Ала-Бука районунда христиан-баптисттин сөөгүн жерге берүүгө байланыштуу резонанс жараткан окуя болуп өттү. Анын сөөгүн жергиликтүү тургундардын талабы менен эки жолу жерден казып алышкан. Мындай окуя Кыргызстанда биринчи жолу болуп жаткан жок, бирок көйгөй мыйзам менен да жөнгө салынган эмес.
Материалдын түп нускасы «Азаттык» радиосунун сайтына чыккан. Автору: Болот Колбаев.
Эксперт-дин таануучу Индира Асланова аталган көйгөй менен таанышып чыккан. Мындай кырдаалдардан кантип туура чыгуу боюнча «Азаттыктын» суроолоруна жооп берген.
«Азаттык»: Кантип Кыргызстанда ар кайсы дин өкүлдөрүн жерге берүү маселелери жөнгө салынат?
Асланова: Бүгүнкү күндө көрүстөндөр бизде динге ишенгендердин жана ишенбегендердин, мусулмандардыкы же христиандардыкы болуп бөлүнбөйт. Бул жергиликтүү деңгээлде чечилип, коомдоштук өзү бөлөт. Өлүктү көмүү кыргыздарда уруучулук негизде болгондуктан алардын баары мусулман мазары болуп калган. Совет доорунда ал жакта атеисттер да көмүлгөн. Анда маркумду казып алган окуялар болгон эмес. Бул биринчиси.
Эми экинчиси. Ала-Букадагы окуя — бул биринчи жолу болуп жаткан окуя эмес. Эң чуулгандуусу 2006-жылы болду окшойт. Анда баптизмди карманган баланын ата-энеси анын сөөгүн үйүнүн короосуна көмүүгө мажбур болушкан. Эстешимче, ошондо бала 15 жашта болгон. Бир жыл же андан да аз убакыт болуп калды, Ысык-Көл облусунда Иегованын күбөлөрү менен жергиликтүү коомчулуктун ортосунда ушундай эле көйгөй болгон.
«Азаттык»: Балким бул көйгөйгө мамлекет кийлигишеттир?
Асланова: Албетте, бул административдик же жазыктуу кылмыш. Мен юрист эмесмин, квалификация кыла албайм. Маркумдун денесин казып алып, анан аны кайра башка жерге көмүүгө болбойт деп эсептейм. Башкача айтканда, мунун үстүнөн көзөмөл болушу керек. Экинчиден, эмне кылуу керектиги боюнча маселе турат. Бир тараптан, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жакшы иштеши керек, башка жагынан — бул калк дагы бир жолу аларга баш ийбей жатат. Маалыматтык кампаниялар, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүшү керек. Бул толеранттуулук, башка дин өкүлдөрүнө урмат жана жөн гана адамдык сапаттардын маселеси болуп саналат.
«Азаттык»: Маркум аялдын сөөгүн казып алып, кайра көмүү сыяктуу көрүнүштөр радикализмдин белгилери болуп саналбайбы? Ар кандай ойлор айтылууда…
Асланова: Дагы бир жолу кайталайм, бул биринчи жолу болуп жаткан жок. 2000-жылдардан бери анда-санда болуп келүүдө. Балким мурдагы окуялар ЖМКларда кеңири талкууланбагандыр. Бул жерде көйгөй — ошол көрүстөндөрдүн мусулмандардыкы деп абалтан бери эсептелиши. Бизде мусулмандардыкы жана мусулмандардыкы эмес деген бөлүнүш жок. Кыргыздарда, өзү, көрүстөндөр уруучулук негизде, туугандарынын жанына көмүшөт. Башка динди кабыл алган адам өлсө, анын туугандары өздөрүнүкү менен көмүүнү каалашат, ушул жерге чыр-чатак келип чыгууда. Бул мусулман жайы, ислам ишениминин көз карашынан алып караганда мусулман эместерди ал жерге көмүүгө болбойт дешет.
Аларга башка жер бөлүп берүү деген альтернативаны сунуштаганга болот. Мындай аракеттер көрүлгөн. Бирок бул жерде да эки көйгөй жаралат: же саздак, көмүүгө мүмкүн болбогон жер бөлүп беришет, же эгерде жер көмүүгө жараса да, анын туугандары өз жакындары көмүлгөн жерге берүүсүн айтышат. Туюк абал сыяктуу, бирок андан чыгуу керек.
«Азаттык»: Балким, мыйзам чыгаруучулар мындай маселелерди жөнгө салуучу нормалардын үстүнөн ойлонушу керектир?
Асланова: Парламентте жакында көмүү иштери боюнча мыйзам үч окуудан тең өтүп кабыл алынды, бирок анда бул маселе жөнгө салынган эмес. Президенттин каршы чыгуусу менен документ артка кайтарылган. Ал азыр кайсы стадияда экенин так айта албайм. Балким алдыда бул маселелерди кандайдыр бир жол менен жөнгө салышат.
Мыйзам чыгаруучу нормалар, албетте, керек. Балким жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына өздөрүн кантип алып жүрүү керектиги боюнча кандайдыр бир колдонмо иштеп чыгыш керектир. А жергиликтүү дин кызматкерлеринин арасында болсо эч бир дин маркумду казып алууга уруксат бербешин жана өздөрүн варвар сыяктуу алып жүрбөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек.
«Жалпы кызыкчылыктарды издөө» уюму өздөрү иштеп чыккан сунуштар жана дин лидерлерин мобилизациялоо боюнча мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн, диний мекемелер, юристтерден турган жумушчу топ түзүү боюнча демилге көтөрүп чыкты.
Сүрөт: «Азаттык», иллюстративдик