Кыргызстандын бийлиги Максим Бакиевге каршы берилген доо арыздын кайра чакыртылып алганын моюнга алды, бирок аны менен соттошууну уланта берет

Undated file picture shows Maxim Bakiyev, the son of the Kyrgyz President Kurmanbek BakiyeV and a wealthy businessman and economics minister in his father's governmentin attends a meeting in Bishkek, Kyrgyzstan. Maxim Bakiyev was arrested by immigration officials at Farnborough airport after arriving on a private jet from eastern Europe. The son of Kurmanbek Bakiyev, who was ousted as president in April, employed mercenaries to launch ethnic attacks by uniformed Kyrgyz gangs on Uzbek neighbourhoods in the southern towns of Osh and Jalalabad. EPA/STR

Соттук өкүлчүлүк борбору Кыргызстан Максим Бакиевге каршы жарандык доо арызын кайра чакыртып алганын моюнга алды, бирок анын себеби белгисиз. Бийликтегилер өлкөдөн куулган президенттин уулу менен соттошо берээрин айтышууда.

Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү Кыргызстандан куулган президент Курманбек Бакиевдин уулу, Кыргызстанда каржылык мыйзам бузуу боюнча айыпталып жаткан Максим Бакиев менен соттук талашты улантышат.

Бул тууралуу «Хикман энд Роуз» компаниясындагы Максим Бакиевдин юристтери доо арыздын кайра чакыртып алынышы тууралуу айтып чыккандан бир күн өткөн соң, Соттук өкүлчүлүк департаментинин (СӨД) 12-октябрдагы билдирүүсүнөн улам белгилүү болду.

СӨД өз билдирүүсүндө Кыргызстан доо арызды чакыртып алышынын себептерин түшүндүргөн жок. Максим Бакиевдин юристтеринин билдирүүсүндө да кандайдыр себептер көрсөтүлгөн эмес.

Кыргыз өкмөтүнүн сот өкүлдөрү ишти токтотуу тууралуу маалымдама «Кыргыз Республикасынын кандайдыр мындан аркы жана башка укуктары үчүн зыян келтирбей тургандай кылып берилгенин»  белгилешти.

«Айрым процессуалдык жагдайларды тактаган соң бул багытта (Бакиев менен соттук териштирүү) улантылат, Кыргыз Республикасынын пикири боюнча анын жыйынтыгы жакшы болот», — деп жазат СӨД.

Соттук өкүлчүлүк департаменти Кыргызстан тарап доо арызын чакыртып алышын соттук талаштагы «Максим Бакиевдин жеңиши» катары карабаш керек деген көз карашта бекем турат.

«АУБдун» банкроттугу үчүн компенсация

Борбордун маалыматы боюнча, Кыргызстандын Социалдык фондунун жана «Кыргызстандын өнүктүрүү фонду» ЖАКнын атынан жарандык доо арыз бир нече жаранга каршы берилип, алардын арасында Максим Бакиев жана «АзияУниверсалБанктын»  мурдагы төрагасы Михаил Надель болгон.

«Доо арыз "АУБду" банкроттукка жеткирүүнүн натыйжасында Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана "Кыргыз Республикасын өнүктүрүү фонду" ЖАКнын "АУБ" ААКда жайгаштырылган депозиттерине келтирилген зыянга тиешелүү болгон», — деп жазат СӨД.

Сот өкүлдөрү өз билдирүүсүндө Лондондун Жогорку соту 5-сентябрда Наделге каршы анын келтирилген зыян үчүн жоопкерчилиги тууралуу чечим кабыл алганын, ошондуктан андан компенсация өндүрсө болоорун жазышууда.

«Кыргыз Республикасы Максим Бакиев "АУБ" ААКын банкроттукка чейин жеткирүүгө жеке өзү салым кошкон, өз кезегинде бул Кыргыз Республикасына зыян алып келген деген позициясында дагы эле турат», — деп жазат борбор.

Кыргызстандын доо арызы 11-октябрда кайра чакыртылып алынган. Бул тууралуу Максим Бакиевдин кызыкчылыгын коргогон «Хикман энд Роуз» юридикалык компаниясы билдирген.

Юристтердин маалыматы боюнча, доо арыз Бакиев жөнөкөйлөштүрүлгөн сот өндүрүшү тууралуу өтүнүч кат берүүгө даяр экенин билдирген соң чакыртылып алынган — мындай учурда иш кайсы бир тараптын пайдасына толук сот териштирүүсү жок эле чечилиши мүмкүн.

«Прецедент»  юридикалык фирмасынын башчысы Фатима Якубаева бул өтүнүч катты «саясий опуза» деп атады. Анын айтымында, Кыргызстандын бийлиги доо арызды чакыртып алганы Бакиевдин колунда анын күнөөсүздүгү тууралуу «айныксыз фактылар» бар экенин билдириши мүмкүн.

Максим Бакиевдин иши

Максим Бакиев — 2010-жылы Кыргызстандан куулган президент Курманбек Бакиевдин уулу. Ага кызмат абалын ашкере пайдалануу, уурдоо жана өлкөнүн кызыкчылыгына каршы мамлекеттик сатып алуу боюнча айып коюлууда.

Ал 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин өлкөдөн чыгып кеткен.

Биринчи май райондук соту 2013-жылы Максим Бакиевди үй мүлкүн конфискациялоо менен 25 жылга эркинен ажыратууга өкүм кылган.  

2010-жылдын май айында ага Интерпол боюнча издөө салынган. Максим Бакиев Улуу Британиядан саясий башпаанек сураган — ага өлкөнүн аймагында убактылуу турганга уруксат берилген.

Эки жылдан кийин Лондондун полициясы аны АКШнын өтүнүчү менен Максим Бакиевди кармаган. Лондондун арбитраждык соту анын Кошмо Штаттардагы каржылык алдамчылык боюнча ишин караган. Максим Бакиев алигиче Улуу Британияда турат.