Диндин айынан аялдын сөөгү кайра көмүлгөнү боюнча иш ачылаар-ачылбасын милиция чечүүдө

Жалал-Абаддын милициясы Сары-Талаа айылында жашаган аялдын сөөгү кайсы негизде кайра көмүлгөнүн текшерип жатат. Маркум башка динде болгондуктан, айыл тургундары жана имамы аны мусулман мүрзөсүнө көмдүрбөй коюшкан.

ИИМдин басма сөз борборунун кызматкери Анна Жукова Жалал-Абад облусунун милициясы 76 жашында көз жумган Каныгүл Сатыбалдиеванын кайрадан көмүлүшү боюнча фактыны текшере баштаганын Kloop.kgге кабарлады.

«Жалал-Абад ИИБнин 10-бөлүмүнүн милиция кызматкерлери Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылындагы улгайган аялдын сөөгүн кайрадан көмүү боюнча фактыны текшере башташты. Ушу тапта алар маалымат жыйноого киришти. Алар сөөктү кайрадан көмүүнүн себептери боюнча имамдар менен жолугушуп, жергиликтүү элди сурамжылап жатышат», — деди ал.

Жукова Кылмыш кодексинин, атап айтканда «Улуттук (этнос аралык), расалык, диний же дин аралык кастыкты козгоо» боюнча 229-беренесинин бузулушу тууралуу жыйынтык чыгарууга азырынча эрте экенин кошумчалады.

«Азырынча иш баштала элек, текшерүү жүрүп жатат, дин аралык чатак чын эле болдубу-жокпу, аны айта албайбыз. Кесиптештерибиз иштеп жатышат», — деди ал.

Дин үчүн сөөктү эки сыйра жерге берүү

«Азаттык» радиосунун маалыматы боюнча, Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылынын тургундары жана жергиликтүү имамдар жергиликтүү мүрзөгө маркум Сатыбалдиеванын сөөгүн коюуга анын туугандарына мүмкүнчүлүк бербей коюшкан. Буга ал аял тирүү кезинде христиан-баптист динин карманып келгени себеп болгон.

Бир нече күн бою маркумдун кызы Жылдыз Азаева сөөк коюуга уруксат алууга аракет кылып, акимиатка жана жергиликтүү кеңештин депутаттарына кайрылган.

«Сөөктүн мусулмандар мүрзөсүнө коюлушуна эң ириде райондун имамы каршы чыккан жана ал 14-октябрда жоон топ адам менен келип, Жылдыз Азаеваны ислам динине кайт деп мажбурлаган. Ошол жерден таш бараңга алуу тууралуу да сөз болгон», - деп жазат «Азаттык».

Азаеванын айтымында, ал өзү жана бир тууганы жергиликтүү тургундардын көзүнчө исламды кабыл алышкан, бирок аларга баарыбир сөөктү койдуртпай коюшкан.

«Ата-энебиз 50 жыл чогуу жашады, атам ошончо убактан бери намаз окуйт. Тургундар жок дегенде ошол кишини аяп коюшса болмок. Менин эркек бир туугандарым жок, биз эки кызбыз. Аялдар өз түйшүгү тууралуу ачык айтышы кыйын. Адамды ээлеген абалына карабай эле көмүшөт да. Кылмышкерлер менен террорчуларды да көмүшөт. Жаныбарларды да көмүшөт. Менин энем Кыргызстандын кадимки эле жараны да», — деди ал.

Кийинчерээк маркумга коңшулаш Өрүктү айылынан мүрзө бөлүп беришкен, анда бир жыл мурун баптист динин карманган дагы бир адам көмүлгөн экен.

Бирок андан кийин Өрүктү айылынын тургундары чуу чыгарышып, анын айынан Сатыбалдиеванын сөөгүн кайрадан казып алып, христиан мүрзөсү бар башка айылга коюшка туура келген.

Сүрөт: «Азаттык»