Индия полициясы көгүчкөндөрдү «тыңчылык» үчүн кармады

Кашмирде индия полициясы 153 көгүчкөндү кармады. Канаттуулар Пакистандын кызыкчылыгына тыңчылык кылды деп шектелүүдө.

Индиянын укук коргоо органдары картон кутуларга салынган көгүчкөндөр жүктөлгөн унааны кармаган.

«Көгүчкөндөрдө шек жараткан кызгылт белгилер жана буттарында шакекчелер болгон. Көгүчкөндөр Териштирүү бөлүмүнө өткөрүлүп берилди», — деген полиция кызматкери Сунил Гупта.

Териштирүү бөлүмү көгүчкөндөрдүн ээсин жаныбарларга ырайымсыз мамиле кылганы үчүн айыптап, сотко кайрылган. Индиянын мыйзамдары боюнча, жаныбарларга ырайымсыз мамиле кылуунун жазасы — 22 миң рупий (болжолдуу 24 миң сом) жана эки жылга чейин эркинен ажыратуу.

Канаттуулар менен таанышкандан кийин индия адистери билдиргендей, көгүчкөндөрдү Пакистандын пайдасына тыңчылык үчүн колдонгону болушу мүмкүн. Көгүчкөндөр чек ара аркылуу купуя маалыматтарды өткөрүп берип турушу ыктымал. Анткени айрым канаттуулардын бутундагы шакекчелерде магниттер болгон, а канаттарындагы кызгылт белги болсо атайын түстүү код катары кызмат кылган.

Териштирүү аяктаганга чейин көгүчкөндөр жергиликтүү экологиялык уюмдарга өткөрүлүп берилген.

Канаттуулардын тыңчылык үчүн айыпталып жатканы боюнча бул биринчи окуя эмес. Октябрдын башында индия-пакистан чек арасында индия аскерлери опузалуу кат алып учкан көгүчкөндү кармап алган. Аталган каттын мазмуну ачыкка чыгарылган эмес.