Парламент депутаттары референдумду дайындоо жана Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун соңку окууга жөнөттү. Мыйзам долбоорун талкуулап жатып депутаттар Кыргызстандын Конституциясынын түп нускасынын кайда экенин таба албай коюшту.
Референдумду өткөрүү боюнча 90 депутат макул, 14ү каршы деп добуш берди.
«Ата Мекен» фракциясынын эки депутаты Алмамбет Шыкмаматов менен Садык Шер-Нияздын айтымдарында, добуштарды эсептөөдө техникалык ката чыккан. Алардын добуштары референдумду өткөрүүнүн пайдасына эсептелип калган.
Алмамбет Шыкмаматов спикерге кайрылып, кесиптеши экөөнүн референдумга каршы добушун эске алып коюусун айтты.
24.kg маалымат агенттигине курган маегинде ал интернетке алаксып, макул деп добуш берип алганын айткан.
«Мен өз позициямды бир канча жолу билдиргем жана аны өзгөртпөйм. Бул деген уят. Качан долбоорлорго тез добуш бергенде мындай болуп турат», — деген ал.
«Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Kloop.kgге анын фракциясы толугу менен каршы чыкканын, бирок эки добуш мыйзам долбооруна макул деп эсептелип калганын айтты.
«Жаңылыштык менен же техникалык себептерге байланыштуу, фаркция толугу менен каршы болсо да эки добуш "макул" деп эсептелип калган. Ошентип мыйзам долбоору 88 добуш менен өттү. Бул техникалык же адамдык ката», — деди ал.
Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумду жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен бирдикте 11-декабрда өткөрүү пландалууда.
Депутаттар Конституциянын түп нускасын «жоготуп алышты»
Референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам долбоору боюнча чечим чыгаруунун алдында депутаттар 2010-жылдагы Баш мыйзамдын түп нускасынын кайда экени боюнча суроо коюшту. «Ата Мекендин» өкүлдөрү отурумга чейин президенттин аппаратына менен юстиция министрлигине документтин түп нускасын берүүсүн өтүнүп кайрылышкан.
Эки мекеменин тең өкүлдөрү аларда документтин көчүрмөлөрү гана бар экенин айтышкан.
Президенттин парламенттеги ыйгарым укуктуу өкүлү Молдакун Абдылдаевдин айтымында, канцелярия архивден Конституциянын түп нускасын такан эмес.
«Биз аны Юстиция министрлигинде сакталып турат деп ойлогонбуз. Азыр министрдин ырасташынча, түп нускасы жок. Мындан түп нускасы кайда деген суроо келип чыгат?» — деди ал.
Ал кошумчалагандай, архивде Роза Отунбаева тарабынан кол коюлган Убактылуу өкмөттүн декрети жана ага кошо тиркелген Конституциянын долбоору бар, бирок аны түп нускасы деп эсептөөгө болобу, түшүнүксүз. Айтымында, документ ар кайсы шрифттер менен басылган жана калем менен жазылган оңдоолор бар.
«Ата Мекен» фракциясынын депутаттары Наталья Никитенко менен Аида Салянова башкы мыйзамдын түп нускасы кайда экенин териштирүү боюнча комиссия түзүүнү сунуштады. Алар эгерде документтин түп нускасы жок болсо, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө болбойт деп эсептешет.
Конституцияга эч ким кол койгон эмес
Президенттин аппаратынын башчысы Фарид Ниязов 24.kg маалымат агенттигине курган маегинде, 2010-жылдагы Баш мыйзамга Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү тарабынан кол коюлбаганын жана расмий түрдө маалымдалбаганын айткан.
«[Конституциянын текстине] эч ким кол койгон эмес — арасында Өмүрбек Текебаев да бар болгон иштеп чыккандар да, референдумдан кийин өткөөл мезгилде президент болгон Роза Отунбаева да», — деген ал.
Ниязовдун айтымында, башкы суроо түп нускасынын кайда экенинде эмес, а «Эркин Тоо» гезитине жарыяланган Конституциянын текстине кимдин жоопкерчилик алаарында.
Айтымында, ал текст расмий редакциясы болуп эсептелет. Ал кошумчалагандай, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн колдору коюлган Баш мыйзамдын эки долбоору бар, бирок маалымдалган варианттары жок.
Текебаев Kloop.kgге айткандай, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү жана президент Конституцияга кол койбошу керек болчу.
Айтымында, «Конституцияны күчүнө киргизүү» жөнүндөгү мыйзамдын 5-беренесине ылайык, негизги мыйзам референдумдун жыйынтыктарын расмий жарыялаган күндөн тартып күчүнө кирет.
«Башкача айтканда Боршайком добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча чечим кабыл алып, кабыл алынган текстти ырастайт, андан соң аны жарыялайт. Ошол мүнөттөн тарта Конституция күчүнө кирет. Ал убакта президент жок болгондуктан Баш мыйзамга кол коюуга кажет жок болгон», — деди ал.
Анын айтымында, Убактылуу өкмөт өзүнүн декрети менен өзгөртүүлөрдүн бир долбоорун бекитип, кийин ал референдумга алып чыгарылган жана ага эл добуш берген.
Ал кошумчалагандай, 2010-жылдын 6-июлунда «Эркин Тоо» гезитине 61 номуру менне БШК Конституциянын соңку текстин жарыялаган.
Конституциялык реформа
Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелеген депутаттар парламенттин кароосуна президент Алмазбек Атамбаев тарабынан жактырылган мыйзам долбоорунун вариантын алып чыккан.
Өзгөртүүлөр өкмөттүн ыйгарым укуктарын көбөйтүп, сот бийлигинин үстүнөн көзөмөлдү күчөтөт. Өзгөртүүлөргө ылайык, Кыргызстан адам укуктары багытындагы улуттук мыйзам чыгарууга таянып, эл аралык келишимдер менен иш жүргүзбөйт.
Өзгөртүүлөрдүн каршылаштары — экс-президент Роза Отунбаева, Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөлөрү, парламенттеги «Ата Мекен» фракциясы жана айрым парламент депутаттары.
Алардын пикиринде, Конституцияга киргизилчү өзгөртүүлөр мамлекетте демократиянын жоголушуна алып келет жана бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмактуулукту бузат.
Өзгөртүүлөрдүн тарапташтары өлкө кыйла көз карандысыз болуп, а өкмөт туруктуу болот деп эсептешет.
2010-жылдагы Баш мыйзам революциядан кийин 27-июндагы референдумда кабыл алынган. Анда парламенттин ролу күчөп, президенттин ыйгарым укуктары кыскарган.