Ирак: ИГИЛдин жардыруусунан ондогон мусулман ибадат маалында набыт болду

ИГИЛдин террористтери Мухаммед пайгамбардын небереси имам Хусейнди эскерүү күнүндө теракттардын сериясын жасашты. Ондогон шиит мусулмандар, полиция кордону жана полициянын начальнигинин үй бүлөсү согушкерлердин курмандыктары болуп калды.

Багдаддагы 15-октябрда жүз берген жардыруудан жабыркагандардын саны 55тен ашкан. Мурдараак 30 адамдын каза болгону жана жабыркагандардын санынын 60 экени тууралуу кабарланган.

Бир канча террористтик кол салуу Ирактын борбору Багдадда болгон. Шииттер үчүн маанилүү күндөрдүн бири болгон бул күнү шииттер Мухаммед пайгамбардын небереси Хусейндин азаптуу өлүмүн эскерүү иш-чарасын өткөрүп жатышкан.

Жанкечтилердин бири денесине бекитип алган жарылуучу заттарды ибадат кылып жаткан ондогон шиит мусулмандарга жакын барып жардырган. Ашура деп аталган диний майрам Багдаддын Эш-Шааб районунда өтүп жаткан. Натыйжада 30 адам каза таап, 60тан ашыгы жаракат алган.

Жардырууга чейин исламисттер бир нече саат мурда Багдаддын түндүгүндө эки кол салуу аткарышкан. Биринде көзөмөл жана өткөрүүчү бекетке, экинчисинде болсо ирак өкмөтүн колдогон полициянын начальнигинин үйүнө кол салган.

Полиция бекетине кол салуудан сегиз полиция кызматкери набыт болуп, 11и жаракат алган. Кол салгандардын үчү каза болгон.

Полициянын начальниги Нуман аль-Mужамаяинин үйүнө кол салуу учурунда анын жубайы жана үч баласы каза болгон.

Теракттар үчүн жоопкерчиликти өзүнө «Ислам мамлекети» террористтик уюму алган. Бул туурасында «Аш-Шарк аль-Аусат» гезитинин электрондук версиясы кабарлаган.

Иракка жардам көрсөтүү боюнча БУУнун миссионерлеринин маалыматына ылайык, өлкөдөгү токтобогон зордук-зомбулуктун курмандыктарынын саны сентябрдан бери миңден ашуун адамды түзүп, 1,1 миң адам жабыркаган.

ИГИЛ — бир канча өлкөдө, анын ичинде Кыргызстанда да, тыюу салынган экстремисттик уюм. «Ислам мамлекети» Ирак жана Сириянын аймагында «халифатты куруу боюнча» иш алып барат. Уюм өз туткундарына жана каршылаштарына карата катаалдыгы менен белгилүү. Алар жалпыга көрсөтүү иретинде өлүм жазасын орундатып, массалык адам өлтүрүүлөрдү ишке ашырышкан.

Сүрөт: AFP/SABAH ARAR