Кыштын илеби: Бишкектиктер биринчи карды кандай кабыл алышты?

Бишкекте октябрдын 13үнөн 14үнө караган түнү биринчи кар жаады. Түнкүсүн абанын температурасы +1 градуска чейин түштү.

Кыргызгидромет бүт республика боюнча суук түшөөрүн эскертип, алдын-ала эле маалымат тараткан. Республикада жума бою жылуу болду — күндүзү аба +20 градуска чейин жылып, түнкүсүн +9 градуска чейин түшүп турду.

Кыргызгидромет 13-14-октябрда аба ырайы кескин өзгөрүп, бүт Кыргызстанда жаан менен кар жаап, суук түшөөрүн билдирди. Жыйналбай жаткан түшүмдү үшүк алып кетиши мүмкүн экени да айтылган.

Шаар кызматтары жылуулукту 14-октябрдан тартып камсыз кыла турган болду. Адегенде социалдык мекемелер — ооруканалар, бала бакчалар жана мектептер жылытыла баштайт. Андан кийин бишкектиктердин үйлөрүнө да жылуулук келет.

Коомдук тармактарды колдонуучулар суукту жон териси менен сезип, кар баскан көчөлөрдүн фотографияларын бөлүшүп киришти.