Ырчы Боб Дилан адабият боюнча Нобель сыйлыгын алды

Адабият боюнча Нобель сыйлыгы америкалык ырчы Боб Диланга ыйгарылды. Сыйлыктын жүз жылдык тарыхында сыйлык биринчи ирет музыкантка берилип отурат.

Нобель комитети сыйлыкты ‘Knockin’ on Heaven’s Door’ жана ‘Like a Rolling Stone’ аттуу кеңири таанымал ырлардын автору, 75 жаштагы Боб Диланга тапшырды. Адабият боюнча сыйлык ага «америка ырларынын улуу салттарынын нугунда жаңы поэтикалуу тилди жаратканы үчүн» берилди.

Диланга бул сыйлыктын берилиши — көп жагынан өзгөчө окуя. Бул акыркы 23 жылда америкалык авторго берилип жаткан адабият боюнча биринчи сыйлык. Мурдагы америкалык Тони Моррисон аттуу аял Нобель сыйлыгын 1993-жылы алган.

Диландын жеңиши, башкасын айтпаганда да, тарыхый прецедент болуп эсептелет. Нобель сыйлыгы мурда эч качан музыканттарга берилген эмес.

Боб Дилан өзүнүн музыкадагы өнөр жолун 1950-жылдардын аягында баштаган. Ириде ал фолк-музыкант катары белгилүү. 50 жылдык эмгек жолунда Дилан элүүдөн ашык альбом чыгарган. Алардын акыркысы,  Fallen Angels аттуу диск, быйыл май айында чыкты.

Болжолдуу жеңет делген талапкерлердин арасында, талдоочулардын пикири боюнча, быйыл кениялык автор Нгуги Ва Тхионго, жапон прозаиги Харуки Мураками жана сириялык акын Адонис бар эле. Боб Диландын бул номинацияда утуп чыгышын күткөндөр өтө эле аз болчу.

«Албетте, ал бул сыйлыкка татыктуу, ошондуктан алды. Ал америкалык фольклор салтындагы улуу акын. 54 жыл бою ал такай өзүн өзү кайрадан ойлоп чыгарып, жаңы үндөрдү таап жүрүп отурду, — деп баа берди Диландын жеңишине Нобель комитетинин катчысы Сара Даниус. — Биз аны [Боб Диланды] окуй алабыз жана окушубуз керек».

Даниус ошондой эле Нобель комитети бул чечим үчүн сынга кабылбайт деп үмүттөөөрүн айтты. «Заман өзгөрүп жатса керек», — деп тамашалады ал Диландын ‘Times They Are A-Changing' аттуу ырын кыйытып.

Былтыр Нобель сыйлыгы Беларусь автору Светлана Алексиевичке берилген. Комитет бул жазуучуну «биздин замандагы азап-тозоктун жана кайраттын эстелиги боло турган көп үндүү чыгармачылыгы» үчүн сыйлаган.

Алексиевич Улуу Ата мекендик согушка катышкан аялдар жана Чернобыль кырсыгынын курмандыктары тууралуу публицисттик эмгектери менен белгилүү. Анын акыркы эмгеги, «Время секонд хэнд» аттуу нон-фикшн романы Алексиевичтин ар кандай жаш курактагы ондогон адамдар менен алар үчүн Советтер Союзунун кыйрашы кандай мааниге жана символдорго ээ болгондугу тууралуу диалогдорду камтыйт.