Судья Эмил Өскөнбаев: Эмне үчүн Конституцияга түзөтүүлөр мыйзам бузуу менен киргизилип жатат?

Президент, анын администрациясы жана көпчүлүк депутаттар сунуш кылып жаткан өзгөртүүлөрдү Конституцияга киргизүүгө Конституциялык палатанын 11 судьясынын арасынан каршы чыккан бирден-бир судья — Эмил Өскөнбаев. Kloop.kg Конституциялык палатанын отурумунда айтылган Өскөнбаевдин өзгөчө пикирин жарыялайт.

Конституциялык палата 11-октябрда Кыргызстандын Конституциясына түзөтүүлөрдү киргизүүнү бир добуштан колдоду. 11 судьянын ичинен аларды колдобой, өзгөчө пикир айткан бирден-бир судья Эмил Өскөнбаев болду.

Төмөндө анын өзгөчө пикиринин негизги тезистерин жана толук текстин окуй аласыздар.

Негизги тезистер:

  • Конституция бекем бойдон калышы керек;
  • Конституцияга тез-тезден өзгөртүү киргизүү анын баалуулугун азайтат;
  • Өзгөртүүлөр шашылыш киргизилбеши керек — бул мамлекеттин туруктуулугуна доо кетирет;
  • Бир нече түзөтүүнү дароо киргизүүгө болбойт;
  • Демилгечилер түзөтүүлөрдүн мааниси менен максатын өзүнчө мыйзам менен түшүндүрүшү зарыл;
  • түзөтүүлөр тууралуу демилгени 2020-жылга чейин парламент аркылуу эмес, референдум аркылуу гана көтөрсө болот.

Толук тексти:

Конституция бекем бойдон калышы керек

Конституция — мамлекеттин жөн гана Башкы мыйзамы эмес, ал бүтүндөй коомдун иш-аракети менен өнүгүшүнө негиз боло турган мамлекеттик түзүлүштү, жашоо ыңгайын, баалуулуктар менен багыттамалардын системасын аныктаган, система түзүүчү касиеттерге ээ программалык документ.

Конституцияга коом үчүн баалуу жана маанилүү нерселерди жөнгө салуучу орун ыйгарылгандыктан, ага башка укуктук ченем актыларынын ичинен жогорку юридикалык даража берилет.

Конституциялык палатанын судьясы Эмил Өскөнбаев
Конституциялык палатанын судьясы Эмил Өскөнбаев

Андыктан анын жөнгө салуу тармагында ал тургай эң маанисиз же зарыл өзгөрүүлөр болсо дагы алар тескери таасир тийгизет, анткени алар мамлекеттин башкы мыйзамы катары Конституциянын бекемделишине жол бербей, мамлекеттик институттар жана жалпы коом үчүн анын маанисин азайтат.

Ошондон улам конституционализм теориясында демократиялуу жана укуктук мамлекеттерде Конституциянын бекемдик принцибин сактоо зарылдыгы өзгөчө орунду ээлейт, мунун мааниси анын ченемдери убакытка же кайсы бир башка (саясий, экономикалык, социалдык) таасирге карабай иштей турган Конституциянын туруктуулугунда жана бекемдигинде жатат. Бул болсо мамлекетке негиз болгон түпкүлүктүү нерселер өзгөрбөшү керек деген сөз.

Конституциянын бекемдиги — Конституция мүмкүн болушунча узак убакыт бою мамлекеттин саясий, укуктук жана коомдук турмушунун негизги системасы бойдон калышы керек дегенди билдирет.

IWPR: Кыргызстандын Конституциясы. Бүт өлкөнүн талашы аягына чыгып келатат

Конституциянын бекемдиги, башка өзгөчөлүктөрү менен катар, конституциялык укуктук жөнгө салууну андан азыраак юридикалык күчкө ээ болгон укуктук актылар менен жүзөгө ашырылуучу кадимки укуктук жөнгө салуудан бөлүп турат, мында Конституциядан айырмаланып, ченем актыларын мамлекеттин жана коомдун өнүгүш ыргагына жараша коркпой-үркпөй өзгөртө берсе болот.

Ушуну эске алып, Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн тартиби дегеле жеңил, жөнөкөй жана тез болушу мүмкүн эмес, анан калса андан азыраак юридикалык күчкө ээ болгон укуктук ченем актысына түзөтүү киргизүүдөн жөнөкөйүрөөк болушу эч мүмкүн эмес.

Шашылыш аракеттер туруктуулукка доо кетириши мүмкүн

Конституцияга түзөтүү киргизүүнүн жол-жобосу, Конституцияны өзгөртүү зарылдыгы Конституциянын бекемдигинен алда канча жогору тураарын терең түшүнүү максатында, сунуш кылынган түзөтүүлөрдү ар тараптуу ачык жана институционалдык деңгээлде талкууну камсыз кыла турган татаал, көп кырдуу жана ырааттуу кадамдардан турушу зарыл.

Айтмакчы, мындай тартипти сактоо Конституциянын өзүнүн духуна гана мүнөздүү болгон дагы бир өзгөчөлүктү ачат — ага бир учурда көптөгөн түзөтүүлөрдү киргизүү мүмкүн эмес, анткени алардын ар түрдүүлүгү жана көптүгү акыры аягында демилгечилерге өз максатына жетүүгө мүмкүнчүлүк бербейт.

Конституциянын бекемдик принцибинин мындай түшүнүгүн демократиялуу, укуктук мамлекеттер туу тутушат жана Кыргыз Республикасы, Конституциянын 114-беренесинде Конституцияга өзгөртүү киргизүүнүн кыйла татаал жол-жобосун караштыргандыктан, ошол эле катарда турат.

КМШ өлкөлөрүнүн Конституциялары кантип өзгөрүп отурган?

Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүүнүн катаал жол-жобосу демократиялык конституционализмдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүүнүн жол-жобосун сактоо түзөтүүлөрдүн колдоо табышына жана алардын мыйзамдуу күчкө ээ болушуна, ошондой эле жаңы конституциялык салттардын калыптанышына кыйла өбөлгө түзөт.

Жана тескерисинче, эгерде Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүүнүн ченемдери жана жол-жоболору ар башка чечмеленип, талаш туудурса, же шашылыш түрдө, демократиялык принциптерди сактабастан жүзөгө ашырылса — бул мамлекеттеги туруктуулукка доо кетирип, Конституциянын өзүнүн мыйзамдуулугуна шек туудурушу ыктымал.

Парламент Конституцияны 2020-жылга чейин өзгөртө албайт

Мыйзам чыгаруучулар Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 114-беренесин ишке ашыруу максатында мыйзам чыгаруучулардын баштапкы ой-максатын толугураак ачып берип, азыр анын ар башка чечмеленишине жол бербей турган мыйзам кабыл алышы зарыл болчу.

Ошого карабастан, бул берененин ченемдик негиздери жетиштүү даражада анык жана эң негизги нерсени - Конституцияга өзгөртүүлөрдү бир топ олуттуу тоскоолдуктардан кийин гана киргизсе болоорун жар салаарын белгилей кетүү зарыл.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 114-беренеси Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн эки жолун караштырат:

  • Жогорку Кеңеш дайындаган референдумда Конституцияга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамды кабыл алуу менен (114-берененин 1-бөлүгү);
  • Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамды Жогорку Кеңештин кабыл алышы менен (114-берененин 2-бөлүгү).

Бул беренеде Конституцияга өзгөртүү киргизүү тууралуу демилге көтөрө ала турган субъектилердин тизмеси так көрсөтүлгөн, алар:

  • Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү;
  • 300 миңден кем эмес шайлоочулар (14-берененин 2-бөлүгү).

Мында жол-жобо мүнөзүндөгү ченемдерди баяндоонун ченем чыгаруу техникасы жагынан алганда 114-берененин 1-бөлүгү жалпы ченем болуп, анын кийинки бөлүктөрү аркылуу конкреттешет.

Кыргызстандын түштүгүндөгү тургундар 2010-жылдагы референдум учурунда көчмө урналарды пайдаланууда.
Кыргызстандын түштүгүндөгү тургундар 2010-жылдагы референдум учурунда көчмө урналарды пайдаланууда.

Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамды кабыл алуу боюнча референдумду Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 114-беренесинин 3-бөлүгүнүн ченемдик жоболоруна таянуу менен гана — башкача айтканда, белгиленген бардык мөөнөттөрдү жана жол-жоболорду сактап, Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамды кабыл алуунун жыйынтыктоочу баскычында акыркы чечимди кабыл алуу укугун мамлекеттик бийликтин түздөн-түз бутагы болгон Кыргызстандын элине өткөрүп берүү жөнүндө тыянакка келген учурда гана — дайындай алат.

Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес бөлүгүнүн демилгеси менен референдумга чыгарылышы мүмкүн деген Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 114-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-абзацынын ченемдик жобосу — ушул эле берененин биринчи жана экинчи абзацтарында көрсөтүлгөн ойлордун уландысы болуп эсептелет, башкача айтканда бир укуктук ченемдин кийинки элементи болуп саналат жана айрым укуктук кырдаалды өз алдынча жөнгө салуу катары каралышы мүмкүн эмес.

Тиешелүү түрдө, Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдын демилгечилери Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 114-беренесинин 3-бөлүгүнүн үчүнчү абзацына шилтеме келтириши негизсиз.

Атамбаев президент болгондон бери Баш мыйзам боюнча эмнелерди айткан?

Ошону менен бирге, 2010-жылдын 27-июнундагы Конституцияны ишке киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4-беренесинде 2020-жылдын 1-сентябрына чейин Жогорку Кеңеш тарабынан Конституцияга өзгөртүү киргизүүнүн тартибин колдонууга чектөө коюлган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 25-сентябрындагы токтомунда баяндалган позициясына ылайык, Конституция жана  «Кыргыз Республикасынын Конституциясын ишке киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы органикалуу бирдикте турат жана бири-биринен ажырагыс.

Бул болсо «Кыргыз Республикасынын Конституциясын ишке киргизүү жөнүндө» мыйзамдын жоболору Конституциянын өзү сыяктуу эле юридикалык күчкө ээ дегенди билдирет.

Демек, эгерде «Кыргыз Республикасынын Конституциясын ишке киргизүү жөнүндө» мыйзам менен Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кандайдыр чектөөлөр белгиленсе, алар милдеттүү түрдө аткарылышы керек жана эч кайсы жагдайда аларды аткарбай коюуга болбойт.

Нурбек Токтакунов: Эмнеге Конституцияны өзгөртүү Кыргызстанда диктатордук режимди орнотот? 1-бөлүк

Ал эми, Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу демилге көтөрүүнүн жол-жобосу Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү тартибинин ажырагыс бөлүгү болгондуктан, Жогорку Кеңештин көпчүлүгү да, депутаттарынын үчтөн эки бөлүгү да 2020-жылдын 1-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу демилге көтөрө турган тиешелүү субъект боло албайт.

Ошентип, «Кыргыз Республикасынын Конституциясын ишке киргизүү жөнүндө» мыйзамдын талабы боюнча, «Референдумду (жалпы элдик добуш берүүнү) дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбооруна тиркеме катары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна алынып чыккан «Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору боюнча демилге Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизизүүнүн белгиленген конституциялык тартибин бузуу менен көтөрүлгөн.