Памир кыргыздары цивилизациядан алыс, катаал табигый шартта, билимге жана медицинага жеткилиги жок жерде жашашат. Жыл сайын кыргыз экспедициялары памирликтерге гуманитардык жардам жеткиришет. Ошондой экспедициялардын бирөөнүн катышуучусу өзүнүн Ооганстандагы сапары тууралуу айтып берди.

Баяндама экспедициянын катышуучусу Элвира Акимованын сөзүнөн жазылып алынды.

Памирге баруу идеясы мамлекетке таандык. Кыргызстан расмий түрдө Ооганстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, экспедициянын убактысын макулдашкан.

Мен памир кыргыздары тууралуу Али Токтакуновдун даректүү фильмин көргөн соң экспедицияга катышууга белсендим. «Элден элге» коомдук фонду менен кошо мен Памирдин жашоочуларына гуманитардык жардам чогултууга катыштым, жыйналган буюмдарды биз мамлекетке өткөрүп бердик.

Экспедиция памирликтерге гуманитардык жардам жеткирип, ал жакта жашагандардын ден соолугун текшериши керек болчу.

Экспедициянын курамына 22 киши, анын ичинде төрт дарыгер: терапевт, акушер-гинеколог, кардиолог жана педиатр кирди. Экспедицияны Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Бакыт Адылов жетектеп барды.

Мен мамлекеттик органдарда иштебегендиктен жана өзүнчө жеке адам болгондуктан, өз чыгашамды өзүм көтөрдүм. Бардыгы болуп 15 миң сомдой кетти.

Саякат Оштон башталды. Ал жакта биз Тажикстанга чыгаарда биринчи жолу түнөдүк.

Биз тоо шартына атайын ылайыкташкан унаалар менен жүрдүк, андыктан мен жолдо кандайдыр кыйынчылыкты сезген деле жокмун. Деңиз деңгээлинен 4500 метр бийиктикке чыкканыбызда башым айланып, кан басымым көтөрүлгөнүн сездим — мен мындай бийик жерде биринчи жолу болушум.

Тажикстанда биз Мургабга токтоп, андан ары Ооганстанга Кичи жана Улуу Памирге жол тарттык. Эки күн Кичи Памирде, дагы эки күн Улуу Памирде болдук. Медиктер бул күндөрү памирликтердин ден соолугун текшерип жатышты.

Памирликтер бизди аябай жылуу жана кубанычтуу тосуп алып, боорсок менен сыйлашты. Аларга биздин келээрибиз алдын-ала эскертилген экен — экспедиция алдында кыргыз тарап жергиликтүү карыялар менен саякаттын багытын кеңешип, эң муктаж болгон райондорду аныктаган.

Памир цивилизациядан бөлүнүп турат. Анда жашагандар азык-түлүк алганы баратып атчан үч күн жол жүрүшөт. Медицина кызматкерлери жокко эсе.

Мен Памирдин тургундарына абдан боорум ооруду. Бул жактагы адамдарга витамин жетишпегени, ден соолугунун начарлыгы байкалып эле турат. Алар биз үйдөн эле дарылап койгон оорулардан деле өлүп калышы мүмкүн. Дары менен камсыз кылганда деле алар аны эмне кылаарын билишпейт.

Салыштырмалуу жакында эле Ага Хан фонду Улуу Памирде оорукана салды. Жергиликтүү тургундардын ден соолугу өтө начар, катаал шарттардын таасири тийип турат. Айрыкча аялдар менен балдарга кыйын — бул жерде төрөттөн өлгөн энелер көп.

Бойго бүтүрбөй турган каражаттардын жоктугунан аялдар төрөөрү менен эле кайра боюна бүтө берет. Ансыз да ден соолугу начар немелер жыл сайын төрөй берип айрымдары 35-40ка жетпей көз жумушат.

Мен айрым памирлик аялдар 11-12 жашында, кээде этек кири келе электе эле турмушка чыгышканын билдим. Эми алар кыздын 18 жашка чыгышын күткөнгө аракет кылышат. Кыздар өтө аз, аларды көздүн карегиндей сакташат.

Балдар синтетикалык, аба ырайына ылайыкташпаган кийимчен жүрүшөт. Кээде жыңайлак. Мен Закия деген кыз менен тааныштым. Биз кечке ойночубуз, ал болсо менден бутуна чак бут кийим алып келүүнү суранды — чоң бут кийим менен чуркаган ага ыңгайсыз.

Бул жерде өткөн ар бир күндүн өзү жеңиш.

Оогандык кыргыздар негизинен эт, нан жана сүт менен азыктанышат. Байыраак үй-бүлөлөрдө кумшекер бар. Биз «байыраак» үй-бүлөдө конок болдук, бирок мага баары бирдей эле жашагандай көрүндү.

Алар бизди кандашыбыз деп эсептешет.

«Силер бизге тууган болосуңар, андыктан биз силерден дайыма жардам күтөбүз. Силер бизди көчүрүп же алып кете албасаңар дагы, бизге жардам бергенди токтотпогула, бул биз үчүн чоң кубаныч жана сыймык. Биз силерди дайыма күтөбүз», — дешет алар.

Алар бизди качан алып кетесиңер деп сурашат. Алар да биздей жашап, жашыл табиятка көздөн жаш чыкканча суктангысы келээрин айтышат.

Бул менин биринчи экспедициям болчу, бирок мен сөзсүз Ооганстандагы памирлик кыргыздарга кайра барам. Мен өзүм үчүн аларга эмне ала барыш керек экенин белгилеп койдум.

Тиричиликте аларга темир идиш жана темирден жасалган ашкана буюмдары — мүмкүн болушунча бышыгы — керек.

Аларга терисине кам көрө турган косметикалык каражаттар керек, анткени муздак абадан улам алардын колу менен бетинин териси бузулат. Андан тышкары биологиялык кошумчалар, кальций, организмди чыйралта турган витаминдер керек.

Ооганстанга памирлик кыргыздарга барган саякатым мени түп тамырымдан бери өзгөрттү. Биз күнүмдүк нерселерден эле баш оору таап алып, өзүбүзгө өзүбүз бөгөт коё берет экенбиз.

Памирде көргөн нерселеримден кийин мен майда-барат маселелерге көз жуумп, цивилизацияда, заманга ылайык жашап атканыма ыраазы болчу болдум. Мен көчөдө аялдама бар экенине, гүлдөр өсүп жатканына сүйүнөм — Памирде гүл өспөйт.

Кайтып келгенден кийин айылдар да мага шаардай көрүнүп калды. Жердин баарында мектептер, ооруканалар бар. Мурда мен: «Айылда эмне болмок эле? Эч нерсе жок да» деп ойлочумун. Эми аларды жакшы көрөм.

Текст: Алмир Алмамбетов
Сүрөт: Элвира Акимова