IWPR: Кыргызстандын Конституциясы. Бүт өлкөнүн талашы аягына чыгып келатат

Бул жумада Кыргызстандын парламенти өлкөнүн Жогорку сотунун Конституциялык палатасынан бардык пункттар боюнча колдоо тапкан, Конституцияга киргизиле турган өзгөртүүлөрдүн соңку долбоорун карай баштайт.

Макаланын түп нускасы «Cabar Asia» сайтында жарыяланган. Автору: Мария Зозуля.

Бир жума мурда Кыргызстандын Конституциялык палатасы өлкө үчүн маанилүү чечим кабыл алды — быйыл декабрда бийлик Конституцияга өзгөртүү киргизиш үчүн референдум өткөрөт.

Бул тууралуу КСДП парламенттик фракциясынын атынан анын башчысы Иса Өмүркулов сунуш киргизди. Ал рекорддук кыска мөөнөттө каралып чыкты — эки жумага да жеткен жок. Конституциялык палатанын (КП) башчысы Эркинбек Мамыров жаңы түзөтүүлөр демократиялуу укуктук мамлекеттин принциптерине, адамдын жана жарандын укуктарына каршы келбей тургандыгын 11-октябрда жарыялады.

Палата бул чечимди эң көп сынга кабылган өзгөртүүлөр боюнча кабыл алды:

  • эл аралык келишимдер боюнча түзөтүүлөр Кыргызстандын өз милдеттенмелеринен, анын ичинде адам укуктары боюнча милдеттеринен баш тартышына алып келбейт жана адамдын түпкүлүктүү укуктары менен эркиндиктерин бузбайт;
  • президенттин ыйгарым укуктарындагы өзгөрүүлөр аларды күчөтүүгө багытталган эмес жана демократиялуу укуктук мамлекеттин принциптерине каршы келбейт;
  • Жогорку Кеңештин ишиндеги өзгөрүүлөр парламенттик көпчүлүк коалициясынын туруктуулугун камсыз кылуу жана мыйзам чыгаруу органынын ички уюшуусун өркүндөтүш үчүн керек;
  • премьер-министрдин же биринчи вице-премьер-министрдин кызматына дайындалган депутаттардын мандатын сактап калышын караштырган өзгөртүүлөр, сөз болуп жаткан адамдарга мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгү аркылуу өлкөнүн коомдук-саясий турмушуна жигердүү катышууга мүмкүнчүлүк берет;
  • премьер-министр эң көп дегенде эки жылда бир жолу парламенттин алдына өкмөткө ишеним тууралуу маселе коюуга мүмкүнчүлүк алышы – мамлекеттик бийлик органдарынын өз ара көзөмөл каражаттарынын бири жана алар бирин бири тең салмактап турушун камсыз кылууга багытталган.

Соттордун ишмердүүлүгү боюнча, КП тартип комиссиясын президент, парламент жана Соттор кеңеши паритеттик башталышта түзүшүнө толук жол берилээрин, ал эми Сот тандоо кеңешинин ротациялоо укуктарын Соттор кеңешине өткөрүп берүү Фемида кызматкерлеринин көз карандылыксыздык принцибин бузбай тургандыгын белгиледи.

Палата ошондой эле кызмат адамдарын мыйзам бузуу үчүн кылмыш жообуна тартуу укугунан прокуратура органдарын ажыраткан түзөтүүлөрдү колдоду.

Бийлик КПга референдумду дайындоо тууралуу мыйзам парламентте биринчи окуудан өткөндөн кийин гана кайрылганын белгилей кетели. Айтмакчы, кыргызстандыктарды биометриялык каттоодон өткөрүү боюнча башка бир чуулгандуу иш да ошондой болгон. Анын Конституцияга ылайык келээр-келбесин аткаминерлер биометрия колдонулуучу шайлоону дайындап коюшкандан кийин гана сурашкан.

Түзөтүүлөрдү колдогондордун жана ага каршы чыккандардын согушу

Азыркы саясий талашта негизинен Конституцияны өзгөртүүгө он жылдык мораторий койгон, анын ичиндеги 114-берене пикир келишпестик жаратууда. Бирок бийликтегилер ага уруксат бар деп эсептешет.

«2020-жылга чейин Конституцияга түзөтүү киргизүүгө толук тыюу салынган деген сөздөр — аңкоо, атүгүл уятсыз калп жана фактыларды бурмалоо деп айтаар элем. Ал тургай эч жерде жок "өзгөртүүгө каршы мораторий тууралуу коомдук келишимди" да ойлоп таап алышыптыр», — деген эле мурда президенттик аппарат башчысы Фарид Ниязов демилгенин өзү жана ага каршы чыккандардын жүйөлөрү тууралуу.

Ал эми жакынкы күндөрү президент өзү да өзгөртүүнүн каршылаштары тагдырга моюн сунуудан башка айласы жок экенин ачык билдирди.

«Буюрса, жергиликтүү шайлоо жана референдум таза жана ачык өтөт, алар декабрда өткөрүлөт», — деп баса белгиледи Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 11-октябрда өзгөчө эмгек сиңирген кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып жатып.

Кийинки күнү парламент депутаттары «Референдум жөнүндө» мыйзамга киргизиле турган түзөтүүлөрдү экинчи окууда кабыл алып, калк бардык өзгөртүүлөр үчүн дүңүнөн добуш берет деп чечишти. Мында белгилей кете турган жагдай — референдум тууралуу мыйзамдын өзү азырынча кабыл алына элек. 30-июнда ал палатада биринчи окуудан, 20-сентябрда тармактык комитетте экинчи окуудан гана өткөн.

Бирок экинчи окуудан кийин ал кайра чакыртылып алынган.

Бийликтегилер кезектеги референдум парламентаризмди күчөтүш үчүн керек деп далилдегенге аракет кылышууда. Бирок эксперттер менен юристтер «жаңы өзгөртүүлөрдүн бир эле максаты бар, ал — бийликти бир колго топтоо» деген пикирге токтолушту.

Жол-жобону сактоо маселеси өзү эле бир топ сын пикир жаратты: коомдук талкууга баш-аягы бир ай гана берилип, ал да жайкы эс алуу жана каникул маалына туш келди. Натыйжада өтө көп кыргызстандыктар жыйынтыгында дегеле эмне өзгөрүлөөрүн түшүнбөй турганын моюнга алышты.

«Бийликти бир колго топтоо ишке ашып бүттү, эми аны мыйзамдаштыруу гана калды. Бизде мурун деле Конституцияны сыйлашчу эмес, эми болсо ал эч кимге кереги жок эле кагаз болуп калды. Ал тургай мурда авторитаризм гүлдөп турган кезде дагы мындай чечимдер мынчалык бетпактык менен кабыл алынган эмес, жок дегенде анча-мынча юридикалык адепти сакташчу эле», — деп сынга алды азыркы демилгени юрист Клара Сооронкулова.

Жалпыга таандык милдеттүү биометризацияга каршы чыкканы үчүн кызматтан алынган Конституциялык палатанын бул мурдагы судьясы бийлик органы түзүлгөндөн бери чечим мынчалык тез чыккан жана төрага өзү баяндама жасаган учур буга чейин болбогонун баса белгиледи.

«Орто эсеп менен баяндамачы-судья бир ишти эки айда даярдайт. Бирок аны эч качан палатанын жетекчиси өзү кылган эмес. Бул тарыхта биринчи жолу болду. Азыр болсо КП башчысы жалпы мамлекеттик масштабдагы маселени тогуз күндүн ичинде карап чыгууга жетишти. Бир жарым жумада 30дан ашуун түзөтүүнү карап чыгууга жетишсе, демек Эркинбек Мамыров — акылы ашкан адам турбайбы», — деп какшыктады Сооронкулова.

Ал бул чечим «жогору жактан» түшкөнүнө, түзөтүүлөрдүн биринчи вариантында каралгандай Конституциялык палатанын ыйгарым укуктары өзгөрүп кетпеши үчүн соодалашуу жүргөнүнө толук ишенет. Азыр андай түзөтүү жок.

«Конституцияга киргизүүгө сунуш кылынып жаткан өзгөртүүлөр — өтө коркунучтуу, юридикалык жактан алганда таптакыр акылга сыйбаган нерсе. Бул юридикалык караңгылык! Соттор "болбойт мындай" деп салмактуу сөзүн айтышса болмок. Бирок алар адаттагыдай эле баш ийип туруп берип, Конституциянын көрүн казып беришти. Мен «өзгөчө пикирлер» көбүрөөк болот го деп күттүм эле. Бирок булардын ичинен кайраттуусу бир эле киши экен», — деп ой бөлүштү ал.

Конституциялык палатадагы атын атагысы келбеген кишилер референдумду колдоо тууралуу өз чечимин түшүндүрүп беришти.

«Биз берилген формулировка боюнча гана чечим чыгарууга укугубуз бар. Демилгечилер болсо суроонун өтө эле жалпы жана кенен коюлушуна кам көрүшүптүр. Ошондуктан суроо азыркыдай коюлуп жаткан шартта каршы болууга негиз деле жок болчу», — деп чечмелешти алар.

Палатанын судьясы Эмил- Өскөнбаев гана өзгөчө пикирин билдирген. Ал Башмыйзамды 10 жылга өзгөртүүгө жол бербейт деп көп кишилер эсептеген 114-беренеге тиешелүү болмокчу.

«Отурумда мен өзгөчө пикирдин маңызын айткан жокмун. Жол-жобо боюнча аны негиздеп берүүгө 10 күн берилет, мен ошол укуктан пайдаландым. Азыр өзүмдүн чечмелөөмдү даярдап жатам, бул мөөнөт бүткүчө эл алдында ачык жарыялана турган документти алып чыгам», — деп түшүндүрдү IWPRдын журналисти менен болгон маекте судья Эмил Өскөнбаев.

Аракет жана каршылык

Конституциялык мыйзамдуулук боюнча парламент комитетинде референдум боюнча 7-октябрда угуу болду. Ага келген депутаттардын, эксперттердин, окумуштуулардын жана жарандык коом өкүлдөрүнүн пикири таптакыр ар башка болуп чыкты.

Атап айтканда, президентти колдогон социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Анвар Артыков бийликке таарынгандар же ага кайрылып баргысы келгендер гана Конституциянын өзгөрүшүнө каршы чыгып жатышат деп эсептейт.

«Азыр аны өзгөртө турган учур эмес деп жатышат. Бирок так ошол учур келгени үчүн өзгөртүлгөнү жатат. Баарын эл чечсин да, референдумда ким канча добуш алганын көрөлү», — деген жүйө келтирди ал.

КСДПнын башка мүчөсү Дастан Бекешев болсо эл депутаттары аймактарга барып түзөтүүлөрдү элге түшүндүрүшкөнүн айтып, ошонун өзү эле жалпы элдик талкуу болгонуна ишендирүүгө аракет кылды.

Оппозиция болсо буга каршы өз жүйөлөрүн айтып чыкты. Атап айтканда, 2010-жылдагы өзгөртүүлөрдүн автору, азыркы Конституциянын «атасы» деп аталып жүргөн «Ата Мекен» фракциясынын башчысы Өмүрбек Текебаев бул угууларды «ууруларча өткөрүлүп жатат» деп билдирди.

«Эгерде сотторду ротациялоо тууралуу жобо кире турган болсо, аларды ушуну менен жазаласа болот. Бул сот системасынын көз карандылыксыздыгына каршы коюлган бомба. Мындан тышкары, Конституцияга киргизиле турган өзгөртүүлөрдүн айынан президент Атамбаев БУУну, ЕККУну жана бардык эл аралык уюмдарды Кыргызстандын душманы кылып салды», — деген оюн айтты «Ата-Мекендин» башчысы.

Өлкөнүн мурдагы башкы прокурору Аида Салянова бул топтомдо парламентти күчтөндүргөн же президенттин күчүн азайткан бир да түзөтүү жок экенин белгиледи. Ал эми депутат Наталья Никитенко референдум жана сунуш кылынып жаткан түзөтүүлөр боюнча угуу киши күлө турган окуя болгонун кошумчалады.

Бир нече күндөн кийин, палатанын отурумунда «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын башчысы Бакыт Төрөбаев референдумда ар бир берене боюнча добуш берүүнү сунуш кылды. Ага жооп берип жаткан КСДП башчысы Иса Өмүркулов техникалык жабдуу ага мүмкүнчүлүк бербей тургандыгын моюнга алды.

«Анда референдумду формалдуу өткөрүүнүн кандай зарылдыгы бар? Мен өз пикиримди кантип билдиришим керек? Же эмне, экиге бөлүнүп кетейинби? Анда биз референдумду өткөрүүгө даяр эмеспиз деп эле моюнга алыш керек да. Элдин башын айлантып эмне кереги бар?» — деп ачууланды «Бир Болдун» депутаты Чолпон Жакупова.

Айтмакчы, ал жетектеген «Адилет» укуктук клиникасы мурда сунуш кылынган түзөтүүлөрдүн толук юридикалык талданышын алып чыккан. Башка жагдайлар менен катар, анда башка укуктардын үстүнөн болгон адам укуктарынын үстөмдүгү жоюла тургандыгы көрсөтүлгөн; адам укуктары боюнча эл аралык келишимдердин аракет артыкчылыгы жана кылмыштар боюнча эскирүү мөөнөтүн колдонуу тартиби өзгөрөт.

Ошондой эле бир жыныстагылардын никеге турушуна тыюу салынат, бирок азыркы үй-булө мыйзамдарына ылайык андай никелер Кыргызстанда ансыз деле катталбайт. Мындан тышкары жарандыктан мажбурлап ажыратса болот, бирок анын негиздери жазылган эмес.

IWPR менен богон маекте көп жылдык тажрыйбасы бар юрист бийлик «калктын колдоосуна үмүт артып, өзгөртүүлөрдүн максаты тууралуу ачыктан ачык эле уялбай-этпей калп айтып жатканын» баса белгиледи.

«Президент жана анын командасы беш жылдык бекерчилиги үчүн жоопкерчиликтен коркуп жатышат, анткени айтып бере турган эч нерсе жок. 2010-жылы кан менен бийликке келип, булар конституциялык реформа өткөрүүгө, укук коргоо органдарын реформалоого, электр кубатынын жана уюк байланышынын тарифтерин азайтууга убада беришкен.

Жыйынтыгында эмне болду? Тарифтер эселеп көбөйдү, экономика көлөкөдө калды, турмуш деңгээли ылдыйлап эле баратат, инфляция күчөп атат, сот реформасы кыйрап калды (аны өздөрү деле моюнга алып атышат), укук коргоо органдарын реформалоо боюнча айта турган алгылыктуу эч нерсе жок.

Колдон келген жападан-жалгыз нерсе — конституциялык реформа өттү. Эми болсо, мурдагы Конституция жараксыз деп коюп бийлик өзү башкарган беш жылдын бардык жыйынтыктарын жокко чыгарууда. Анда эмнеге элди аянтка алып чыгып өлүмгө түртүштү эле?» — деп суроо берет Жакупова.

Сөзүн жыйынтыктап жатып, ал түзөтүүлөр кабыл алына турган болсо депутаттык мандатын тапшыра тургандыгын дагы бир жолу баса белгиледи.

Өзгөртүүлөргө каршы чыккан башка күчтөр да конкреттүү аракеттерге өтүштү. Октябрдын башында коомчулук өкүлдөрү жана Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү катышкан курултай жана жаштар форуму өттү. Жыйындарда Башкы прокуратурадан бул демилгени көтөргөндөргө жана аны колдоп койгондорго карата баа берүүнү талап кылга резолюциялар кабыл алынды.

Ошондой эле президент коррупциялык иштерге аралашканынан кабар берген фактыларды изилдеп, ал үчүн Алмазбек Атамбаевге импичмент жарыялоону сунуш кылып Жогорку Кеңешке кайрылуу кабыл алынды. Жыйындарга чакырылган президенттик аппарат, парламенттик коалициялык көпчүлүк жана өкмөт өкүлдөрү келген жок.

Ошону менен катар активист жана сот реформасын көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңештин координатору Рита Карасартова референдумдун дайындалышын мыйзамсыз деп таануу жөнүндө Бишкектин Район аралык сотуна доо арыз берди. Ал четке кагылды. Эми ал Бишкек шаардык сотуна апелляция берди.

IWPR менен болгон маегинде ал өзү эң «коркунучтуу» деп эсептеген түзөтүүлөрдү санап өттү.

«Азыр жарандык-укуктук мамилелер үчүн адам кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт. Эми болсо андай чектөөнү алып салган атышат. Бизде Кыргызстанда элдин 90% бири-бирине карыз! Эми элестетип көргүлө, ошолордун баарын камап салганга жол ачылганын… Бул өтө коркунучтуу жана баарына тиешелүү. Ошондой эле жарандыктан ажыратууну алалы. Түзөтүүлөрдө өз өлкөбүзгө тиешебизден бизди эмне үчүн ажыратышы мүмкүн экени негизделген эмес. Бирок эгерде ажыратса, андан ары эмне кылышат? Бир жакка алып кетишеби? Ал жакта бизди ким кабыл алат? Жарандыкты алып коюшса, биз бул өлкөнүн жараны болбой калсак, анда бизди соттогонго кандай акысы бар?» — деп таң калат Карасартова.

Ал үч багытта - коопсуздук, сотторду ротациялоо жана аларды кызматтан алуу боюнча - президенттин ыйгарым укуктарын күчөтүүнү да чоң коркунуч деп эсептейт.

«Эгерде мурун өлкө башчысы Коргоо кеңешин башкарса, ага укук коргоочулар жана коргоо тармагы кирсе, эми аны Коопсуздук кеңешине алмаштырган атышат. Ал болсо өтө кеңири түшүнүк, аны эмнеге кааласаң ошого карата колдоно берсең болот», — деп жыйынтыктады ал.

Юрист, саясат таануучу жана Саясий-укуктук изилдөө борборунун башчысы Тамерлан Ибраимов IWPR менен болгон маекте адамдар мыйзамды сактабастан, мыйзамды өзүнүн саясий муктаждыгына ылайыктап алган мамлекетте жашагандан корко баштаганын моюнга алды.

«Биздин аткаминерлердин баарына жарай бере турган бир гана рецепти бар — ал Конституция. Арасында алар реформа жасамыш болуп, иштемиш болуп жүрө беришет. Бул адат тээ Аскар Акаев убагында эле, Конституциялык сот анын бир мөөнөтүн эки кылып эсептеп, кийинки мөөнөткө талапкерлигин коюуга уруксат бергенде башталган.

Азыр болсо баары татаалдашты, эми парламент фракциялары өздөрү эле эл же Конституция үчүн эмне жакшы болоорун анын өзүнөн сурап деле отурбай оңой-олтоң чечип калышты. Натыйжада негизги документ бардык системанын пайдубалы болуудан калып, саясий оюндарга негиз боло баштайт. Мунун коркунучтуу жагы - качан болсо эрежени, өз сөзүн өзгөртүп көнгөн кишилер эртең бийлик алганда таптакыр башка оюн башташы мүмкүн. Тең салмагы жоголгон Конституциянын шартында бул бийлик кризисин жаратып, өтө олуттуу натыйжаларга алып келиши ыктымал», — деп эскертти маектешибиз.

Саясат таануучу Медет Төлөгөнов да кезектеги бул демилгенин утурумдук да, глобалдуу да коркунучтары бар экенинен шек санабайт. Биринчилерине Конституциянын өзүнүн жакында таптакыр жок болуп кете турган статусу кирет.

«Башмыйзамдын тегерегиндеги азыркы окуялар биз демократия курбай турганыбызды көрсөттү. Эмгиче муну ким сунуш кылып, ким иштеп чыкканы тууралуу маалымат берилген жок. Сунуш киргизилип жатканда башкача пикирлер айтылды беле, айтса ким айтты эле, аны билбейбиз. Азыр өлкөбүз улуттук өнүгүү стратегиясы жок эле жашап атат, жана биз мындан ары кайда барышыбыз керек деген негизги суроого жооп жок. Жаңы реформа да ага жооп бере албайт. Тескерисинче, коркунучтарды күчөтөт. Кудай сактасын, мисалы, өлкөнүн саясий турмушун козгоп жибере турган окуялар болуп кетиши же экономика күтүүсүз абалга түшүп калышы мүмкүн. Саясий оюндун так эрежеси жок да, алар бийликте турган топтун кызыкчылыгына карата улам эле өзгөрө берет», — деп ишенет Төлөгөнов.

IWPR президентти колдогон кыймылдын жетекчиси Иса Өмүркулов менен байланышты. КСДПнын расмий башчысы коомдук талкуу кеңири, болушунча көп элди камтып өттү деп терең ишенээрин айтты.

«Сунуш мамлекеттик электрондук порталда бир ай турду, сентябрдын ортосуна чейин биз аны талкуулап, тотура сунуштарды киргиздик. Каалагандар катышты. Ал арада КСДП дээрлик бүт аймактарды кыдырып, түзөтүүлөрдү коомчулук менен талкуулады», — деди саясатчы.

Аларды ким карап чыкканы тууралуу суроого жооп берип жатып, Өмүркулов эксперттердин эки жумушчу тобу ишке тартылганын айтып, «жашыруун сырдын» четин чыгарды.

«Биринчисине жалаң юристтер гана кирди, арасында көп белгилүү кишилер бар. Экинчисинде адис лингвисттер, окумуштуулар жана таанымал тилчилер болду.

Референдум тууралуу демилге көтөргөн депутаттардын өздөрү да толтура алымча-кошумчаларды сунуш кылышты. Мамлекеттик тилден расмий тилге которууда пикир келишпестиктер болду. Анын баары эске алынып, натыйжада биз түзөтүүлөрдүн жарымынан азын калтырдык», — деп баса белгиледи Өмүркулов.

Жыйынтыгында ал документти парламент кабыл ала турган мөөнөттү ачыкка чыгарды. Атап айтканда, 18-октябрда шейшемби күнү аны тармактык комитет карап чыгат. Ал эми анын эртеси эле, шаршемби күнү, 19-октябрда ал Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында биринчи маселе катары коюлат.

«Үчүнчү окууда биз маселени 10 күндөн кемибеген мөөнөттө карап чыгабыз. Жол-жобосу ошону талап кылат», — деп жыйынтыктады социал-демократтардын башчысы.

Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум азырынча 11-декабрга дайындалды.

Маалымат:

Кыргызстандын Конституциясы 1993, 1996, 1998, 2000, 2002, 2004-жылдарда өзгөртүлгөн. Ошондой эле Конституциянын жаңы редакциялары 2006-жылы кабыл алынып, аларга 2007 жана 2010-жылдары түзөтүүлөр киргизилген.