Прокуратура: Мушташкан балдардын видеосу Кыргызстанда тартылган, ал боюнча иш козголду

Өзгөн райондук прокуратурасы бештей чоң киши эки кичинекей баланы мушташтырып жаткан видеонун катышуучуларын аныктап чыкты. Бул тууралуу маалыматты Ош облустук прокуратурасы бергенин «Азаттык» билдирет.

Маалымат каражатынын билдиргенине караганда, текшерүүнүн жүрушүндө бул окуя 2016-жылдын августунда болгону аныкталды. Ош облусунун Өзгөн районундагы Кош-Коргон айылынын эки тургуну өз ара сүйлөшүп алып, өздөрүнүн балдарын мушташтырган. Балдардын бири алты, экинчиси жети жашта.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, «жашы жете элек баланы кылмыш ишине тартуу» жана «жашы жете элек баланы тарбиялоо боюнча милдетин аткарбай коюу» үчүн кылмыш иши козголду.

«Азаттык» радиосу бардык материалдар Өзгөн районунун ИИБне жөнөтүлгөнүн билдирет.

Ошондой эле маалымат каражатынын кабарында Өзгөн районунун прокуратурасы бул тасманы Кыргызстандын аймагында көбөйтүүгө жана таратууга тыюу салуу жана бөгөт коюу тууралуу доо арыз берди. Тасма «жашы жете электер жана майда балдар арасында зомбулукту жана таш боордукту үгүттөөнү» камтыйт. Өтүнмө Өзгөн райондук сотунун кароосунда турат.

Видео «Фейсбук» коомук тармагынын «Антикоррупция KG» тобунда 30-сентябрда пайда болгон. Тасмада эки кичинекей бала мушташып, ал эми чоңдор аларды чөнтөк телефонго тартып, мушташты улантууга балдарды көкүтүп турушат. Мушташ учурунда балдардын биринин мурдунан кан агып жатат, бирок чоңдор таймашты токтотушпайт.