Салык кызматы зордуктоого аракет кылгандыкта айыпталган кызматкерин текшерет

Мамлекеттик салык кызматы өзүнүн кызматкерине карата кызматтык териштирүү иштерин баштады. Салыкчы Ош облусунун Кара-Суу районундагы базарда мушташка жана зордуктоого аракет кылгандыкка айыпталган.

Мамлекеттик салык кызматынын (МСК) басма сөз катчысы кабарлагандай, кызматтык териштирүү иштери «мамлекеттик кызматкердин этикалык эрежелерди бузганы» боюнча жүргүзүлүүдө. Эгер күнөөсү далилденсе, анда Кара-Суу базарындагы мушташ үчүн мекеменин кызматкери жоопкерчиликке тартылат.

«МСКнын жетекчилиги салыкчынын мындай жүрүм-турумун айыптайт, анткени мамлекеттик кызматкер катары мекеменин ар бир кызматкери өзүнүн жүрүм-туруму менен үлгү болушу керек», — делет пресс-релизде.

Кара-Суу базарында жумушчу менен салыкчынын ортосундагы мушташ 5-октябрда болгон.

«Фейсбук» социалдык сайтынын «БеспределKG» тобунун баракчасында Эркин Алмакеев анын аялын салык кызматкери зордуктоого аракет кылганын жазып чыккан.

«Мен контейнерлер катарын тазалап жатканымда, Бишкектин таксилери турган жактан аялымдын жардамга чакырып жаткан үнүн угуп калдым. Жүгүрүп жетип барып, жубайымды зордуктоого аракет кылып жаткан эркекти көрдүм. Бул киши салык кызматында иштейт экен», — деген Алмакеев.

Алмакеевдин ишендиришинче, салык кызматкери «мас» абалында болуп, «өзүнүн досторун чакырган», алар биригип, аялын коргоп жаткан кишини сабап салышкан.

«Ооруканадан жыртылган жерлеримди тигип эле, бир көзүм жакшы көрбөй, башым айланганы токтой электе эле чыгарып салышты», — деп жазат ал.

ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев болсо, «милицияга эки тарап тең кайрылганын» 6-октябрда Kloop.kgге айтты —  салык кызматкери базар жумушчусу, тескерисинче, аны уруп салганын айткан.

Башкы сүрөт иллюстративдик