Бишкек жана Оштогу өчүрүлгөн электр энергиясын кечке чейин берүүнү убадалашты

«Түндүкэлектр» жана «Ошэлектр» ишканалары иш күнүнүн аягына чейин Чүй жана Ош облустарында электр энергиясын берүү кайра калыбына келтирилээрин кабарлады. Өткөн сутка ичинде өлкө боюнча электр энергиясы бир канча жолу өчүрүлгөн.

«Түндүкэлектрдин» басма сөз борборунун кызматкери Гуля Мураталиева Kloop.kgге кабарлагандай, кечки саат бешке чейин электр энергиясын берүү боюнча көйгөй чечилет.

«Кечээ кечинде Чүй облусу боюнча электр жарыгы аба ырайынын шарттарына байланыштуу өчүрүлдү. Ага жааган оор жана суулуу кардын зымдарга жармашып, кыска чыңалуу жаратуусу себеп болду» — деди ал.

Анын айтымында, электр энергиясы Сокулук айылында, Кайыңды жана Кара-Балта шаарларында, Ысык-Ата районунда, Новопавловка айылында зымдардын үзүлүүсүнөн улам өчүрүлгөн.

«Бишкектин түндүк бөлүгүндө электр энергиясы аба ырайына байланыштуу жана зымдардын зыян тартуусунан улам өчүрүүлөр болду. Киргизия-1 жана Калыс-Ордо конуштарында электр энергиясы калыбына келтирилди. Башка электр энергиясын берүүчү түйүндөрдө адистер иштеп жатышат», — деди Мураталиева.

Ошто беш райондун жашоочулары «жааган кардан улам» электр жарыгысыз калган.

Болжолдуу он миңдей калк жашаган шаардын түштүк-чыгыш, түштүк-батыш жана борбордук бөлүктөрүндөгү ири райондорунда 19-октябрдын эртең мененки төрттөр чамасында электр энергиясы өчүрүлгөн.

«Ошэлектрдин» басма сөз борборунун башчысынын орун басары Талгат Алихановдун айтымында, электр тогун өткөрүп берген зымдарга күч келип кеткен. Анын кошумчалашынча, шаардыктардын үйүнүн тилкесиндеги дарактар электр өткөргүчтөрдү үзүп кетүүдө.

«Биз ал жашоочуларды дарактарды кесүү керектиги боюнча эскерттик. [...] Биз фискалдык орган эмеспиз, эгер алар биздин өтүнүчүбүздү аткарбай жатса, аларды жазалай албайбыз», — деди ал.

Соавтор: Акылай Каримова