Бакиевдин «аялы» Беларус президентинин Иш башкармалыгынын мейманканасына директор болуп дайындалды

Өлкөдөн куулган президент Курманбек Бакиевдин «экинчи» аялы Назгүл Төлөмүшева Беларуста «Минск» мейманканасын жетектеп калды. Мейманкана Беларус президентинин Иш башкармалыгына карайт.

Төлөмүшеванын дайындалышы тууралуу «Комсомольская правда» гезитинен белгилүү болду — басылма менен болгон маегинде ал бул маалыматты өзү ырастаган.

Мейманкананын мурдагы жетекчиси Николай Журавский ишкананы 18 жыл башкарган. Анын ордуна келген Төлөмүшева туризм тармагында белгисиз, мурда ал «На Замковой» мейманканасынын менеджери болуп иштеген.

Расмий түрдө Курманбек Бакиевдин аялы болуп Татьяна Бакиева эсептелет. Бирок алардын ажырашканы тууралуу маалыматтар басма сөздө жана ачык маалымат булактарында кездешкен эмес.

2011-жылы «Аят-пресс» гезити Төлөмүшева менен болгон маекти жарыялап, анда ал 1995-жылдан бери Бакиевдин «экинчи» аялы экендигин, алар 1993-жылы сулуулар сынагында таанышканын моюнга алган. Назгүл сынактын жеңүүчүсү болуп, Курманбек Бакиев ага сыйлык тапшырган. Сынак өткөн учурда кыз 15 жашта болчу.

Азыр алардын эки баласы — Лейла аттуу кызы жана Данияр аттуу уулу бар. Беларуста бул үй-бүлө адегенде Березинский коругундагы Александр Лукашенконун резиденциясынын президенттик апартаменттеринде жашап, кийин Дрозды деген мартабалуу районго көчүп келишкен.

Расмий түрдө Курманбек Бакиев эч жерде иштебейт. Ал 2010-жылы Кыргызстандын президентинин кызматынан кулатылган.

Бакиевди кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы жана мамлекетти башкаруунун үй-бүлөлүк, кландык системасын түзгөнү үчүн күнөөлөшкөн.

Азыр ал өзүнө революциядан кийин саясий башпаанек берген Беларуста жашайт.

Кыргызстан Беларустун жетекчилигинен Бакиевди экстрадициялоону бир нече жолу талап кылган, бирок мындай өтүнүчтөр талаштан башка эч нерсеге алып келген эмес.