Донецк: Орусиячыл жикчилдердин талаа командири «Моторола» киши колдуу болду

Таанылбаган Донецк эл республикасынын (ДЭР) «Спарта» батальонунун командачысы Арсен Павлов («Моторола») Донецктеги өз үйүнүн лифтинде өлтүрүлдү. ДЭРдин башчысы Павловдун өлтүрүлүшү боюнча Украинанын бийлигинен шек санап, муну «согуш жарыялоо» деп эсептейт.

«Моторола» деген жашыруун ат менен белгилүү болгон Павлов, 16-октябрда өз үйүнүн лифтинде өлтүрүлдү — ал колго жасалган жардыргыч заттын жарылышынан курман болду, деп билдирет ДЭРдин коргоо министрлиги. Павлов жарылуунун так ортосунда калып, тирүү калбай турган жаракаттарды алган.

«Интерфакс» агенттиги иликтөө башталганын, окуянын бардык жагдайларын тергөө тобу аныктап жатканын, шаарда террорго каршы режим күчөтулгөнүн кабарлады.

ДЭРдин коргоо министрлиги «Моторолага» кол салуу боюнча «украиналык диверсиячыл-чалгын тобунан» шек санап жатат.

ДЭРдин башчысы Александр Захарченко Павловдун киши колдуу болушун Украина тараптан «согуш жарыяланышы» деп атады. Өлкөнүн чыгышында Украина менен орусиячыл жикчилдердин ортосундагы утурумдук жарашуу 15-сентябрда жарыяланган.

«Азыркы тапта тергөө иштери жүрүп жатат, ал бизге ким буюртма бергенин гана эмес, аткаруучуларды да аныктаганга мүмкүнчүлүк берет. Аларга эч кандай аёо болбойт. Маркумдун балдарын биз өстүрөбүз. [Украинанын президенти] Пётр Порошенко жарашууну бузуп, бизге согуш жарыялады деп эсептесек болот», — деди ал.

Украинанын бийлиги «Мотороланын» өлүмүнө өзүнүн тиешеси бар экенин билдирген эмес. «112 Украина» телеканалынын эфиринде Павловдун өлүмүн Украинанын Коопсуздук кеңеш башчысынын кеңешчиси Юрий Тандит ырастады.

«Украинанын бүтүндүгүнө каршы кылмыш кылып, биз издөө салган киши бүгүн үйүндө өлтүрүлгөнү тууралуу маалыматты мен ырастай алам», — деди ал.

Украинанын ИИМинин басма сөз катчысы Артём Шевченко «Мотороланын» өлүмүн ырастап, бирок аны өлтүрүүгө Павловдун «шериктери» тиешеси болушу мүмкүн деген божомолун айтты.

«Террорчу Арсений "Моторола" Павлов жок кылынды. Кыязы, аны жок кылгандар адам баласын жек көргөн террордук интернационал боюнча өзүнүн эле кылмыштуу шериктери. Биздин украин жериндеги бардык арам сийдиктердин аягы ушундай бүтөт», — деп жазды Шевченко «Фейсбуктагы» өз барагында.

РИА Новостинин маалыматына караганда, 2016-жылы Павловду өлтүрүү аракеттери болгон. 2016-жылдын июнунда Донецктин травматология борборунун жанында жарылуу болуп, аны ДЭР жетекчилиги «Моторолага» кол салуу катары баалаган.

«Моторола» деген ким?

Арсен Павлов 1983-жылы Коми республикасында туулган. Өзү тууралуу маекте ал куткаруучунун дипломуна ээ экенин, Украинага барганга чейин мрамордон эстеликтерди жасап жүргөнүн айткан.

«Моторола» деген тергеме атты ал орус армиясынын деңиз пехотасында байланышчы болуп кызмат өтөп жүргөндө алган. Павлов Украинага 2014-жылы келгенин, Харьковдогу жана Донецктеги согуштарга катышканын айтып, өзүн ыктыярчы деп атап жүргөн.

Донецкке коюлган чабуул учурунда ал Иловайскидеги согушка катышкан «Спарта» батальонун жетектеген. Украинанын расмий бийлиги аны согуштук кылмыштар боюнча айыптап келатат.

Павлов былтыр KyivPost басылмасы менен болгон маегинде, украиналык 15 аскер туткунун атып салганын айткан.

Павловго эл аралык издөө салыш үчүн Украинанын жетекчилиги Интерполго өтүнмө берген, бирок мекеме андан баш тарткан. 2015-жылдын январында Евробиримдик Павловду санкциялык тизмеге киргизген. Украинада ага каршы кылмыш иши козголгон.

Украинанын чыгышындагы куралдуу кагылышуунун башталышы деп 2014-жылдын 7-апрели саналат, ал күнү митингдердин катышуучулары Харьковдогу, Лугансктагы жана Донецктеги административдик имараттарды басып алып, ДЭРдин түзүлүшүн жарыялашкан.

Активисттер ДЭРди Украинадан бөлүп чыгуу боюнча референдум өткөргүсү келээрин жарыялашкан.

Ошол эле күнү Украина президентинин милдетин аткаруучу Александр Турчинов Донецк, Луганск жана Харьков облустарындагы баскынчыларга каршы антитеррордук операциянын башталышын жарыялаган.