Талас облусундагы айылдык аялдар кара өрүк сатуу бизнесин кантип жолго коюшту?

Талас облусунун Үч-Эмчек жана Кызыл Октябрь айылдарында жашаган аялдар ден соолук үчүн пайдалуу кара өрүктү өстүрүп кургатышат. Кара өрүктү как кылып даярдап сатуу алты үй-бүлө үчүн кирешенин негизги булагы болуп калды.

Талас облусунун ишкер айымдары өз үй-бүлөлөрүн кара өрүк өстүрүп, кургатып сатуунун эсебинен камсыз кылышат.

Кызыл Октябрь айылында жашаган Салымбүбү Серекова баалуу жемиштерди кургатып даярдап эле тим болбой, айылындагы үч аялды да өз бизнесине тартты. Аялдар адегенде кара өрүктү адаттагыдай эле күнгө кургатышчу, бирок кийин БУУнун Өнүктүрүү программасына жардам сурап кайрылышкан.

Эл аралык уюм алардын идеясын колдоп, как жайыш үчүн шкаф бөлүп берди. Демөөрчүлөргө бул техника 285 миң сомго турду.

Жаңы техника менен аялдар как даярдоонун өлчөмүн арбытышты - шкаф бир алганда кара өрүктүн 250 килограммын кургатууга даяр. Андан натыйжада 70 килограмм как чыгат. Техниканы тейлеш үчүн электр кубаты, отун, суу жана жумушчу күчү талап кылынат, бирок кургатууга болгону эки гана күн кетет.

Көнүмүш ыкма менен күнгө кургатуу алда канча көп убакытты ээлеп, орто эсеп менен беш-жети күндү талап кылат.

Мурда Серекова алма кургатчу, бирок кара өрүктүн пайдалуу каисеттерин билгенден кийин ошого өттү.

«Азыр окуучулар арасында богок оорусу, остеопороз менен ооругандар көбөйдү, боюнда бар келиндерде болсо аз кандуулук кеңири жайылган. Кара өрүк ушул ооруларды дарылай алаарын окугандан кийин мен аны кургатып элге пайда келтирейин дедим», - деди ал.

Серекова кара өрүктү коңшулаш Бакай-Ата айылынын бала бакчасы үчүн кургатат. Ал балдар мекемесинен электр акысын гана алат.

Жергиликтүү тургундар Серекованын шкафына салып алып өздөрү жер-жемишин кургатышат да, кургай элек жемиштердин бир чакасына 150 сом төлөп беришет (кургаганда ал эки килограммдан ашпайт). Ал ушундай бизнес менен алектенгиси келгендерди үйрөтүүгө даяр. Анын Казакстан менен Бишкекте кардарлары бар, андан тышкары ал бүт Талас облусуна кара өрүк сатат.

Үч-Эмчек айылындагы Алмаш Кадыркулова какты өзү үчүн эскиче эле ыкма менен кургатат. Кара өрүк жуулуп, данегинен ажыратылып, бир жума кургатылат. Жемиш биротоло бышканын күтүп турган өтө маанилүү, болбосо анын түсү жана формасы нормага туура келбей калат.

Тексттин автору: Адина Осмонова