Леонардо Ди Каприо коррупциялык жаңжалга кабылды

Голливуд актёру Леонардо Ди Каприого коррупциялык жаңжалга байланышы бар деген шек менен БУУнун тынчтык элчиси ыйгарым укуктарын тапшыруусун сунушташты.

Бруно Мансер атындагы швейцария фондунун башчысы Лукас Стаумэнн климат маселелери боюнча БУУнун тынчтык элчиси ыйгарым укуктарын тапшыруусун актёр Леонардо Ди Капирого сунуштаган. Бул тууралуу ал Лондондогу уурдалган малайзиялык активдерди кайтарууга арналган басма сөз жыйынында билдирген.

«Ди Каприо малайзиялык 1MDB фондунда чыккан жаңжалдагы башкы фигуранттар менен болгон өзүнүн жеке жана финансылык байланыштарын түшүндүрүп берүүдөн баш тарткан. Мындайга жол берилбеши керек, Ди Каприо малайзиялык коррупциядан өзүн алыстата алган жок. Ал БУУнун климат боюнча элчилигинен кетиши керек», — деп билдирген Лукас Стаумэнн.

Ди Капиронун коррупциялык жаңжалга катышы бар экенин айтып чыккан швейцария фонудунун башчысынын билдирүүсүнө БУУ азырынча комментарий бере элек.

Hollywood Reporter маалымат агенттиги кабарлагандай, Стаумэнндин мындай билдирүү таратышына Ди Капиронун бизнесмендер Риза Азиз жана Лю Тэцзао менен байланышы себеп болгон. Бизнесмендер коррупциялык жаңжалга аралашып, 1Malaysia Development Bhd (1MDB) фондунан үч миллиард доллар уурдады деп айыпталууда.

Малайзиялык активдерди кайтарып алууга багытталган басма сөз жыйынына Ди Каприо чакырылып, бирок ал иш чарада көрүнгөн эмес. Ал ошондой эле журналисттерге түзүлгөн кырдаалга байланыштуу комментарий берүүдөн баш тарткан.

Бул жаңжал АКШнын юстиция министрлиги Ди Каприо экологиялык фондун текшерүү боюнча сотко кайрылгандан кийин кокустан 2015-жылдын августунда чыккан. Фонд экономиканын жаңы секторлорун өнүктүрүү үчүн түзүлгөн малайзиялык мамлекеттик кордон акча уурдоого тиешеси бар деп шектелген.

1MDB фондунан 3,5 миллиард доллар алып чыгып кеткенин аныкташкан. Мындан сырткары, фонддун үстүндө 11 миллиард доллар карызы бар.

Алдамчылык иши боюнча негизги шектүү — малайзиялык фонддун башчысы Нажиб Разак. Анын жеке эсебинен 700 миллион доллар табышкан.

«Инсайдерлердин айтымында, бул иш боюнча документтердин биринде Леонардо Ди Каприонун аты да аталган. 1MDBдан каражаттар жеке эсепке кайрымдуулук фонду аркылуу өткөн болушу мүмкүн деп болжолдонууда», — деп жазат Elle басылмасы.

1MDB фонду 2009-жылы Малайзиянын инфраструктуралык долбоорлорун каржылоо үчүн түзүлгөн.

Ди Каприо кайрымдуулук фонду болсо 1998-жылы айлана-чөйрөнүн кирдеши менен күрөшүү үчүн негизделген.

Леонардо Ди Каприо актёрдук ишмердүүлүгүнөн сырткары филантропиялык иш-аракеттери менен да белгилүү. Ал бир канча жолу жапайы жаратылышты коргоо боюнча программаларды каржылаган.

Климат маселелери боюнча Бириккен улуттар уюмунун тынчтык элчиси болуп 2014-жылдын сентябрында БУУнун Баш катчысы Пан Ги Мун тарабынан дайындалган.

Сүрөт: The Daily Beast