Мамкаттоо документтерди санариптештириш үчүн майыптарды кызматка алат

Бишкекте Кыргызстандагы алгачкы санариптештирүү борбору ачылганы жатат, анын кызматкерлери мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар болмокчу.

Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев 2017-жылы ачыла турган санариптештирүү борборунда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар иштей турганын 21-октябрда кабарлады. Анын айтымында, алар архивдик документтерди электрондук форматка өткөрүү менен алек болушат.

Сарпашев санариптештирүү борбору үчүн жабдуу катары мекеме миңдей сканер алдырып келгени жатканын кошумчалады. Мекеменин кызматкерлеринин айрым бөлүгү гана майып адамдардан турмакчы.

«Борбордун кызматкерлеринин 30 пайызы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардан турат», — деди Сарпашев.

Мамкаттоонун басма сөз катчысы Мелис Эржигитов Kloop.kgге санариптештирүү борборун кийинки жылдын 1-февралынан тартып ачуу пландаштырылып жатканын айтты. Ал 11 миллион документ санариптештирилгенин, бирок дагы 40 миллиону калганын билдирди.

«Санариптештирүү ишине биз ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды тартып келатабыз жана тартабыз. Адистерге коюла турган бир гана талап — алардын компьютерде иштей билиши. Аны билсе биз ал киши менен келишим түзүп, ал бизде башка адамдар менен катар эле иштей берет», — деди ал.

Эржигитовдун айтымында, иштин натыйжалуулугу жагынан майыптар соо кишилерден кем калышпайт.

«Бизде акы төлөө иштеген ишине жараша — ким канча иш кылса, ошончо акча алат. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар кыйла өжөр келип, батыраак иштеп, соо кишилердин көрсөткүчүнөн ашып кетишет. Майып жигит ушунчалык көшөрүп иштегендиктен, айына 40 миң сом тапкан учур болгон», — деди ал.

Эржигитов санариптештирүү борборун түзүүгө жана кызматчыларды көбөйтүүгө эскирген өтө көп кагаз документтерди электрондук форматка өткөрүү зарылдыгы негизги себеп болгонун кошумчалады.

«Архивде жыл сайын абалы начарлап бараткан маанилүү документтер көп. Кагаз миллиондогон майда бөлүктөргө чачырап кетет экен, алар болсо биздин тарых үчүн өтө маанилүү маалыматтар. Электрондук форматка тезирээк өтүш үчүн биз ушул борборду түздүк, ал Мамкаттоого гана эмес, башка да мамлекеттик органдарга, борборлорго, китепканаларга жана башкаларга кызмат көрсөтөт», — деди ал.

Эржигитов ошондой эле документтерди санариптештирүү 2015-жылдын декабрынан башталганын, анда Мамкаттоого мүмкүнчүлүгү чектелген 50 киши ишке тартылганын айтып берди. Бардыгы болуп санариптештирүү багытында 500 киши иштейт.