«Менин сутенёршаларыма тийбегиле» деп өтүнгөн милиционердин кызмат абалы төмөндөдү

«Менин сутенёршаларыма тийбегиле» деп өтүнгөн милиционердин кызмат абалы төмөндөп, ал милицияда өз ишин улантат, деп кабарлады Бишкек ШИИБ.

«Менин сутенёршаларыма тийбегиле» деп кесиптештеринен өтүнүп жаткан жеринен видеого тартылып калган милиционердин өздүгү кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында аныкталды. Бишкек ШИИБ кабарлагандай, ал Свердлов районунун №10 шаардык милиция бөлүмүнүн коомдук коопсуздук башкармалыгынын башчысы Пардабай Намазбаев болуп чыкты.

ШИИБнин басма сөз кызматынын кызматкери Олжобай Казакбаев жоопкерчиликке Намазбаев гана тартылганын Kloop.kgге билдирди.

«Ал ИИБнин коомдук коопсуздук боюнча 10-бөлүмүнүн башчысы Пардабай Намазбаев экени далилденди. […] ИИМ менен ШИИБнин биргелешкен кызматкерлер тобу анын өздүгүн аныктап, күнөөсүн далилдешти», — деди ал.

Мындан тышкары, видео тартылган жер да аныкталды — ал Свердлов районунун №10 шаардык милиция бөлүмүнүн коомдук коопсуздук башкармалыгынын башчысынын кызмат кабинети болуп чыкты.

Басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкек ШИИБ Намазбаевге дисциплинардык жаза чегерип, анын кызматын төмөндөттү.

«Ал кызматтан алынган жок, кызматы төмөндөтүлдү. Ал органдарда ишин улантып жатат, болгону кызматы төмөн болуп калды», — деди Казакбаев.

Ички иштер министрлиги 12-октябрда мекеме жетекчилигинин көрсөтмөсү менен кызматтык иликтөө баштаган.

Милиционерлердин сүйлөшүп жатканы тартылган видеону 10-октябрда НТС телеканалынын журналисти жарыялаган — анда милиция кызматкерлеринин бири «менин сутенёршаларыма тийбегиле» деп өтүнүп жатканы көрүнүп турат.

Видеодо Пардабай Намазбаев өзүнөн кызматы төмөн кызматкерге кайрылып, «качан болсо менин сойкуларым менен сутенёршаларымды кармай бересиңер» деп ачууланган.

«Бул сойкуларга тийбегиле деп канча жолу суранам! Райондо 35 сутенёрша болсо, силер дайыма жалаң меникин гана кармайсыңар. Чалсам телефонду албайсыңар. Бул эмне, атайын кылганыңарбы мага? Же мага таарынычыңар барбы?» — дейт жашыруун камерага түшүп калган милиционер.

Видео коомдук тармактарда кызуу реакция жаратып, Бишкек милициясы «сойкуларга аңчылык» жарыялаган соң беш айдан кийин жарыкка чыккан. Бишкек ШИИБи шаарды сойкулардан бир жумада тазлап чыгууга убада берген эле.

Шаардык милиция ал кезде өз рейддерин жакында туристтик маал жана ыйык Орозо айы башталып жатканы менен түшүндүргөн болчу.

Сойкулар өздөрү «биздин ишибиз кылмыш болуп эсептелбейт» деп рейддерге каршы чыгышкан. Алардын айтымында, алардын кызматынан милиционерлер өздөрү деле пайдаланышат.