Бишкектин ар кайсы райондорундагы электрди бир нече саатка өчүрүү мурда пландаштырылган оңдоо иштери менен байланыштуу.
«Түндүкэлектрдин» басма сөз кызматынын башчысы Гуля Мураталиева Kloop.kgге Бишкектин ар кайсы райондорундагы электр өчүрүү мурда пландаштырылган оңдоо иштеринен улам болуп жатканын билдирди.
«Өчүрүү пландуу иштерге байланыштуу, алардын тизмесин биздин сайттан көрсө болот. Оңдоо өнөктүгү 1-ноябрга чейин улантылат. […] Жанаша же жапырт өчүрүү болгон жок. Бул туташ өчүрүү деген версия чындыкка туура келбейт», — деди ал.
Басма сөз катчысынын айтымында, «Түндүкэлектрдин» сайтында өчүрүү жана пландуу иштер тууралуу маалымат күн сайын жаңыртылууда.
Мураталиева «Түндүкэлектрдин» инженерлери эски жабдууну жаңысы менен алмаштыруу иштерин жүргүзүп жатышканын түшүндүрдү.
Оңдоо иштери жүрүп жаткан учурда электр бир нече саатка — айрым учурларда эртең мененки 9дан кечки 5ке же 6га чейин — өчүрүлүшү мүмкүн.
24-октябрга карата өчүрүүнүн графиги:
Бишкек | ||||
Чыгыш | Аул, Коллективная, Элебесов көч. | 09:00 | 18:00 | СИП ТП № 1980, 3202 колдонуу менен ЛЭП 0,4 кВ монтаждоо |
Абдрахманов көч. | ЛЭП ТП № 5 реконструкциялоо | |||
Горький, Белорусская, Юнусалиев көч. | 09:00 | 12:00 | ТП № 598 оңдоо | |
Батыш | Космическая, Безымянная, Кривоносов көч. | 09:00 | 17:00 | ТП № 2352 оңдоо |
Ленская, Фучик, Кронштадтская, Баялинов, Махатма Ганди көч., Клубный чолок көч. | СИП ТП № 243, 589 колдонуу менен ЛЭП 0,4 кВ монтаждоо |
Чүй облусу | ||||
Аламүдүн | Молдовановка айылы | 09:00 | 17:00 | «Молдовановка» көмөкчордонунун жабдуусун оңдоо |
Сокулук | Сокулук айылы (Свобода, Фрунзе, Новая, Белинский, Мельничная, Совет, Калинин көч.) | 09:00 | 17:00 | «Александровка» көмөкчордонунун ЛЭП 10 кВ оңдоо |
Кант | Кант ш.
(I кичирайон, Октябрдын 50 жылдыгы, Гагарин, Абрикосовая, Парковая көч., Мирный чолок көч.), Кировское айылы (Южная, Зеленая, Суворов, Азизов көч.), Котовское айылы (Котовская көч), Биринчи май айылы (Западная, Совет, Прудовая, Биринчи май көч) |
09:00 | 18:00 | «МИС» көмөкчордонунун жабдуусун оңдоо |
Электрди өчүрүү Бишкекте жана Ошто 19-октябрда катталган. Анда өчүрүү аба ырайынын начарлашы менен түшүндүрүлгөн болчу.