Ирак аскерлери Мосулга жакындап калды

Мосул үчүн салгылаш жети күндөн бери жүрүүдө. Күрт күчтөрү жана антитеррористтик коалициянын колдоосу менен Мосулдун айланасындагы христиан шаарлары бошотулду. Түрк аскерлери салгылашууда өздөрү да катышуусу керектигин айтып келүүдө.

Ирак аскерлери Мосулга өтө жакын жерге келип калышты. Күрт күчтөрү менен антитеррористтик коалициянын колдоосу менен алар Каракош жана Бортелла деп аталган христиан шаарларын бошотушту. ИГИЛ кирип алгандан бери шаарларда эч ким жашабай бош калган болчу.

Ирак армиясынын аскерлери. Сүрөт: Star Tribune
Ирак армиясынын аскерлери. Сүрөт: Star Tribune

ИГИЛдин аскерлери Мосулга чейинки жолго мина төшөп, ирак аскерлерине жанкечтилер тарабынан бир канча кол салуу болгон.

Түтүн пардаларын кылуу үчүн согушкерлер Мосулдун түштүгүндөгү өнөр-жай ишканаларындагы нефть жана май запастарынан сырткары күкүрт запастарын күйгүзүшкөн. Ирак армиясы менен коалициянын аскерлерине коргоочу беткап жана противогаз кийип алып жүрүүгө туура келген. Күйүп жаткан күкүрттү өчүрүү үчүн эки-үч күн керектелет.

Мосулдун үстүндөгү түтүн. Сүрөт: Wall Street Journal
Мосулдун үстүндөгү түтүн. Сүрөт: Wall Street Journal

Жандуу калкан катары ИГИЛ Мосулдагы 550дөй үй-бүлөнү пайдаланууда. Калкты коркутуу үчүн ИГИЛ 284 эркек кишини атып салган.

БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Зейд Раад аль Хусейн ИГИЛ адамдарды жандуу калкан катары пайдалануу эле эмес, эгер чегинишсе аларды өлтүрүп коюшу деле мүмкүн деп эсептейт.

Энеси менен баласы Мосулдан чыгып кетүүгө үлгүргөн. Сүрөт: WCFCourier
Энеси менен баласы Мосулдан чыгып кетүүгө үлгүргөн. Сүрөт: WCFCourier

«ИГИЛдин согушкерлери жергиликтүү калктын бошотулганын көргүсү келбей аларды жок кылып коюу олуттуу коркунучу бар, — дейт аль Хусейн — ИГИЛдин адамдардын жашоосун баалабай турганын билебиз, Ирак өкмөтү адамдарды коргоо үчүн колунан келген бардык нерсени кылышы керек».

ИГИЛ басып алган облуста ирак христиандары, күрт-езиддер, суннит жана шиит мусулмандары отурукташкан болчу. Христиан шаарлары болгон Каракош жана Бортелланын бошотулганын угушуп, Эрбил шаарына көчүп кеткен ирак христиандары майрамдык салтанаттарды өткөрүшкөн.

Ирак христиандары Каракош менен Бортелланын бошотулушун майрамдоодо. Сүрөт: CNN
Ирак христиандары Каракош менен Бортелланын бошотулушун майрамдоодо. Сүрөт: CNN

Ирак армиясынын генерал-лейтенанты Рияд Жалаланын айтмында, бошотулган шаарларда калк кайра кайтып келиши үчүн инфраструктураны оңдоп-түзөө иштери башталмакчы.

Иракты бошотуу аракеттерине түрк аскерлери да катышкысы келет. Болжолдуу 500 аскер Мосулдан алыс эмес Башиг шаарына жайгашкан.

Түркия салгылашта катышууну каалайт, бирок Ирак түрк өкмөтүнүн сунушунан бир нече жолу баш тартып, аскерлерин Башигден алып чыгып кетүүгө чакырган.

Түрк аскерлери Башигге жайгашкан. Сүрөт: Business Insider

«Түрктөр согушка катышкысы келип жатканын билем. Рахмат, эгер керек болуп калса, Ирак жардам сурап кайрылат», — деген Ирактын премьер-министри Хайдер аль Абади.

Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым мындай билдрүүнү провокациялык деп атап, Ирактын өкмөтүн сынга алган. Ал түрк аскерлерин Ирактын аймагынан алып чыгып кетүүдөн баш тарткан. Түрк өкмөтүнө, ошондой эле, Мосул үчүн салгылашта Түркияга каршы турган күрт аскерлеринин да катышуусу жакпай жатат.

Күрт аскерлери «Твиттерде» онлайн-канал ачып алып, Мосул үчүн болгон салгылашты чагылдырып турушат.

Ирак армиясынын генерал-лейтенанты Абдул Вахаб Ас-Саади билдиргендей, Мосул толук колго алынмайынча салгылашуу токтобойт.

Мосулду бошотуу операциясы 17-октябрда башталган. Ирак артиллериясы шаарды 16-октябрь күнү эртең менен аткылай баштаган.

Ирак бийлиги билдиргендей, Мосулдун бошотулушу Ирактагы «Ислам мамлекетин» жеңгендикти билдирет. Шаар ИГИЛдин көзөмөлүндө 2014-жылдан бери турат. Мосул — Ирактагы экинчи чоң шаар жана ИГИЛдин көзөмөлүндөгү акыркы аймак болуп эсептелет.

ИГИЛ — бир канча өлкөдө, анын ичинде Кыргызстанда да, тыюу салынган экстремисттик уюм. «Ислам мамлекети» Ирак жана Сириянын аймагында «халифатты куруу боюнча» иш алып барат. Уюм өз туткундарына жана каршылаштарына карата катаалдыгы менен белгилүү. Алар жалпыга көрсөтүү иретинде өлүм жазасын орундатып, массалык адам өлтүрүүлөрдү ишке ашырышкан.

Башкы сүрөт: Business Insider