Декабрдан тартып кыргызстандыктар интернет аркылуу 26 мамлекеттик кызматтан пайдаланышат. 2017-жылдын аягына карата алардын саны жүзгө чейин көбөйтүлөт. Маалымат технологиялары боюнча мамлекеттик комитеттегилер бул ыкма кандай иштей турганын айтып беришти.
Өкмөт өлкө мекемелеринин арасында маалымат алмашуу үчүн «Түндүк» электрондук системасын иштеп чыкты. Бул жарандарга интернет аркылуу мамлекеттик кызматтарды пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет.
Маалымат технологиясы жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Таалай Байтереков Kloop.kgге интернет аркылуу жарандарга мамлекеттик кызмат көрсөтүү бюджеттин чыгашасын азайтууга жардам берээрин айтты.
Анын сөзү боюнча, азыр электрондук мамлекеттик кызмат көрсөтүү системасына 26 кызмат көрсөтүп жаткан сегиз министрлик менен мекеме ишке тартылган.
«Мисалы, бажы чегеримдери тууралуу маалымат алмашууну алалы. Эгерде мурда ишкер бажы жыйымын, Бажы кызматына чегеримин төлөй тургандыгы тууралуу дүмүрчөк көтөрүп жүргөн болсо, азыр андай зарылчылык жок болуп калат. Бажы кызматы Казыначылыктан онлайн-режимде эле төлөм тууралуу маалыматты ала берет», — деди ал.
Байтереков азыр мекеме жарандарды электрондук далдаштыруунун — биометрикалык паспорттордун үстүндө иштеп жатканын айтты.
«Ал жакта электрондук-санариптик кол белги сакталат, ал аркылуу [жаран] биздин кызматтарда таанылып, сурам жөнөтө алат», — деди ал.
Анын айтымында, жаранды чөнтөк телефону аркылуу далдаштыруу да каралып жатат.
«Чөнтөк телефон катталганда жарандардын электрондук кол белгиси сим-картага жаздырып, жаранга конвертте пин-код берилип, ал ошол пин-код аркылуу кызматтардан пайдалана алат», — деди ал.
Ал Android жана iOS үчүн колдонмо даяр экенин айтты.
Жарандар үчүн көрсөтүлгөн кызматтын наркы өзгөрбөйт — эгерде кызмат мурда эле бекер болсо, бекер бойдон кала берет, эгерде акы төлөнүп келген болсо, жаран мурдагы прейскурант боюнча эле акы төлөй берсе болот.
Жаран пайдасын көргөн кызматтын акысын банк аркылуу акча которуп же терминал аркылуу төлөй алат.
Коррупциянын коркунучун азайтуу
Байтерековдун айтымында, электрондук кызматтар коррупциянын коркунучун азайтат, анткени жаран менен аткаминердин ортосундагы өз ара мамиле азаят.
Ал жаран аткаминер менен байланышка киргенде коррупция коркунучуна туш болуп, аткаминер кызматты кечиктирип же андан мыйзамсыз баш тартып коюшу мүмкүн экенин айтат.
«Мунун баары онлайн-режимде катталып, байкалып турат. Өзүнүн кызматтык милдеттери үчүн кандайдыр сый акы суроо кыйын болуп калат», — деди ал.
Электрондук мамлекеттик кызматтарды ишке киргизүүнүн экинчи баскычында жаран менен электрондук маалымат базасынын өз ара мамилесине мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин катышуусун жокко чыгаруу каралууда.
Байтереков бара-бара 373 мамлекеттик кызматтын баарын электрондук форматка өткөрүү, 2017-жылдын аягына чейин электрондук кызматтардын санын жүзгө чейин көбөйтүү пландалып жатканын айтты.
Анын сөзү боюнча, бардык кызматтарды электрондук форматка өткөрүш үчүн министрликтер менен мекемелердин ишин автоматташтыруу зарыл.