Темир тор артында, бирок онлайн: Түрмөдөгүлөр кантип интернетке чыгышат?

Кыргызстандын мыйзамдары боюнча камактагылар тышкы дүйнө менен байланышы болбошу керек. Бирок камалгандар телефон, ал тургай интернет колдонуунун жолун табышат.

Журналист Юрий Копытин камалгандар интернетке кирип, ал тургай тармактын башка колдонуучуларына ыңгайсыздык келтирип жатканын «Фэйсбук» коомдук тармагында ачууланып жазып чыккан.

Копытин «Фейсбук» тармагында такай пайда болуп турган, тогуз жашар кызды зордуктап, өлтүрүп салганы үчүн түзөтүү колониясында отурган Виталий Ивженкону мисал келтирген.

Киргшелкто өлтүргөнү үчүн камалганды «Одноклассникте» байкап калып анын «флешмобуна» журналист Элина Федько да кошулган.

Kloop.kg өмүр бою абакка соттолгон Ивженко менен «Фэйсбук» тармагында байланышка чыкты.

Kloop.kg: Саламатсызбы! Мен Kloop.kgнин журналистимин. Сиздин түрмөдө экениңиз мага белгилүү, бирок кантип интернетке чыгып жатасыз?

Ivjenko Kg: Салам, а ким айтып койду? Мага зыян келтиресиз, камералаштарым менен менттер өлтүрүп коюшат.

Kloop.kg: А биз кантип зыян келтиришибиз мүмкүн? Тагыраак айтканда, бул эмнеге кооптуу?

Ivjenko Kg: Силер бул боюнча жазып, анан тинтүү болуп, менин эле эмес, башкалардын да телефондорун алып коюшат. 1,6 жыл мурда. Дело гезити менен Вечерний Бишкек силер үчүн жазып, мага, жактоочума, туугандарыма көө жапкан. Бишкек прокуратурасынын буйрутмасы боюнча. Ошондо он телефонду алышкан. Анан мага аларды калыбына келтирүүгө туура келди. Жакында мени менттер тинтип, баарына мени күнөөлөштү. Бул зыян келтирилген болуп саналат.

Мобилдик телефондон жөнөтүлдү

Виталий Ивженко анда кайдан жүрүп интернетке чыгуу мүмкүнчүлүгү бар экенин журналистке айткысы келген жок.

«Зонанын кызматкерлери жөн гана көз жуумп коюшат»

Соттолуп, камак жайларында жазасын өтөп жаткандардын телефондон сүйлөшүү укугу Кыргызстандын мыйзамдары боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 64-беренесинде каралган. Кылмыштын оордугуна жараша сүйлөшүүнүн узактыгы ар кандай болот, бирок орто эсеп менен камактагылардын көпчүлүгүнө эки айда бир жолу 15 мүнөттөн, жалпысынан жылыга алты жолу телефон аркылуу сүйлөшүүгө уруксат берилет.

Юрист Динара Муканбаеванын айтымында, жазасын өтөп жаткан камактагылардын эч кимиси, анын ичинде өмүр бою абакка кесилгендер да интернетке чыга турган смартфондорду колдонууга акысы жок.

«Буга ошол мекемелердин кызматкерлеринин жардамы менен жол берилет, алар буга көз жуумп, жаап-жашырып коюшат. Соттолгондорго зонанын ичине бардык тыюу салынган буюмдарды алардын адвокаттары жана колония кызматкерлери өткөрүп беришет. Соттолгондор интернетте отурууга акысы жок. Бул мыйзамсыз. Камак жайларында отуруп алып деле алар мыйзам бузганын улантып жатышат», — дейт ал.

Муканбаева өзүнүн көп жылдык юридикалык практикасында мекеменин администрациясы менен камактагылардын, «общактын» ортосундагы «көмүскө келишим» бар экенин байкагын айтты.

«“Общак” — бул кылмыш дүйнөсүндө соттолгондордун тобу, ал жерде иерархия боюнча башчы боло турган “положенец” бар, ал камактагыларды көзөмөлдөп, аларга өз мыйзамын таңуулап, зонадагы тартипке көз салышат. Өз кезегинде камактагылар да касталарга бөлүнөт. Интернети бар телефонду колдонууга “общактагылардын” [кылмыш дүйнөсүнүн иерархиясында жогору тургандардын] гана акысы бар, ал кастадан төмөн жайгашкандар интернетке чыга албаган жөнөкөй телефон гана колдоно алышат», — дейт ал.

Муканбаева айрым соттолгондор «зонанын мыйзамдарын» бузуп, «акырындап» телефондордун жаңы моделдерин колдоно башташканын белгиледи.

«Эгерде муну “общак” же администрация билип калса, телефонду тартып алышат. “Общак” администрацияга салыштырмалуу алда канча катаал. Эрежени бузган киши кармалып калса, ал катуу жазаланат — сабалат, мойнуна акча салынат, ал эми бир нече жолу эреже бузганы үчүн аны “төмөн түшүрүшөт”», — дейт ал.

«Алар ойлоп тапкан нерселердин баарына көз салыш мүмкүн эмес»

Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын (МЖАК) маалыматы боюнча, жыл башынан бери Кыргызстандын түзөтүү мекемелериндеги камактагылардан уюк телефондору үч миңден көп жолу алынган.

МЖАКтын басма сөз кызматынын кызматкери Элеонора Шаршеналиева Kloop.kgге камак жайларында дайыма рейддер болуп, уюк телефондору алынаарын айтып берди.

«Тинтүү иштери дайыма жүрүп турат, бизде пландуу жана пландан тышкаркы текшерүүлөр бар. Тинтүүнүн жыйынтыгында уюктук телефон же сим-карталар эле эмес, ноутбуктар да табылат, [анын баарын] алып өткөн же алып өтүүгө аракет кылган учурлар дайыма болот», — дейт ал.

Шаршеналиева соттолгондор же аларга бир нерсе бергендер буюмдарды түрмөгө алып өтүш үчүн улам жаңы айла-амалдарды ойлоп таап жатышкандыктан, алынып өткөн буюмдарга көз салыш кыйын экенин белгиледи.

«Зонанын аймагына ар кандай алып өтүшөт, кээде дубалдын тышынан ыргытышат. Зоналардын аймагы кыйла кеңири болгондуктан, ага көз салыш абдан кыйын. Адвокаттар жана туугандары аркылуу беришет. Эң кызыктуу окуялар тамак-аш аркылуу бергенде болот, эмнени гана ойлоп табышпайт — нанга да катышат, сүттүн же кефирдин кутусуна, картөшкө менен пиязга да катышат. Биз мүшөктү бүт аңтарып, ар бир пиязды бирден кесип отура албайбыз да. Бир жолу ошентишке да туура келди, анткени картөшкөнүн ичинде бир нерсе алып өткөнгө аракет кылышканын байкап калдык. Ал жерде жалаң эле чөнтөк телефондор эмес, баңгизаттар да, тыюу салынган башка нерселер да бар. Ал тургай тамекинин ичинде да биздин кызматкерлер өткөрүлгөн буюмдарды табышкан», — дейт ал.

МЖАКтын басма сөз кызматынын кызматкери такай текшерүүлөрдүн жана камактагылардын туугандарынын арыздарынын айынан негизги тергөө абагында (СИЗО) рентген аппараты орнотулганын айтып берди.

«Соттолгондорго "жолугушууга" келген адамдарды текшерүү дайыма эле натыйжалуу боло бербейт. Рентген аппаратын колдонууда жакшы таңгакталган баштыктарда да, келгендердин кийимдеринде да алынып өтүп жаткан буюмдарга көз салыш оңоюраак болот», — дейт Элеонора Шаршеналиева.

«Мен акча менен телефонду СИЗО кызматкерине бердим»

№50 СИЗОдо камакта отургандардын бирөөнүн тууганы болгон аял Kloop.kgге кантип зонага телефон алып өткөнүн айтып берди. Каармандын коопсуздугу үчүн анын чыныгы аты өзгөртүлгөн.

«Ал [камактагы адам] башка номерден мага чалып, телефон берип жиберүүнү өтүндү. Жөн гана СИЗОнун кызматкерлеринин биринин атын айтып, байланыштарын көрсөттү, мен болсо ага байланышып, тамак-аш, тамеки, чай жана акча менен (эки миң доллар) кошо телефон да берип жибердим. [Тууганыма] канча акча жеткенин билбейм, бирок мен жөн гана анын айтканын кылдым», — дейт Майя.

Майянын тууганы эки кишини өлтүргөнү үчүн соттолгон, бирок бул ага телефон чалып, акча жана телефон берип жиберүүнү өтүнүшүнө жолтоо болбойт. Андан бир нече жолу байланыш каражатын тартып алышкан — ал ар бир жолу Маяга башка аппараттан чалып, жаңы телефон алып келишин талап кылат. Ал бул үчүн акча издешке туура келет, бирок ал тууганын аягандыктан андан баш тартпайт. «Негизгиси анын аман-эсен экенин билсем болду», — деп эсептейт Майя.

Кыргызстандын кылмыш-түзөтүү системасынын ишин жөнгө салган ченемдик-укуктук актыларга ылайык, уюк телефонун алып жүргөнү жана колдонгону үчүн камактагыларга карата дисциплинардык мүнөздөгү чара көрүлөт. Бирок бул соттолгондордун жекече уюк телефондорун колдонушуна эч кандай таасир этпейт.


Материал орус тилинен которулду, түп нускасы бул жерде.