Кантип чиновник 440 гектар жайыт жерди туугандарына жана жакындарына таратып жиберген?

Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысы Таалайбек Куланбаев өз туугандарына жана жеке адамдарга мамлекеттик жайыттын 440 гектарын таркатып жиберген.

Көк-Мойнок айыл аймагы Ысык-Көлдүн батыш жагында жайгашкан. Бул жерде жалпы жер аянты 75 миң гектардан ашат, анын 95 пайызы — мамлекеттик жайыт жер.

2012-жылдан 2015-жылга чейин бул жакта 440 гектардан ашуун жайыт жер жеке адамдардын ээлигине өтүп кеткен. Бул 2009-жылы кабыл алынган жайыттар тууралуу мыйзамга туура келбейт — бул жерлерди өткөрүп берүүгө, аларга имарат салууга, бир нерсе өстүрүүгө болбойт, аларды мал жайыш үчүн гана пайдаланууга уруксат.

Жерлерди өткөрүп алуу Таалайбек Куланбаев айыл өкмөтүнүн башчысы болуп келгенден тартып башталган. Жергиликтүү депутаттардын колундагы документтерге ылайык, ал өз туугандарына гана эмес, башка аткаминерлердин туугандарына, алардын уулдарына жана жээндерине да жер тараткан.

Биринчи жолу жер 2012-жылы берилген. Анда Куланбаев өкмөттүн тиешесиз токтомунун негизинде жеке адамдарга 21 гектар жерди өткөрүп берген.

Жайыт жердин мыйзамсыз берилгенин жерди пайдалануу жана коргоо боюнча инспектор Роман Шамшиев да ырастады. Жетекчиликке жазган катында ал жайыттар тууралуу мыйзам токтомдон жогору тураарын, Куланбаев төмөнкү даражадагы нормативдик актыны колдоно албай турганын жазган.

«Мыйзамдуулуктун даражасына ылайык Конституцияга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген нормативдик укуктук актыларды колдонууга эч кимге жол берилбейт, демек жобо мыйзамга жана кодекске каршы келбестен, ага ылайык келиши керек», — деп жазат ал.

Сот жерди өткөрүп берүүнү колдоду

Жерлердин өтүп кеткенин билген айылдык депутаттар Куланбаевди сотко берип, бирок эки истанцияда — райондук жана район аралык соттордо утулуп калышты.

«Биз жерлерди өткөрүп берүүнү токтотууну талап кылдык. Бизде бош жер жок. Асанова төрайымдык кылган район аралык сот болсо  2008-жылдагы токтомду мыйзамдуу деп таанып, жерге карата укукту каттоого Мамкаттоону милдеттендирип койду. Ошол 20 гектардан баштап Куланбаев мыйзамды аттап өтсө болоорун түшүндү да, 440 гектар жерди жеке адамдарга сатып жиберди», — дейт айылдык кеңештин депутаты  Кубанычбек Султанов.

Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын айтымында, жайыттарды бөлүүдө жалпы чогулуш болгон эмес, сынак өткөрүлгөн эмес, ал эми участкаларды өткөрүп берүү боюнча чечимдерди Куланбаев өзү кабыл алган.

Жайыттар өткөрүлүп берилген адамдарын тизмеси (толук эмес):

  • Шайлоо Куланбаев — Куланбаевдин агасы — Шомпор-Сазда 20 гектар, Орто-Бөйрөктө 5 гектар, Баш-Бөйрөктө 1,5 гектар алган.
  • Р. Куланбаев — аткаминердин иниси — Кара-Талаада 4 гектар жер алган.
  • Жоомарт Мааданбеков — Куланбаевдин тууганы — Баш-Бөйрөктө 8 гектар, Таш-Сарайда 2 гектар жер алган.
  • Жандарбек Жолбураков — Көк-Мойнок-2 айылынын башчысы — Талды-Булакта 5 гектар жер алган, анын атасы Кадыраалы Жолбураков Кууакыда 3 гектар жер алган, жээни Көк-Мойнок капчыгайында 10 гектар жер алган.
  • Айылдык кеңештин төрагасынын баласы Максат Орозалиев «Экопосттун» жанынан 10 гектар жер алган.

Толук тизмени бул шилтемеден тапсаңар болот.

«Көк-Мойноктогу жаштарга сот да, Мамкаттоо да жерди мыйзамдаштырып алганга жол беришпейт. А эмне үчүн бишкектиктер, балыкчылыктар, айыл өкмөт башчысынын жана жергиликтүү кеңеш башчысынын туугандары жер алышат да, жөн адамдар ала алышпайт?» — деп ачууланды айылдык депутат Кубанычбек Султанов.

Тоң районунун Кадастр жана жер бөлүштүрүү бөлүмүнүн башкармалыгынын башчысынын орун басары Кудайберген Тентимишов жайыттарды бөлүп берүүдө мыйзам бузулганын моюнга алды, бирок анын айтымында, ал соттун чечимине баш ийип, жерди бөлүп берүүгө аргасыз болгон.

«Мен биринчилерден болуп каттоодон баш тарткам. Бирок алар сотко беришти. […] Анан сот органдары "ооба, Куланбаев туура кылды" деген чечим чыгарып беришти. Тилекке каршы, биз сот чечимдерин аткарышыбыз керек болчу. Аткарышка туура келди. Анан биз болжол менен 32 жер участкасына күбөлүк бердик», — дейт ал.

Укук коргоочу Рита Карасартова, сот чечимдеринин иргеме мамилесине эмне үчүн айыл администрация башчысы Куланбаевдин мисалында сот аны жоопко тартуудан баш тартып, ал эми башкаларды бир нече жылга соттогонуна таң калат.

Ал селден кийин бир фермер кой короосун жылдыра коюп анча-мынча мамлекеттик жайытты ээлеп алып, ал үчүн колунда уруксат кагаздары болсо дагы үч жылга соттолгонун мисал келтирди.

«Жайыттар — мамлекеттин жерлери, андай болсо эмне үчүн ушундай болуп атат деген суроо келип чыгат. Демек, анча-мынча уурдаса болбойт экен, антсең кесилип кетесиң, ал эми чоң уурдасаң жолуң ачык экен да», — деп таң калат ал.

Жайыттардагы бакчалар жана үйлөр

Жерлер өткөрүлүп берилгенден кийин алардын айрымдарынын ээси алмашып же сатылып кеткен.

Фермер Мирлан Токбаев ошондой участоктордун бирин Виктор Чайкадан сатып алган, ага бул жерди Куланбаев 2012-жылы бөлүп берген.

Азыр ал жайытта өрүк багы турат, ага Токбаев үч жылдан бери кам көрүп келет.

«Участокту алганыма эки жыл болуп калды. Эки миллиондой чыгым кетти. Эки жылдан бери жерди тазалап, бактарды кыйыштырып, сугарып келатам — анын баары чыгым. Суу акысын, ижара акысын төлөйм», — дейт ал.

Мисалы, Таш-Сарай айылынагы жайыттарда турак үйлөр курулууда, бул мыйзамды бузуу болуп эсептелет.

«Ал жакка турак үй курганга болбойт. Эгерде ал кайсы бир жайыт түзүмүүн бир бөлүгү болсо, мисалы кой сарайдын жанында болсо, анда чабандын үйүн курса болот, бирок ал турак жай имаратына кирбейт деп биз так ошону айтып келатабыз. Турак жай имаратын калктуу пункттардын аймагында гана салса болот», — деп түшүндүрдү мыйзамды Конституциялык палатанын судьясы Чынара Айдарбекова.

***

Жайында Таалайбек Куланбаев соттун чечими менен кызматтан алынган, августта Жогорку сот бул чечимди ырастап, аны кызматында калтырбай турган болуп чечти. Ал эми 6-июлда жайыт жерлерди мыйзамсыз берүү жана акчаны коротуу фактысы боюнча ага каршы кылмыш иши ачылды.

Куланбаев өзү Kloop.kgнин кабарчысы менен сүйлөшүүдөн бир нече жолу баш тартып, адегенде телефондон интервью берүүнү каалабай, кийин сот иши жүрүп жатканда журналисттер менен сүйлөшкүсү келбей койду. Бирок Жогорку соттун чечиминен кийин Куланбаев дагы эле интервьюдан баш тартып, телефонго жооп бербей койгон.