз белгисиз бойдон калууну туура көрдү.

Стереотиптер жөнүндө

via GIPHY

Бүкшүгөн жер төлө, үлбүлдөгөн чырак жана ачуулуу кишилер — казино жөнүндөгү алгачкы көз алдыма тартылган элестер. Бирок, мен ал жакта иштей баштаганда, баары тескерисинче экенин көрдүм.

Крупьенин алгачкы тажрыйбасы

Алгач жолу мен 5-6 жыл мурда, Алматыдагы покер клубунда иштей баштадым. Абдан аралаш сезимдер келе баштады, таң калуу жана өзүңө ишенбестик. Колдорум титиреп, мага баш ийбей калды. Мен эч нерсени укпай, көрбөй, түшүнбөй калган сыяктуудай болдум. Мени окутушкандай, автоматта иштөөгө аракет кылдым.

via GIPHY

Залга биринчи чыкканым — абдан оор учур болгон. Тажрыйбалуу оюнчулар дилерге психологиялык жактан басым жасаганга аракет кылышат.

Кесипке келген жол

Дилер болуп иштөө үчүн окутуудан өтүү зарыл. Негизи, казинолор алгач окутуу курстарына чакырышат. Ал жерде дилердин жумушу жөнүндө таптакыр маалыматы жок адамдар чогулат. Аларга базалык билим алышып, фишкалар, карталар, түрдүү комбинациялар жана төлөм жүргүзүү таблицалары тууралуу окутулуп үйрөтүлөт.

via GIPHY

КМШ өлкөлөрүндө казинолор жөн гана адамдарды чогултуп окутушат. Кимдир бирөө калат, айрымдар кетүүгө аргасыз болушат.

Кипрде болсо, окутуу үчүн акы алышып, жумушка орноштурууну моюнга алышпайт. Окутууга гана багытталган крупьелердин мектептери бар. Адамдар акча төлөп, бүткөн соң сертификат алышып, түрдүү казинолорго сунуштоо жана жумушка орноштуруу ичинде болот. Окутуу бир жарым-эки айга созулат.

Айлык маяна тууралуу

Крупьелер жакшы акча табышат. Кипрдин чен-өлчөмү да ушундай. Тренингдерде окутулгандар $1300 алышат. Тажрыйбалуу дилерлер — $1500. Экстралар 12 сааттык сменге $100дан алышат. (Экстра — Кипрдеги чакыруу менен келе турган жумушчулардын жалпы аталышы).

via GIPHY

Мен окууну жана жумушту бир убакта алып барам. Дилер кесибиндегилерге бул абдан татаал.

Иштеп тапкан акчамды окуум үчүн төлөйм. Бирок, чынын айтканда окууну таштап салам деген да ойлор болгон. Себеби, казинодо иштеп, көп акча таап, дипломду сатып алса да болот деп ойлонуп каласың.

Дилерге болгон талаптар

Дилер ар дайым сулуу көрүнүп туруусу зарыл. Катуу талаптар жок.

via GIPHY

Кипрдеги бир казинодо бою 174 сантиметрден кыска эмес, бирок 180ден узун эмес, сары чачтуу кыздарды жумушка алышат деп уккам. Бирок, тулку бою идеалдуу болгон 50 адамды табуу да кыйын.

Жумуштун өзгөчөлүктөрү

Казинодогу жумуштун терс жагы — түнкү жашоо образда жашаганың үчүн досторуң менен көрүшө албайсың.

via GIPHY

Казинодо көпчүлүк учурда студенттер иштешет. Алар кошумча акча таап, күнүмдүк чыгымдарын каптап турууга жумуш издешет. Казинодогу жумуш тууралуу көчөдө илинген жарыялардан таап келишет.

Казинодо саат жок. Жумушчулар жана оюнчулардын убактысы билинбей өтө берет.

Крупьенин жумушу — кызыксыз эскичилик. Мен бүт өмүр казинодо иштей албаймын.

Мен крупьелик жумушка 15 жылдык өмүрүмдү берип коюудан корком. Мен мунун баарына чек коюу үчүн болгон аракетимди жумшайм. Бирок, беш жыл өтүп кетти, байкабай да калдым. Азгырылып кетип жатканымды билип атам.

Кардарлар жана алардын айырмачылыктары

Адамдар акча утуп алышат жана уттурушат, муну алдын ала билүүгө болбойт. Бул көрүнүштү четтен байкап туруу абдан кызык. Бир адам чоң акчаны сайганда, «утабы же утулабы?» деп ойлонуп каласың.  

via GIPHY

Оюнчулардын категориялары ар түрдүү. Айрымдар эс алууга келишет — алар бай адамдар категориясына кирет.

Гэмблинг менен жашагандар бар. Алар казиного утуп алуу үчүн келишет да, ошо уткан каражатына жашашат. Дагы башкалары жөн гана кумарга баткандар, алар оюн жараянын жактырышат.

Кипрдеги казинодон баарын жолуктурууга болот: түрдүү улуттагы, жаш курактагы жана бай-кедей дегендей. Баарынын көздөгөнү бир — утуп алуу.

Кара тизмеге кирип калгандар казиного киргизиле берет, бирок ойной албайт. Кара тизмеге түрдүү себептерден улам кирип калышат.

Казиного кирээрде сөзсүз дресс-код каралат. Жаш чектөөлөр да бар — 24 жашка чейинкилер казиного киргизилбейт. Студенттер да кирүүгө мүмкүн эмес. Дилерлер болсо башка казинолордо ойной албайт.

Казино жана жалган

Кардарларды алдаган учурлар болобу? Мен билбейм. Мен оюнга келгендер казинону алдап кетебиз деген ойдо өздөрүн өздөрү гана алдашат деп эсептейм.

via GIPHY

Кардарлар алдап кеткен учурлар болдубу? Албетте, алар казинону алдап кетүү үчүн келишет да, ар дайым амалкөйлүк кылууга аракет жасашат. Муну болтурбоо үчүн дилерлер жана «асмандагы көздөр» — камералар бар.