Чек ара кызматы «Манас» аба майданында Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) жарандарын Кыргызстандан Кызыл китепке кирген төрт ителгини мыйзамсыз алып чыгып баратышкан жеринен кармап калды.
БАЭнин эки жараны «Бишкек-Дубай» каттамына түшүп бараткан жеринен кармалды. Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, паспорттук көзөмөл учурунда эле алардын жүрүш-турушу башкача болчу. Чек арачылар алардын документтерин текшерсе, баары жайында болуп чыкты. Бирок алар чет элдиктердин иш-аракетин байкап турууну чечишкен.
Учактын бортуна көтөрүлгөндө алардын кыймыл-аракети борт коштоочу айымдын көңүлүн бурган.
«Алар шашылыш түрдө чөнтөгүнөн бир нерсе алып чыгып баштыгына сала башташкан. Борт коштоочу айым чек ара кезметин чакырган», — деп айтылат билдирүүдө.
Бул жүргүнчүлөрдү текшере келгенде алардын жанынан башына калпакча кийгизилген, буттары менен канаттары байланган төрт ителги табылган. Чет элдиктер ителгилерди шымдын ичиндеги дамбалында, «тизеден ылдый атайын тигилген кошумча чөнтөктөрүндө» алып өтүшкөн.
Эколог Эмил Шүкүровдун айтымында, ителгилер Кыргызстандан негизинен араб өлкөлөрүнө алынып кетет, анткени ал жакта абдан кымбат бааланат.
Бул канаттуулар БАЭнин символу катары эсептелип, эмираттардын акча банкнотторунда жана гербинде тартылган. Ителги салуу ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурасынын — адамзаттын жандуу мурасынын — тизмесине Сауд Аравиясы, БАЭ, Испания, Франция, Монголия, Марокко, Катар, Словакия, Сирия, Чехия, Түштүк Корея сыяктуу өлкөлөрдүн атынан киргизилген.
Шүкүров ителгилерди алып чыккандар негизинен канаттууларды чет өлкөгө алып чыгуунун жолдорун билген алып сатарлар экенин айтты. Канаттууларды кармаган адамдар адатта аларды алып, өздөрү чек арадан өтпөйт.
Анын айтымында, ителгилер эки башка ыкма менен кармалат: аңчылар алардын балапандарын уясынан алышат же чоңойгондорун жер которуп бараткан кезде кармашат.
«Биздин өлкө аркылуу ителгилер Казакстан менен Алтайга ооп, түштүккө учушат. Жазында алар биздин аймак аркылуу түндүккө учушат. Ошол учурда аларды биздин аймактан кармашат», — деди ал.
Шүкүров уя салган ителгилер азайып баратканын, бул болсо аларды колго түшүрүү дагы эле улантылып жатканынан кабар берээрин кошумчалады.
Анын айтымында, канаттууларды чет өлкөгө алып чыгууга аракет кылып жаткан жеринен кармалган кишилерди мыйзам белгилеген акчалай айыптар гана күтүп турат.
«Менимче, бул чара жетишсиз, анткени бул жөн эле мыйзамсыз кармап алып мыйзамсыз сатуу эмес — иш жүзүндө бул Кызыл китепке кирген түрдү жок кылууга тете», — деди эколог.
Ал мындай кылмыш үчүн алда канча оор жаза каралышы керек деп эсептейт.
«Алып сатарлар ашып кетсе айып төлөп эле кутулуп кетишет. Бирок алып сатарларды эле эмес, канаттууларды кармагандарды да катуураак жоопкерчиликке тартыш керек», — деди ал.