Эмне үчүн Африкада альбинос адамдарды өлтүрүшөт?

Альбиносторду Африкада өлтүрүп, алардын денелерин жашыруун базарларда сатышат. Мындай адамдарды көчөдө баратканда, же үйлөрүнөн да уурдап кетишет. Альбиносторго карата африкалыктардын мамилесин өзгөртүү үчүн Кенияда альбиностордун алгачкы сулуулар сынагы да өткөрүлгөн.

Африкалык альбиностор ритуалдык өлтүрүүлөрдүн курмандыктарын айланууда — алардын дене мүчөлөрүн «ийгиликтин тумары» катары жашыруун базарларда сатышат. Кения африкалыктардын альбиносторго карата мамилесин өзгөртүү үчүн Адамдардын укуктары күнүндө «Mr & Miss Albinism Kenya 2016» сулуулар сынагын өткөргөн. Уюштуруучулар аталган сынак коомчулуктун альбиностор менен аралашып кетүүсүнө шарт түзүп, ритуалдык курмандыктардын толкунун токтотот деп үмүттөнүшөт.

Бул Африкадагы алгачкы сулуулар сынагы
Бул Африкадагы алгачкы сулуулар сынагы

Сынакка карата даярдыктар сентябрда башталган, кастинг болсо Найробиде 24-сентябрда, сынактын өзү 22-октябрда өткөн. Кениялык альбиностор аябай толкунданышкан. Анткени бул алар үчүн өздөрүн жаңыча башка жактан таланттарын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн.

Африкада альбинизм

Альбинизм көбүнесе африкалыктардын арасында кездешет. Өлкөлөргө карата альбиностордун саны 5 миңден 15 миңге чейинкилердин ичинен бирди түзөт. Африкада 2014-жылдын эсебинен 129 альбинист киши колдуу болуп, 181инин артынан түшүп, же майып кылышкан.

Африкалык альбинос.
Африкалык альбинос.

Түштүк африкалык Норбусо Келенин айтымында, кара терилүүлөр аны түсү ак болгону үчүн кодулашат. Качан бир альбинос бала баратса, улгайган адамдар анын артынан каргап-шилешет. Анын түсү үчүн аны мектепте да, универститетте да артынан түшүп куугунтукташкан.

«Альбиностор тууралуу мифтер менен күрөшүш керек, — дейт Норбусо — Биз менен болгон секс СПИДден айыктырбайт. Мындай жеңил ойлуу болбош керек».

Альбиностор эң көп Малавиде жабыркашат. БУУ жарыялагандай, бул өлкөдөгү альбиностор өлүп жок болуу алдында турат.

Малавинин 17 жаштагы альбинос тургуну Дэвид Флетчер футбол ойногону кетип, үйүнө кайтып келген эмес. Аны төрт киши уурдап кетип, өлтүрүп, колу-бутун кесип салышкан. Баланын колу-буттарын жашыруун базарда сатышып, калган денесин көмүп коюшкан.

Эгер альбинос өз ажалы менен өлсө деле, анын сөөгүн жайынан казып алып, жергиликтүү сыйкырчыга сатып салуу коркунучу бар.

БУУнун альбинизм боюнча серепчиси Икпонвоса Эронун айтымында, Малавинин сот системасы альбиносторду куугунтуктоо жана өлтүрүү үчүн өтө деле катаал жаза колдонбойт. Ал өлкө өкмөтүн альбинисттерди жок кылууга кийлигишип, токтотууга чакырган. Танзания менен Кенияда альбиносторду өлтүргөндөр үчүн өлүм жазасын берүү өкүмү чыгарылган.

Африканын альбиностору дайым физикалык же сексуалдык зомбулукка кабылып калуудан коркуп жашашат.

Адаттан тыш сулуулук

Альбинизмди, өзгөчө африка альбинизмин, актоо аракеттери мода дүйнөсүндө биринчи жолу жасалып жаткан жок.

Мода журналдарынын подиумдарында жана фотосессияларында модель-альбиностор көп пайда боло баштады, алардын айрымдары өтө кымбат турган «супермоделдерге» айланды.

Мода дүйнөсү мындай адамдардын сырткы келбетине толеранттуулук көрсөтүп, дүйнөгө бул — кадыресе кубулуш экенин жана сырткы келбет үчүн адамды куугунтуктоого болбосун айтууга аракеттенүүдө.

Эркек супермодель альбиностордун ичинен америкалык Шона Россту атоого болот.

Ал Нью-Йоркто төрөлгөн. Ага жана анын үй-бүлөсүнө, Африкадагыдай, аңчылыкка чыккан эмес. Бирок өзү өскөн Бронксто ал куугунтуктоого жана кемсинтүүгө кабылган.

Ал актёрдук чеберчиликти жана бийди 16 жашында өздөштүрүп, театр аянтынан мода подиумдарына кетип калган. Шон Росстун подиумда пайда болуусу өзгөчөлөнгөн моделдердин модага кирүүсүнө жол ачкан — альбиносторго, витилигосу барларга (тери пигментациясынын бузулушу) — өзүнүн сырткы келбетинен улам кодулоого кабылгандардын баарына.

Витилигосу бар модель Шантель Винни.

🌪

A photo posted by ♔Don Pablo♔ (@winnieharlow) on

Модель Диандра Форест дагы Нью-Йоркто төрөлгөн. Азыр ал Танзанияда альбиносторду кемсинтүүдөн коргогон уюмда иштейт.

Шон Росстой эле Диандра Нью-Йорктун Бронксунда өскөн. Мектептеги кемсинтүүлөрдөн улам аны альбинист балдар билим алган атайын мекемеге окууга беришкен.

Мода дүйнөсүндө көптү багынткан Диандра өзүн африка альбиносторуна арнаган. Ал Танзаниядагы ACN уюму менен иштейт. Танзанияда, Кения жана Малавидегидей, альбинисттерди ритуалдык өлтүрүү бар.

Альбинизм деген эмне?

Альбинизм — гендик мутация, анда меланин пигменти тубаса жок болот. Натыйжада адам толук же жарым-жартылай денесинин, көзүнүн, чачынын түсү жок төрөлөт.

Альбиностордун көздөрү түссүз, көгүш же кызгылт, териси кубарган түстө, алар блондиндерге кирет. Алардын организминде ультрафиолет нурлардан коргонуучу механизмдери жок, күндө алар күйбөй эле, денелери ачышып, теринин рагына кабылышы мүмкүн.

Альбинос наристе ар бир үй-бүлөдө жарыкка келип калышы мүмкүн, анын өнүгүшүндө башка балдардан артта калып калбайт. Альбиностордун балдары көбүнчө кадимки пигментациясы менен төрөлөт. Альбинизм жер жүзүнүн бардык өлкөлөрүндө кездешет.

Башкы сүрөт: Justin Dingwall