Америкалык фолк-ырчы Боб Дилан адабият боюнча Нобель сыйлыгын алды. Kloop.kgнин маданият боюнча редактору Азамат Өмүралиев Диландын мурда болуп көрбөгөн жеңиши эмнени билдирээри жана эмне үчүн аны саналуу гана адамдар күткөнү тууралуу ой бөлүшөт.
Мен сөздү Боб Диландын ышкыбозу эмес экенимден баштайын.
***
Эки сааттай мурда, шымдын чөнтөгүнөн телефонду алып чыгып, туура 13:00дө Нобель академиясынын сайтына өтүп, мен таймердин 00:00:00 белгисинде турганын көрдүм. Башкача айтканда мезгил жетиптир, анткени сыйлык туптуура күндүзгү саат бирде берилмек, бирок басма сөз үчүн маалымат чыга элек экен.
Хеллоуинге байланыштуу кечеге билет сатып алып жаткан сүрмө топтон суурулуп чыгып, мен кууш дивандын четине отура кетип, баракчаны жаңыладым. Таймер жок эле - менин көзүмө биринчи урунганы тамгалардын тизмеги эмес, башкы беттеги кызыктай портрет болду.
Жеңүүчүлөрдү жарыялаш үчүн Нобель дизайнерлеринин жаркыраган ак фондо сары жана көк боектор басымдуулук кылган жагымдуу экспрессионисттик стили бар. Ошол жерде мен кениялык Нгуги Ва Тхионгонун жылмайышын же Адонистин интеллигенттүү жымыңдаган көзүн көрөм деп күттүм эле. Же дагы бир бейтааныш чыгабы дегем.
Бирок миллиондогон адамдарга тааныш өңдү көрөм деп эч ойлогон эмесмин. Бул портреттин оң жагында - сегиз тамга турат. Боб Дилан. Жеңиптир.
***
Акыркы жылдары Боб Диландын Нобель сыйлыгы кезектеги имиштердин шартында келип чыккан эле айыпсыз тамаша болчу. Талдоочулар ал тууралуу үстүртөн, какшык иретинде эле эстей калышаар эле, ал эми букмекердик кеңселерде ал 500гө 1 же ашып кетсе 50гө 1 сыяктуу коэффициенттерге ээ болуп келген.
Ал имиштер жана жана тамашалуу кыйытмалар эмнеден башталганын биз билбейбиз. Нобель комитети талапкерлердин тизмесин жарыялабайт, андыктан Дилан бул сыйлыкка мурунку жылдары талапкерлигин койду беле же жокпу, аны биз жарым кылымдан кийин гана биле алабыз. 2060-жылдардын орто ченинде архивдер ачылып, бул бүйүрдү кызыткан жашыруун сырды жарыкка чыгармакчы.
Бул чечимдин күтүүсүздүгүн жеткире баалаш кыйын. Салтка бекем, бир аз саясатташкан Нобель комитети туруктуулугу менен айырмаланбаса дагы, мындай сюрприздерге даяр учурлары сейрек эле кездешет. Былтыр сыйлык Светлана Алексиевичке, мурдагы жылы Патрик Модианого, андан мурун Элис Манрого, Мо Янюга берилген.
Сыйлык кимге берилээрин так аныкташ бир топ эле кыйын, анткени ал кайсы бир көрсөткүч үчүн эмес, адамдын сиңирген эмгегинин жалпы жыйындысы үчүн берилет. Бирок талдоочулардын жадында арасынан жеңүүчү иргелип чыга турган талапкерлердин тизмеси дайыма болот.
Айкын мисал. Быйыл Тхионго менен Адонис алдыда келатат деп эсептелген. Алардын соңунда америкалык Дон ДеЛилло жана испаниялык Хавьер Мариас болчу. Муракаминин шансы азыраак эле (бирок анын жеңиши деле эч кимди таң калтырмак эмес).
Ошентип бул тизме акырындап азайып жүрүп отурат. Анткени болжолдуу талапкерлер иргелет. Светлана Алексиевич жана Элис Манро талапкерлердин арасында көп кездешчү, ал эми Модианого мурдагы эмгеги үчүн сыйлык беришкен. Бул шарттуу тизме — эң ишенимдүү көрсөткүч (бүгүнкү күнгө чейин ошентип эсептелип келген).
Диландын айланасында болсо имиштер гана жүрүп келген. Бирок ал жеңип чыгып, тарыхка изин калтырды.
***
Эки ай мурда Boston Reviewда чакан бир колонкага көзүм түштү, анда акын Мэттью Запрудер обондуу ырлардын тексттери тууралуу суроолорго жооп бериптир. Ал «музыканттар акын боло албайт» деген пикирдин ташын талкан кылып, ошону менен бирге таамай реплика кыстыра кеткен. «Обондуу ырлардын тексттери кадимки ырларга салыштырмалуу адабияттан алыс турат деп, же аларды жаратыш үчүн азыраак эмгек же тажрыйба, же иш, же акыл керек деген пикир — таптакыр болбогон кеп», — дейт ал.
Мейли, Запрудердин сөзү — логикага сыйып, шартка ылайык жүйөлөр менен бекемделгенине карабай - болгону бир көз караш. Менимче, анын башка бир пикири алда канча күчтүүлүк кылат. Тексттин ортосунда ал поэзия жымжырттык шартында , ал эми обондуу ырлардын тексттери - татаал абаздык көрүнүштөрдүн жана ыргактуу сүрөттөрдүн шартында жашай турганын белгилейт.
Обондуу ыр жана анын үндүү коштолушу ажырагыс. Бул жерде «ырдын сөзүн ыргытып болбойт» деген ылакаптын тескериси ойго келет, бирок анын туюндурмасын өзүңөр тапкыла.
Идеянын өзү болсо толугу менен логикага сыят жана өз маанисин жоготпойт. Кимдин сезими кылдат, ким калемди жана ой чабытын жакшыраак колдоно билет - Боб Диланбы же анын Нобель сыйлыгына талапкер катары атаандашы Адониспи? Өзүңөр карап көргүлө.
Төмөндө азыркы сириялык жазуучу Адонистин чыгармасынан үзүндү.
My childhood is still
being born in the palms of a light whose name I do not know
and who names me.
Out of that river he made a mirror and asked it about his sorrow.
He made rain out of his grief
and imitated the clouds.
Your childhood is a village.
You will never cross its boundaries no matter how far you go.
…
I was born in a village,
small and secretive like a womb. I never left it.
I love the ocean not the shores.
Эми болсо Диланды угуп көргүлө.
Адонистин саптарында фонетикалык бейпилдик жана көзгө урунбас метафоралар катылган — алар кооздугу менен эмес, түпкүлүктүү мааниси менен адамды өзүнө тартат. Болбосо океан менен жээктин, жамгыр менен булуттардын айырмасы эмне?
Дилан аны менен иши жок. Ал кылдаттыкка деле умтулбайт (айтмакчы, Адонистин мисалында деле кылдаттык - көйрөңдүк эмес, азыркы дүйнөдөгү хаоско карата мамиле). Ал гитарасынан аккорд кагып, өпкөсүн толтура гармоникада аба жарып соло чыгарат. Ал өзүн издеп, өзүн талкалап, кайра көрүүчүлөрдүн көзүнчө чогултуп чыгат.
Дилан — жакшы акын жана залкар музыкант. Улуу фигура. Бирок аны Адонис менен салыштыруу анча калыстык болбой калат - алар ар кайсы жанрларда жана ар башка аспаптар менен иштейт. Нобель сыйлыгы Диланга поэзиясы үчүн эмес, «Америка обондуу ырларынын улуу салтында жаңы тилди ача билгени үчүн» берилди да. Обондуу ырдын деп атат, поэзиянын эмес - ал эми обондуу ыр музыканын контекстинде жашайт.
Ачыгын айтып, кайра кайталайын - мен Диландын күйөрманы эмесмин. Анын мага жаккан бир-эки тасмасы, мага жакын бир нече баяны бар. Бирок бул жанр — фолк деп аталган америкалык обондуу ырлардын баягы жанры — менден алыс.
Бирок АКШнын азыркы маданий тарыхына Диландын кошкон салымы канчалык зор экени мага деле даана көрүнүп турат. Анын бизден алыстыгынын себеби жат угулгандыгында эле эмес - ал өмүр бою Американын турган турпатын аныктаган нерселер тууралуу ырдап келген. Жөнөкөй, басмырт нерселер тууралуу. Өтүктүн алдындагы ным, урчуктуу жер, жөнөкөй эмгекчилер жана кирпич фабрикасынын кызгылт туманы тууралуу. Өзгөрүп турган мезгил, ыңгайлаша турган турмуш тууралуу ырдаган. Оор жүк тууралуу да ырдаган, бирок ошону да орошон оптимизм менен кылган.
Дилан — өзүнө америкалык сөз ыргагын жана америкалык тоналдуулукту сиңирип алган, нукура америкалык көрүнүш.
«Албетте, ал ошого татыктуу, ошондуктан алды».
***
Мынча болду, мунун дагы бир өңүтү бар.
Диландын жеңиши — тарыхый прецедент. Нобель комитети мурда эч качан музыкалык чыгармачылык үчүн сыйлык берген эмес. Академиянын басма сөз катчысы айткандай, «балким, заман өзгөрүп жатса керек».
Бүгүнкү күндө Нобель сыйлыгынын ордун жана ылайыктуулугун сынга алууга мүмкүн болсо да, анын аброюн сынга алыш эч мүмкүн эмес. Диландын жеңиши Дэвид Берн, Ник Кейв жана Леонард Коэн үчүн абройлуу адабий сыйлыктарга талаптанууга жаңыча жол ачат. Адам баласынын дымагы, албетте, бул жерде сөз боло турган нерселердин эң акыркысы.
Ушундай жол менен азыркы коомдо музыканы саясий курал эле эмес, тарыхый багыт катары да бекемдөөгө жаңыча мүмкүнчүлүк ачылып жатканы алда канча маанилүү. Диландын жеңиши ар кайсы чөйрөлөрдөгү академиктер менен окумуштуулардын назарын буруп, адабият менен поэзиянын профессорлорун азыркы (жана азыркы эле эмес) музыкалык сценанын мурасына жаңыча кароого шыктандыра алат.
Ким билет, балким качандыр бир бүгүн күлкүлүү сезилген кырдаал түзүлөт. Мүмкүн 50 жылдан кийин Кендрик Ламар Стокгольмдогу трибунага чыгып алып, жүрөк титиреткен сөз сүйлөп, алыс калган 2016-жылды эстеп, «ошондо чоң бурулуш болгон эле» деп айтаар. Биз болсо ал учурда Нобель сыйлыгынын архивдерин казып, чоң жана улуу Боб Диландын чоң жеңиши канчалык чоң сюрприз болгону тууралуу чындыкты издеп жаткан болобуз.