Клинтон менен Трамптын жыйынтыктоочу дебаты: «Путиндин тактекеси», бойдон алдыруу жана курал алып жүрүү укугу

Чек араны коргоо, Путин, бойдон алдыруу жана ИГИЛ — президенттик шайлоо алдындагы жыйынтыктоочу дебаттарда Хиллари Клинтон менен Дональд Трамп дагы эмнелерди талашып-тартышты?

Клинтон менен Трамптын жыйынтыктоочу, үчүнчү кайым айтышы Лас-Вегаста 19-октябрда болуп өттү. АКШ президентинин кызматына талапкерлер кандай талаш темаларды талкуулашты?

Курал алып жүрүү укугу

Трамп АКШ Конституциясына кирген, курал алып жүрүүгө жана сактоого укук берген Экинчи түзөтүүнү колдойт. Талапкердин айтымында, ал президент болуп калса, ошол укукту колдогон сотторду дайындайт.

Клинтон да бул укукту колдойт, бирок «жөндүү иретке салууну» жактайт. Анын айтымында, ок атуучу куралдын айынан жыл сайын 33 миң америкалык окко учууда.

Бойдон алдырууга карата мамилеси

Трамп бойдон алдырууга тыюу салыш керек деп эсептейт. Республикачы өзүнүн көз карашын колдогон, «өмүрдү» жактаган сотторду дайындай турганын билдирди.

Клинтон үй-бүлөнү пландоону жактайт жана бойдон алдыруу тууралуу чечимди аял өзү кабыл алышы керек деп эсептейт, анткени бул анын жашоосундагы «эң татаал жана жеке мүнөздөгү чечим».

Орусия менен мамилеси

Трамп Орусиянын президенти Владимир Путин менен мамилени жөнгө салып, Сирияда, «Ислам мамлекетине» каршы биргелешкен операцияларды жүргүзгүсү келет. Анын пикиринде, Путин Клинтонго аны «Сирияда жана бардык жерде» алдап кеткени үчүн эле жакпай атат.

Клинтон Орусия президенти АКШ президентинин кызматында Трамптай кишини көргүсү келгенин кыйытып, Трампты «Путиндин тактекеси» деп атады. Ал Кремлди АКШга киберчабуул коюп жатат деп, ал эми Трампты болсо аны колдоп жатат деп айыптады.

Трамптын төшөк чуусу

Трамп өзүн «мурда мени төшөк мамилесине тарткысы келген болчу» деп айыптап келишкен айрым аялдардын дооматтарын четке какты. Ал дооматтар Трамп «аялдардын аласына кол салаарын», анткени ал «жылдыз» экенин айткан сөзүнүн жазуусу жарык көргөндөн кийин пайда болду. Талапкер аялынын алдында кечирим сураганга негиз жоктугун, анткени бул дооматтар калп же Клинтондун тарапкерлеринин атайын кылыгы экенин айтты.

Клинтон Трамптын мүшкүлү өзүнө жоопкерчилик алып, кечирим сурай билбегенинде деп эсептейт. Ал Трамп адамдарды кемсинтип, ал үчүн кечирим сурабаган бир нече окуяларды эске салды.

Мосулдагы операция

Трамп Мосулду «Ислам мамлекетинин» жоочулары басып ала электе эле аны коргоп, колдон чыгарбай туруш керек болчу деп эсептейт. Азыр болсо талапкер Мосулга коюлган чабуул күтүүсүз болбой калды, анткени операция тууралуу үч ай мурда жарыяланды деди.

Клинтон Мосулга коюлган чабуулду колдош үчүн америкалык аскерлерди Иракка киргизүүгө каршы. Анын пикиринде, бул АКШнын кызыкчылыгына каршы иштемек.

Шайлоонун жыйынтыгын моюнга алуу жөнүндө

Трамп 8-ноябрда өтө турган шайлоонун жыйынтыгына макул болоор-болбосу тууралуу суроого так жооп бере алган жок. Анын пикиринде, «коррупциялашкан басма сөз окурмандардын аң-сезимин ууландырып жатат». Мурда Трамп шайлоонун жыйынтыгы бурмаланышы мүмкүн деп болжогон.

Клинтон кайсы бир нерсе Трампка жакпай калса эле ал баарын бурмалоо менен айыптай баштай турганын айтты. Талапкер өз каршылашы праймеризде бурмалоо жөнүндө айткан бир нече учурларды эске салды.