Кыргызстан Standard & Poor’s рейтингинен баш тартты. Бул кредиторлордун ишеничине кандай таасир этет?

Экономика министрлиги жылына эки миллион сомду үнөмдөө үчүн Standard & Poor’s дүйнөлүк рейтинг агенттигинин кызматтарынан баш тартты. Экономисттердин пикиринде, бул кредиторлор тарабынан өлкөгө болгон ишеничтин төмөндөшүнө алып келет.

Кыргызстандын бийлиги Standard & Poor’s рейтингине катышуудан баш тартты. Бул компания дүйнөлүк үч рейтинг агенттигинин бири болуп саналат. Бир өлкөгө каражат бөлүп берүүдө анын анализдерине эл аралык компаниялар таянып чечим чыгарышат. Standard & Poor’s рейтинги бир өлкөнүн насыя боюнча өз милдеттерин канчалык деңгээлде аткара алаарын аныктайт.

Экономика министрлиги Standard & Poor’s рейтингинен баш тартууну каражаттарды үнөмдөөгө байланыштуу түшүндүрдү. Бирок Кыргызстандын кредитти төлөөгө болгон жөндөмдүгүн бир эле агенттик баалайт — Moody’s.

Экономика министрлигинин Инвестиция жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк башкармалыгынын начальниги Канат Абдрахманов айткандай, эки агенттик тең бирдей эле жыйынтыктарды чыгарып жаткандыктан улам мамлекет үнөмдөө максатында алардын биринин кызматтарынан баш тарткан.

«Moody’sтин кызматтары жылына бизге 40 миң долларга турат, а биз баш тарткан Standard & Poor’sтуку 30 миң доллар турат», — деген ал «Кабар» маалымат агенттигине курган маегинде.

Экономист Марат Мусуралиев рейтингден баш тартуу насыячылар тарабынан өлкөгө болгон ишеничке таасирин тийгизет деп эсептейт.

«Бул агенттиктердин рейтинги окшош болуп калган учурлар анда-санда кездешет. Алардын рейтинг өлчөгүчтөрү ар башка. Өлкөнү ишенимдүү баалоо үчүн көбүнчө үч ири агенттиктин рейтингдери талап кылынат — Standard & Poor’s, Fitch Ratings жана Moody’s», — деди ал Kloop.kgге курган маегинде.

Анын айтымында, Кыргызстан былтыр кредиттик рейтингди эки агенттиктен, Standard & Poor’s менен Moody’sтен алган. Ага чейин өлкөнүн насыялык рейтинги болгон эмес.

Мусуралиев чыгымдарга карабастан мамлекет кредиттик рейтингди кармап туруу үчүн бюджетке аны киргизүү керек деп эсептейт. Айтымында, рейтингди алуу болжолдуу 60 миң доллар турат, аны кармап туруу 20 миңден 50 миң долларга чейин.

«Биздин Fitch Ratingsтен рейтингибиз жок, а эгерде Standard & Poor’sтан да болбой калса — бул жакшы эмес. Мүмкүн болушунча бардык үчөөнөн [рейтинг] алышыбыз керек», — деди ал.

Экономист Искендер Шаршеев Kloop.kgге айткандай, агенттиктин биринен баш тарткандан кийин бизнеске сыртткан салынчу капиталдын төмөндөшүн күтсө болот.

«Бизди канчалык көп рейтинг агенттиги бааласа, ишенич ошончолук жогору болот. А баш тартуу капиталды алууну төмөндөтүп, бизнеске акчаны, жөнөкөй эле, эч ким ала албайт», — деп эсептейт ал.

Standard & Poor’s, Fitch Ratings жана Moody’s рейтинг агенттиктери мамлекеттерге жана анын аймагында иштеген чарбалык субъекттерге — ишканаларга, банктарга насыялык рейтинг коюшат.

Бардык өлкөдө насыячылар бардык үч агенттиктин рейтингинин негизинде акча беришет.