«АКИпресс» агенттигинин алдындагы долбоору болгон Turmush.kg сайтында Кызыл-Кыянын базарындагы үч жүз сомдук жасалма купюра тууралуу материал жарык көргөн. Кыргызстандын ИИМи материалдын авторун суракка алып, ал бул маалыматты кайдан алганын билгиси келет.
Басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Баткен облусунун ИИБине жана Кыргызстандын ИИМине номиналы 300 сомдук жасалма купюра тууралуу маалыматтар келип түшкөн эмес. Жасалма купюра тууралуу Turmush.kgин журналистинин материалында гана сөз болгон.
ИИМдин басма сөз борборунун кызматкери Эрнис Осмонбаев Кызыл-Кыянын ИИБине жасалма акча тууралуу арыз менен эч ким кайрылбаганын билдирди.
«Азыр биздикилер [Баткен милициясынын кызматкерлери] ал базарды изилдеп атышат. Биз кабарчыдан да бул купюранын сүрөтүн кайдан тартып алганын сурайбыз. Маалыматты кайдан алганын ал айтышы керек да», — деди Осмонбаев.
Осмонбаев Баткен ИИБи жасалма купюраны издеп «Айбек» базарын кыдырып, материалдагы жасалма акчаны сатып алган кишини издеп жатканын айтты. Осмонбаевдин айтымында, эгерде 300 сомдук купюраны сатып алган адам аны соодага жумшап жибербесе, ал эч кандай чочулай турган жөнү жок. Бирок ал жасалма акчаны милицияга көрсөтүп, кулак кагыш кылышы керек болчу.
«Биз мурун деле аймактарда жасалма акча кездештирчүбүз, бирок колдонууда жок купюраларды жасашканын биринчи угушум», — деди ал.
Улуттук банктын басма сөз кызматы 300 сомдук купюраны бул мекеме чыгарбаганын, ал эми банк банкноттордун эскиздерин иштеп чыгууга дизайнерлер арасында сынак өткөрбөгөнүн билдирди.
«Кыргызстанда дегеле колдонууда жок номиналдагы же альтернативалык сүрөтү бар купюралар өндүрүлгөн жана чыгарылган учурлар болгон эмес», — деди КРУБнын басма сөз борборунун кызматкери Айгүл Молдобекова.
Калк чыныгы акчаны жасалмасынан айырмалай билиши үчүн Улуттук банк бүт Кыргызстан боюнча «Сом — Кыргызстандын жүзү» аттуу маалымат жана билим берүү өнөктүгүн такай жүргүзүп келет. Бул өнөктүктү банк 1999-жылдан бери жүргүзүп келатат.
Жасалма үч жүз сомдук купюра тууралуу 12-октябрда «АКИpress» агенттигинин алдындагы долбоору болгон Turmush.kg маалыматтык сайтынын журналисти жазып чыккан. Өз материалында ал Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын «Айбек» базарында бул купюраны сарптаганын эске салган. Материалда кийинчерээк аны жергиликтүү тургун кадимки акча төлөп сатып алганы көрсөтүлөт.
Материалдын иллюстрациясы катары дизайн боюнча чемпионатка даярдалган кыргыз дизайнерлеринин иштери пайдаланылган. Чыңгыз Айтматовдун сүрөтү бар купюралардын авторлору — концепттерди иштеп чыккан Олег Ермаков (Steel Drake) жана I-Media Creative Bureau дизайнери Марсель Шейшенов.
Жогорку купюранын дизайнынын автору Олег Ермаков 300 сомдук дизайнды 2010-жылы дизайнерлердин жыл сайын өтүүчү «Design Cup» аттуу виртуалдык мелдеши үчүн жасап чыкканын айтып берди.
«Бул ишти жасалма акча чыгаруучулар пайдаланабы-жокпу, мага баары бир. Бирок бул ошол чыгарма жакшы болгонун даана көрсөтүп турат», — деди ал.
Turmush.kg сайтынын журналисттери өз материалы, анын автору тууралуу комментарий берүүдөн жана материалдын иллюстрациясы катары купюранын чыныгы сүрөтү коюлганбы же дизайнерлердин ишиби деген суроолорго жооп берүүдөн баш тартышты.
Kloop.kgнин редакциясы телефон чалгандан кийин 300 сомдук купюра тууралуу материалга толуктоо киргизилди — сайттын редакторлору материалды кыргыз дизайнерлеринин иштери менен иллюстрациялашканын такташты.
Башкы сүрөт: Олег Ермаков автору болгону 300 сомдук купюранын дизайны